Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Жапаров: Кыргыз алтынын дүйнөгө сатууга мүмкүнчүлүк алабыз


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Кумтөр алтын кени боюнча юридикалык маселелердин бардыгы апрель-май айларында жөнгө салынып, кыргыз алтынын дүйнөгө сатууга жол ачылат.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттык" радиосуна курган маегинде билдирди. Анын айтымында, бул үчүн саясий маселелер аягына чыгышы керек.

"Апрель-май айынын ичинде юридикалык маселелердин баары жөнгө салынышы абзел. Алтынды эл аралык биржаларга сата турган LBMA деген белги болот. Аны дагы толугу менен чечкенбиз. Азыр саясий маселелер бүткөндөн кийин алтынды дүйнөнүн кайсы бурчуна болбосун сатканга мүмкүнчүлүк алабыз, чектөөлөрдүн баары алынат. Бүгүн бири-бирибизге болгон доолордун баарын алмай болдук", - деди Жапаров.

Өкмөт башчы “Көчмөндөр мурасы” аттуу холдингге онго жакын кен киргизилип, 7-10 млрд. доллардык компания менен эл аралык рынокто инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын кошумчалады.

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) "Кыргызалтын" ишканасынын алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын 2021-жылы 17-сентябрдан тарта токтоткон.

Ушул күндөн тарта "Кыргызалтын" акционердик коому товар менен камсыздоо программасынын талаптарын аткарбаганы үчүн тизмеден өчүрүлгөнү, заводдун бардык товары ишенимдүү деп саналбай турганы айтылган.

Маалыматка ылайык, LBMA былтыр жайында алтын аффинаждоочу "заводдогу алдамчылыкка шек саноодон" улам текшерүү баштаган.

Анын жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандагы мамлекетке караштуу заводдун ишенимдүү алтын өндүрүүчүлөрдүн катарындагы Good delivery статусу токтотулган.

Бул аккредитациянын токтотулушу "Кыргызалтын" ишканасына таандык Кара-Балтадагы алтын аффинаждоочу заводдо иштелип чыккан алтын куймаларын дүйнөдөгү Good delivery макамы менен таанылган базарларга сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.

Кыргызстандын алтынды экспорт кылган Батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгат.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелдин кечинде кайрылуу жасап, “Центерра Голд” компаниясы менен доо-арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган.

Мамлекет башчы мындан ары "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 100% акциясы Кыргызстанга таандык экенин айткан. 2022-жылы Кыргызстандын бийлиги Кумтөр алтын кенинен 500 млн. доллар киреше алууну пландап жатканын кошумчалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG