Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Зеленский Москва менен сүйлөшүүнү улантуу зарыл экенин айтты


Владимир Зеленский Буча шаарында. 3-апрель, 2022-жыл
Владимир Зеленский Буча шаарында. 3-апрель, 2022-жыл

Украинанын президенти Владимир Зеленский Бучадагы трагедиядан кийин канчалык оор болбосун, согушту токтотуу үчүн Москва менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын белгиледи. Шейшембиде жергиликтүү кабарчыларга маегинде президент Бучада болгон окуяны “чоң трагедия” жана “геноцид” деп атап, согуш кылмышкерлери жоопко тартыларына убада берди.

Зеленский муну менен катар Украина тынчтык келишимине кол коюлган күнү да, Москванын кепилдиктерине ишенбесин, Орусия “эки жылдан кийин кайрадан кайтып келиши мүмкүн экенин” билдирди.

Президенттин айтымында, өлкө НАТОго кирмек, бирок альянс ага даяр эмес болуп чыкты. Анын үстүнө Украинанын коопсуздугун кепилдей турган мамлекеттердин тизмеси жок.

Буга чейин мамлекет башчы Украина Орусия менен сүйлөшүүдө аймактык бүтүндүгүн жактарын айтып келген.

Украин бийлигинин маалыматына ылайык, Киевдин четиндеги Буча шаарчасы орус аскерлеринен бошотулгандан кийин жай тургундардын сөөктөрү табылган.

Орусия бийлиги айыптоолорду четке кагып, Бучадагы кылмыштары тууралуу маалыматтарды Москваны каралоону көздөгөн “чагым” деп сыпатташты. Алар аскерлер Бучадан 30-мартта чыгарылганын айтышууда.

Maxar Technologies фирмасынын спутниктен марттын ортосунда тартылган сүрөттөрдө шаардын көчөлөрүндө жаткан сөөктөр көрүнүп турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG