Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Мамлекеттик телеканалдардын жетекчилиги айлык маселеси чечилип жатканын билдирди


 "Бешинчи канал".
"Бешинчи канал".

Мамлекеттик "Пирамида" жана "Бешинчи канал" телеканалдарынын кызматкерлери социалдык тармактарга үч айдан бери айлык албай иштеп жатканын жазып, Министрлер кабинетине кайрылышты.

Бул маселе боюнча "Бешинчи каналдын" жетекчиси Алтынбек Бектуров "Азаттык" радиосуна комментарий берип, маселе чечилип жатканын билдирди.

"Каржы маселеси өз процедурасы менен кетип жатат. Мыйзам чегинде. Буюрса, жакынкы убакытта бул маселе чечилет деген ишеничтебиз. Кайдыгер карап, сыртын салган эч ким жок. Маселе Министрлер кабинетинин көзөмөлүндө турат. Эмгек жамаатка аванс берилип жатат", - деди Бектуров.

Ал эми "Пирамида" телеканалынын жетекчиси Дооронбек Адаханов кийинчерээк маалымат берерин билдирди. Мурдараак Kaktus.media басылмасына маселе чечилип жатканын билдирген.

Учурда төрт мамлекеттик телерадиоканал бар - КТРК, ЭлТР, "Пирамида", "Бешинчи канал". Аларда жүздөгөн адам эмгектенет. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мамлекеттик телеканалдарды менчикке өткөрүү маселеси көтөрүп келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG