Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:49

Дэвид Бекхэм 71 млн. окурманы бар "Инстаграмын" украиналык дарыгерге берди


Дэвид Бекхэм.
Дэвид Бекхэм.

Англиянын футбол боюнча курама командасынын мурдагы мүчөсү Дэвид Бекхэм “Инстаграмдагы” расмий баракчасын украиналык дарыгерге бергенин 20-мартта жарыялады.

Балдар дарыгери Ирина Кондратова футболчунун баракчасындагы сторис аркылуу өзү жетектеген Харьков шаарынын перинаталдык борборунан сүрөт жана видеолорду жарыялай баштады.

Бекхэмдин “Инстаграм” баракчасында 71 миллиондон ашуун окурманы бар. Мындан тышкары ал 56 миллион окурманы бар “Фейсбук” баракчасын да украиналык дарыгерлер пайдаланышса болорун билдирди.

Мындай кадамын белгилүү спортчу украиналык кош бойлуу аялдарга көз жарып алууга жардам көрсөткөн дарыгерлер согуш учурунда канчалык оор шартта иштөөгө мажбур болуп жатканын элге жеткирүү ниети менен түшүндүрдү.

Балдар анестезиологу Ирина Кондратованын айтымында, кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдар оорукананын жертөлөсүнө көчүрүлгөн. Ал эми атайын аппаратта жаткан ымыркайларды көчүрүү техникалык жактан мүмкүн эмес. Дарыгерлер алардын өмүрү үчүн күн-түн дебей алышып, кооптуу шартта иштеп жатканын эми миллиондогон адам көрүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG