Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Милиция сүннөтөн кийин чарчап калган баланын өлүмүн иликтөөдө


Бишкектин Октябрь райондук милициясы сүннөткө отургузгандан кийин чарчап калган жети жаштагы баланын өлүмүн иликтеп жатат.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жети жаштагы бала Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда наркоз (жалпы эмес) менен сүннөткө отургузулган.

Кийин Платтер синдрому, жарааттан кан кетүү диагнозу менен балдардын 3-ооруканасына түшүп, эсине келбей үзүлгөн. Милиция бул фактыны каттоого алып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Иликтеп-териштирүү иштери уланууда.

Саламаттык сактоо министрлиги окуя боюнча комментарий бере элек.

Сүннөткө отургузгандан кийин абалы начарлап, каза болуп калган учурлар буга чейин дагы катталган. 2019-жылы Ысык-Көл районунда сүннөткө отургузуу маалында үч жашар бала чарчап калган. Анда дагы балага наркоз бергенден кийин эсине келген эмес.

XS
SM
MD
LG