Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Зеленский БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусияга көбүрөөк санкция салууга чакырат


Буча шаары. 5-апрель 2022-жыл
Буча шаары. 5-апрель 2022-жыл

Украина президенти Владимир Зеленский 5-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөндө "Орусияга көбүрөөк санкция салууга үндөйт" деп күтүлүүдө.

Алдынкы күнү Зеленский Киевдин четиндеги Буча шаарчасына барган. Украин бийлигинин маалыматына ылайык, ал жерде орус аскерлери чегингенден кийин ондогон карапайым кишинин сөөгү табылып, айрымдарынын колдору артынан байланган абалда болгон. Президент жай тургундарды өлтүрүүнү “согуш кылмышы” жана “геноцид” деп атады.

Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Зеленский Москва менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн дагы деле жактаарын айтты.

Шаардын көчөлөрүндө, короолордо жаткан сөөктөрдүн сүрөттөрү чыккандан кийин эл аралык коомчулуктун Орусиянын дарегине айтылган айыптоолор күчөдү.

АКШ президенти Жо Байден орус мамлекет башчысы Владимир Путин согуш кылмыштары үчүн соттолууга тийиш деп айтты.

Германия жана Франция орусиялык ондогон дипломатты тыңчылык кылган деп чыгарып жиберди. Евробиримдик Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү караштырууда.

Орусия бийлиги айыптоолорду четке кагып, Кремлдин бир нече жогорку өкүлү орус аскерлеринин Бучадагы кылмыштары тууралуу маалыматтарды "Москваны каралоону көздөгөн чагым” деп сыпатташты. Алар аскерлер Бучадан 30-мартта чыгарылганын айтышууда.

Бирок Maxar Technologies фирмасынын спутниктен марттын ортосунда тартылган сүрөттөрдө Бучанын көчөлөрүндө жаткан сөөктөр көрүнүп турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG