Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:11

Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу 152 киши соттолду


Казкстан, 13-февраль 2022-жыл
Казкстан, 13-февраль 2022-жыл

Казакстанда январь окуяларынан кийин козголгон иштер боюнча 152 киши соттолуп, алардын 17си эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 4-апрелдеги брифингде Башкы прокуратуранын өкүлү Элдос Кылымжанов билдирди. Анда “курал-жаракты уурдоо, сактоо өңдүү оор кылмыштарды жасагандар, буга чейин соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп бүтө электер” кесилди.

Кылымжановдун айтымында, жалпы 262 иш козголгон. Алардын ичинен 44 "террордук аракет", 47 "массалык баш аламандык" боюнча иштер. Азыр 733 киши кармоочу жайларда отурат. Андан тышкары тартип коргоочулардын аракет көрбөгөнүнө байланыштуу 9 иш козголгон.

Брифингде Жамбыл облусунун мурдагы полиция башчысы жана Алматы аэропортундагы полиция бөлүмүнүн жетекчиси кармалганы айтылды. Ошондой эле кызматын өтөп жаткан учурда каза тапкан 19 офицердин өлүмүнүн жагдайы аныкталды.

"Азаттыктын" казак кызматы жазганына караганда, бийлик 14-марттан бери кыйноолорго, тергөөдөгү мыйзамсыз аракеттерге байланыштуу арыздардын саны тууралуу маалымат бере элек. Ошондо 234 иш тергелип жатканы айтылган.

Январдын башында кошуна өлкөдө суюлтулган газдын кымбатташына каршы нааразылык акциялар массалык тополоңго алып келип, кан төгүү менен коштолгон. Бийлик кеминде 230 кишинин каза тапканын билдирген. Дагы 8 киши кармалгандан кийин изолятордо көз жумган. Миңдеген киши терроризмге, жапырт тополоң, курал-жаракты уурдоого шектелип кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG