Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Евробиримдик орус дипломаттарын чыгарат


Орусиянын Берлиндеги элчилиги.
Орусиянын Берлиндеги элчилиги.

Германия Берлиндеги Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн 40 кызматкерин “персона нон грата” деп атады. Алардын бардыгы Германиянын аймагынан чыгып кетиши керек.

Бул өлкөнүн тышкы иштер министри Анналена Бербок мындай чечимди түшүндүрүп жатып, дипломаттар “ар күн сайын эркиндикке жана коомдун биримдигине каршы иштегенин” билдирди.

Ал Бучанын көчөлөрүндө жаткан сөөктөрдүн сүрөтү орус жетекчилигинин украиналыктарга карата болуп көрбөгөндөй мыкаачылыгы экенин белгилеген.

ТИМдин башчысы Москвага карата санкцияларды күчөтүүнү жана украин армиясына колдоону көбөйтүү менен НАТОнун чыгышка карай бекемдөө үстүндө иштей турганын убада кылган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Германиянын бул аракети жоопсуз калбай турганын айткан. Германияда жалпысанан 104 дипломат каттоодон өткөн.

Орус дипломаттарын өз өлкөсүнөн чыгаруу чечимин Франция дагы кабыл алган. Жергиликтүү маалымат каражаттары өлкөдөн 30 дипломат чыгып кетиши керектигин жазышты. Орусиянын ТИМи Париждин аракетине карата жооп боло турганын билдирди.

4-апрелде Литва жана Латвия дагы орус элчисин өлкөдөн чыгарууну чечкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG