Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:06

Жапаров Кумтөрдү Кыргызстан өзү иштетип кеткени чоң ишенич жаратканын айтты


Бишкекте өткөн Нооруз майрамына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Бишкекте өткөн Нооруз майрамына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Кумтөр алтын кенин өз алдынча иштетип кете алганы Кыргызстанга чоң ишенич жаратканын бүгүн, 21-мартта Бишкектин Ала-Тоо аянтында Ноорузга арналган майрамдык иш-чарада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, экономика жаатындагы жетишкендиктер тууралуу айтты. Кумтөр алтын кени Кыргызстандын башкаруусуна өткөнүн былтыркы жылдын тарыхый окуясы жана элдин жеңиши деп атады:

"Тышкы башкаруу киргизилгенде эсебинде болгону 48 миң доллар болсо, жылдын аягында 220 миллион доллар таза киреше менен чыкты. Алтын мындан ары толугу менен кыргыз элине өттү. Алтындын азыркы далилденген запасы 200 тонна, адистер 200-300 тонна бар деп айтып жатышат".

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Быйыл 3-январда “Центерра” кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги шарттарын жарыялаган, кыргыз тарап ага азырынча жооп бере элек. 2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган учурда "Центерра" менен сүйлөшүүдө жакшы жылыштар бар экенин билдирген. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG