Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Таласта Апрель революциясынын себеби талкууланды


Апрель окуясынын баатырларына арналып жасалган эстелик. Талас шаары.
Апрель окуясынын баатырларына арналып жасалган эстелик. Талас шаары.

Бүгүн, 5-апрелде Таласта "Апрель Элдик революциясы: себептери, сабактары жана тарыхый мааниси" аттуу илимий-практикалык жыйын өтүп жатат. Ага ыңкылаптын катышуучулары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Анда жогорку жана орто окуу жайлардын мугалимдери революциянын себептери жана тарыхий мааниси тууралуу илимий докладдарды окушту.

Иш-чаранын соңунда Апрель революциясы тууралуу так маалыматтарды окуу жайлардын программасына киргизүү боюнча резолюция кабыл алынат.

Иш-чараны шаардык мэрия менен Талас мамлекеттик университети уюштурган.

2010-жылдын 6-апрелинде элдик толкундоолор алгач Нарын шаарында, кийин Таласта башталып, Бишкекте уланган.

Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.(MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG