Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Апрель окуясынын жетишкендиги менен кемчилиги талкууланат


Таластагы 7-апрель курмандыктарына коюлган эстелик.
Таластагы 7-апрель курмандыктарына коюлган эстелик.

Бүгүн, 5-апрелде Бишкекте Апрель окуясынын жетишкендиктери менен кемчиликтери тегерек үстөлдө талкуулат. Аны Бириккен деомократиялык кыймылы уюштурууда.

2010-жылы 6-7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы чыккан элге ок атылып, 90дой демонстрант каза болгон. Бакиев бийликтен кулап, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен.

7-апрелди 2010-жылдагы Апрель окуясынын курмандыктарын эскерүүнүн урматына дем алыш күн деп жарыялоо тууралуу мыйзамга ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылы кол койгон.

Өлкөнү 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев бир нече айып боюнча 2019-жылдан бери камакта отурат.

2021-жылдын 24-декабрында өкмөттүн кеңешмесинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу 23-февралдын, 7-апрелдин жана 8-ноябрдын макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюу маселеси каралып жатканын билдирген.

Таласта Апрель революциясынын катышуучулары "7-Апрель - Элдик революция күнү" макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбооруна каршы чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG