Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:30

Жапаров: Быйыл Кумтөрдөн 500 млн доллар киреше табууну көздөп жатабыз


Кумтөрдүн алтыны.
Кумтөрдүн алтыны.

Кыргызстан быйыл Кумтөр алтын кенинен 500 миллион доллар киреше табууну көздөп жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-мартта Чүйдө лифт чыгаруучу алгачкы кыргызстандык ишкананын ачылышында сүйлөп жатып айтты.

Жапаров Кумтөр кыргыз экономикасынын кыймылдаткычы болуп жатканын, анын алтыны элге таандык экенин белгилеп, ишкерлерди колдоо үчүн жеңилдетилген шартта насыя берүүгө мүмкүнчүлүк бардыгын билдирди:

"Биз Кумтөрдү алганда анын эсебинде болгону 48 миң доллар бар болчу. Жыл аягында таза киреше 220 миллион доллар болду. Быйыл киреше 500 миллион доллар болот деп күтүп жатабыз. Алтындын бир унциясынын баасы 1829-2000 доллар болууда".

Өндүрүш кубаттуулугу бир жылда 500 даана жабдык чыгарууга эсептелген SKY Industrial ишканасы Бишкектеги лифттерди мамлекеттик-жеке кызматташтык негизинде жогорку технологиялык жаңы форматка өткөрүүгө да даяр экенин билдирүүдө.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Быйыл 3-январда “Центерра” кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги шарттарын жарыялаган, кыргыз тарап ага азырынча жооп бере элек. 2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган учурда "Центерра" менен сүйлөшүүдө жакшы жылыштар бар экенин билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG