Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

"Парламент" радиосу карыздан улам бир жылдан бери иштебей турат


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн чагылдырган "Парламент ФМ" радиосу карыздан улам дээрлик бир жылдан бери иштебей турат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Эркинбек Каимов тармактык комитеттин жыйынында билдирди.

“2021-жылдын 15-июлунан тартып эфир токтотулган. Биздин радио Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесине (РПО РМТР) жана Мамлекеттик байланыш агенттигине 203 миң сом карызыбыз бар. Үч кызматкер иштеп жатабыз. Эгер карызды төлөсөк, эфирди улантууга даярбыз”,-деди Эркинбек Каимов.

Комитет мүчөлөрү отурумда радионун карызына каражат бөлүү зарылдыгын айтып, бирок толук маалымат берилген соң гана маселени кайра карай турган болду.

2007-жылы негизделген радионун техникалык жабдууларын алууга Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) колдоо көрсөткөн. Радио 2011-жылдан тартып Кыргызстандын бардык аймактарында жеткиликтүү.

Мындан сырткары "Пирамида" медиахолдингин парламенттик телеканалга айландыруу сунушталууда.

“Алыскы аймактарда парламенттин отурумдарын көрбөй калып жаткандарын айтып кайрылгандар бар. Бул каналды биротоло парламенттик кылып өткөрүп алууга мүмкүн болсо жакшы болмок”,-деди депутат Бакытбек Сыдыков.

Эркинбек Каимов бул үчүн парламенттин токтому жана кошумча бюджет да каралышы керектигин айтты.

“Пирамида” телеканалына парламенттин пленардык жыйындарын түз алып көрсөтүү үчүн жылына 10 млн сомдун тегерегинде бөлүнүп турат. Бирок коронавируска байланыштуу парламенттин иш башкармалыгы 2020-жылы болгону 4 млн. сом бөлүп берген. Кийинки жылы каражат каралган эмес.

Аталган телеканалда 70 киши эмгектенет. Соңку үч айдан бери мамлекетке тиешелүү бул каналдын кызматкерлери айлык албай жүргөнүн айтып чыгышкан.

2010-жылдагы Апрель окуяларынан кийин телеканал улутташтырылып, 2016-жылдан бери парламенттин, башка мамлекеттик органдардын ишин чагылдырып келген.

Учурда төрт мамлекеттик телерадиоканал бар - КТРК, ЭлТР, "Пирамида", "Бешинчи канал". Аларда жүздөгөн адам эмгектенет. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мамлекеттик телеканалдарды менчикке өткөрүү маселеси көтөрүп келишет. (KS)

XS
SM
MD
LG