“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында эки кылмыш иши тергелип жатат.
Бул тууралуу 5-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында маалымдалды.
Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Имановдун баяндамасынын алдында президенттин өкүлчүлүгү жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чараларына байланыштуу маселени жабык эшик артында талкуулоону сунуштаганы айтылды.
Аталган комитеттин төрагасы Бактыбек Сыдыков эки кылмыш иши жүрүп жатканын билдирди. Бирок анын чоо-жайы тууралуу толук маалымат берилген жок. Жыйынтыгында депутаттар маселени жабык эшик артында талкуулоо үчүн добуш берди.
“Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылдын февраль айында башталган. Март айынан тарта алгачкы мыйзам бузуулар катталып, айып жазыла баштаган. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 110 аппараттык комплекси орнотулган биринчи этапты орусиялык "Вега" концерни ишке ашырган.
2019-жылдагы тендердин жыйынтыгы боюнча экинчи этаптын аткаруучусу болуп кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co Ltd. компаниясы тандалган. Бул ишкана 17 шаарда жана 73 калктуу конуштарында 306 камера орнотушу керек болчу.