Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Кыргыз Эл акыны Омор Султановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү (видео)


Омор Султановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 5-апрель, 2022
Омор Султановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 5-апрель, 2022

Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Эл акыны, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов менен коштошуу зыйнаты өттү.

Акынды узатууга келип сүйлөгөн мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов президент Садыр Жапаровдун атынан көңүл айтты.

Маркумду жайга өзү жазган "Ак булуттар" ыры менен узатышты.

Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган. Ал 3-апрелде 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.


Акын ХХ кылымдын соңундагы кыргыз поэзиясындагы жаңы агымдын өкүлү болгон. Кыргызстан Жазуучулар биримдигинин төрагасы, "Жаңы Ала-Тоо" журналын негиздегендердин бири.

"Тоо күндөрү", "Жылдыздуу түндөр", "Отузунчу станция", "Аэропанорама", "Чарчоонун жүзүнчү ыры" жана башка ондогон ыр жыйнактарынын, "Улуу дайра", "Мухитке жол" жана башка очерк, аңгеме, повест жыйнактарынын автору болгон.

1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, эмгек жолун "Ала-Тоо" журналынан баштаган. Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы, Эл аралык Ысык-Көлдү коргоо фондунун президенти, Кыргызстандын чет өлкөлөр менен байланыш союзунун вице-президенти, Москвадагы Эл аралык Жазуучулар союзунун теңтөрагасы, Кыргыз улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген.

Омор Султанов Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасын, "Манас" эпосунун миң жыл" медалын алган. Эл аралык "Руханият" сыйлыгынын ээси, "Манас" ордени жана башка бир катар сыйлыктардын ээси болгон.

Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG