Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:14

Кудайдын отун уурдаган алп


Грек мифологиясындагы Прометейдин образын дүйнөдөгү бир катар сүрөтчүлөр тарткан.
Грек мифологиясындагы Прометейдин образын дүйнөдөгү бир катар сүрөтчүлөр тарткан.

Прометей сууктан азап чеккен айры бут пенде балдарына кудайлардын отун уурдап келген. Ал үчүн Зевстин каарына калып, аскага кадалган, адам чыдагыс азаптарга туш келген. Бул ирет кыргыз аңгемесинин классиги Аман Саспаевдин “Прометей жана Зевс” аңгемеси тууралуу кеп кылабыз.

Аксарай турмушу

Прометей деле башкаларчылап көк асманда кайгы-капаны билбей кылымдап тынч жашай берсе болмок. Каалаганы даяр, оюн десе оюн, зоок десе зоок, жыргап гана күн өткөрмөй. Бирок эриккенде кудайлар да жерге түшүп эки аяктуу пенделерин көрүп, айрымдары ала жипти аттап ийчү жорукка ээ эле.

Прометей ошондой айкөл кудай менен пенденин ортосунан жаралган жапакеч жан болчу. Же каны тарттыбы же боорукердик сезими жеңип кеттиби, айтор, ал суукка кайыгып отурган бечараларга от алып келип берүүнү чечиши, билип туруп эле оор жазага кабыларын туюп ушул ишке барышы ушу азырга чейин талаштан башы чыкпай келатат.

"Бейтааныш аялдын каты"
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:04 0:00

Эчен кылым түйүнү чечилбей келаткан талаштын чоо-жайына Аман Саспаев да токтолгон, «иштин жай мааниси төмөнкүдөй го» деген бүтүмгө келген.

Прометейдин шакирти Опометей колунан көөрү төгүлгөн уста, убакты-саатынын баарын ишке жумшаган, чарчадым-чаалыктым дегенди билбеген мээнеткеч жан. Анын колунан чыккан жел кеме сууга түшүрүлдү. Толкундарды аралап шамалдын ыгына көнүп сүзүп бараткан кемеден өткөн кооз нерсе жок, көк деңизде калкыган жыгач кеме.

Прометей адамды «табият сыймыгы» деп атаган. Ошол сыймык өз колу менен кереметти жаратып, деңизде ээн-эркин сүзүп жүрөт. Кубанбай турган ишпи?! Прометей адамдын жаралышы табияттын эң улуу табылгасы деп эсептечү. Грек жомокчуларынын ырасташынча, алгач бу дүйнө чакчелекей, ыраатка салынбаган бейжай нерсе болчу. Башаламандык акыры ыраатка түшүп жер жаралып, аны суу менен аба коштоп жашоо-тирдик арабасы айлана баштаган.

Жер бетиндеги турмуш кудайлардын кудайы Зевстин эркине баш ийип, ошол жактырган жол менен өтүп жаткан. Бул ирет Олимп тоосундагы алтын сарайда Зевс жыйын куруп, жер балдарына кандай белек ыроолосок болот суроосун ортого таштаган кези эле. Сулуулуктун кудайы Афродитадан көзүн айырбай Зевс Гефест жасаган сулуу бийкечти адамдарга берүү сунушун алдыга жайды.

Сулуулукка азгырылган пенде балдары чырайлуу бийкеч үчүн жанын берүүгө даяр болуп, ортодон уруш чыгара турганы анык эмеспи. Антпесе жер балдары кудайларды унутуп мармар таштан келишкен аксарайларды салып, жыгач кемелерди сууга түшүрүп, басса-турса кудайга жалынып, ага атап курмандык чалууларын азайтып баратканын айтты. Зевске ким каш кайтарат? Жалгыз гана согуш кудайы Арес сулуу кызды адамдарга берүүнүн кандай кажаты бардыгын сурап, мемиреген тынчтыкты бузду. Ал билип жатат, согуш адамдардын бирин-бири жок кылуусуна, жасаган эткендеринин тыптыйпыл кыйрашына алып келет, азап-тозоктон башка эч нерсеси жок азезил экенин Арес жакшы билет. Уруштун башталышы оңой, токтошу кыйын.

Азгырык сулуу

Прометей менен Афинанын каршы чыкканына карабай Зевс жыйынды бүтүрүүгө шашты. Сөз узара берсе кудайлар шек санай беришет. Андайдын Зевске кереги жок, талаш улана электе басып, адамдарды кыңк эттирбей, кудайды эстегенде титиреп, басса-турса жалынып, башын ийип, тиленип турушу керек. Ансыз адам кудайын тааныбай калат. Зевске ким каршы чыгат, баары мостоюп отуруп калышты.

«Зевс акыры кеңештин аякталганын жарыялады. Афина менен Арес кошоктоло үнсүз чыгып бара жатты. Адаттагыдай Аполлон кифарасын чертип, Музалар ырдап, перилер бий бийлеп, кудайлардын көңүлүн ачышпады. Андай болгондон кийин ишке тез киришүү зарыл экени билинип турду. Колунан көөр төгүлгөн зергер кудай Гефес тапшырма боюнча аз убакыт ичинде эле, аял тулкусун жасап үлгүрдү. Зевстин буйругу менен ага жан салынды. Колдон жасалган аял алды менен Афродитага келтирилди. Афродита ага татынакай нары сүйкүмдүү өң берди. Анан көпкө карай турду да бийкечтин көзүнө адамдарды эриксиз багындырган куштарлыктын сыйкырынан мөлт тамызып койду. Афродита аны алыстан, жакындан карай дагы эмнедир бирдеме жетпей жатканын билди.

– Бери кара, – деди Афродита бийкечке. –Жылмайчы, жо-жо-ок, анчалык эмес саал гана... Башыңды да, сүйкүм менен, ии, мына ушундай карай турган бол! Саал мыйыгынан жылмайган, татынакай бийкеч Афинага келди.

– Жый, оозунду! – деди Афина өңүн суутуп. – Маа аныңдын кереги жок. Андан көрө мына буларды билип ал... Афина ага сайма саюу, кийим тигүү, үй күтүү, тамак жасоо өнөрүн үйрөттү».

Барган жеринде чатак чыгарчу Пандора ошентип жасалды. Аны алтынга ороп, жарашыктуу кийинтип жерге жеткиришти. Айрым кошоматчылар бу сулуу керек болсо Прометейдин көзүн жазгырат деп өрөпкүп турушту. Сырты сулуу, ичи муз кудайлардын «белегин» Прометей карап туруп үйүнө кирип кетти. Жер балдарында мындай сулуу жок эле. Аны көргөндө айры бут пенде балдары кантер экен? Гефестин колунан чыккан сулуу бийкечти көрүп Эпитемейдин эси ооп кала жаздады, оо, жараткан ушундай да сулуу болорбу? Акылдуу деген кудайларын минтип атса бечара пенделериң кантер экен? Кудай сактай көр!

Кумура

Прометей инисинин кыйды сулуунун колуна түшүп калганын элдин эң арты болуп укту. Бийкеч көтөрө келген кумураны ачпашын, анда адамдарга азап алып келчү балакет бардыгын эскертти. Сүйүүгө мас Эпиметейден Пандора баары бир Прометейди нааразы кылган кептин чоо-жайын укту.

«– Бери кел, – деди Пандора Эпиметейди ымдап чакырып. – Мында эч нерсе жок экенин өз көзүң менен көр. Мынакей...

Ал кумуранын тыгынын ачып жиберди. Бир карамакка эч нерсе жок өңдүү көрүнгөнү менен андан жалындын илеби өңдүү бирдеме мунарыктап чыгып, абага сиңип жатты. Абага таралган бул мунарыктан соко кармаган дыйкандар, кеме куруп жаткан чеберлер, малчылар, кала берсе таш бетине тамга түшүрүп, жазуу чийүүнү жүргүзүп жаткан Опометей да дем алып жатты. Ошол эле замат адамдарда ич тарлык, күмөн, көрө албастык, жек көрүү, кара ниеттик өңдүү жаңы касиеттер пайда болду. Бул өзгөрүү кыска мөөнөт ичинде болуп өттү. Бирок, анын табигыйлыгы шончо, адамдар өздөрүнүн мүнөздөрүндөгү өзгөрүүлөрүн мүлдө сезишкен жок. Пандора кумуранын оозун ачкан соң, эшикке чыгып бейтааныш адамдардын тиричилигин көргүсү келди. Жакшылап кийинди. Ал кантсе да кудайлардын салтанаттуу, таза турмушун көрдү да. Эпиметей аялынын ар бир кыймылын бакылап карап отурду».

Ээленген аялы эшикке чыгарын айтып, кийине баштады. Адамдар чогулган жерде сулуу аял атайын кылыктанып, айрымдарга көз атып, аңырайып карап калгандарга кызганычтын урөнүн аянбай сээп баратты. Башталды. Көктөн болсо анын амал-аргасын Зевс кызыгуу менен карап турду. Иш менен, бири экинчисине сый караган адамдар ортосунда нааразылык, кызганыч, заар пайда болуп, бирин бири өмгөктөмөй, кырдуусунмай башталды. Пандора чатагы абага тарап кеткен. Жерде Прометейдин шакирти Опометей менен Пандоранын күйөөсү Эпиметей мушташып жаткан. Ушунусу аябай кызык көрүндү.

Ал арада Прометей Зевстен өчүн алды. Эки замбилге бир өгүздүн этин экиге бөлүп жүктөтүп келип, мунун кайсынысын курмандыкка чалууга болорун сурады. Зевс майлуу этти тандаса анысы сөөк болуп чыкты. Мындай кордоону Зевс көтөрө алмак эмес, ал эч кимди жанына жолотпой ээн калууну каалады.

Кудайлардын кудайына жасаган шакабасы үчүн Прометей эртеси адам барбас аскага таңылды. Күн сайын зор бүркүт учуп келип анын боорун чокуп кетет. Зевс Прометейди кантип жазалаганы тууралуу кабар адамдарга бат эле тарады. Ага Опометей өзгөчө күйүп-бышып, анысын бийик аска бооруна сүрөт кылып чекти. Бүркүттү, Прометейди, Зевсти, чынжырды – баарын келиштире тартты. Пенде баласынын кудайдын эркине каршы чыгышын көргөн Зевс Опометейди өлтүрүп коёр жеринен Эпиметей сактап калды. Сүрөттү Зевс да көрдү, Опометейге Эпитемей жардам кылып жаткан экен. Зевстин каары айланып, мынабу жер үстүндө кыбыраган кумурскадай көп жандыкты – адамдарды түгөл кырып, жерди топон сууга каптатып ийгиси келди. Баарынан да аны Опометей менен Эпиметейдин кобур кеби таң калтырды.

«Эч нерседен кабарсыз Эпиметей сөз баштады:

– Бул сүрөтүңдү Зевс көрсө... сазайыңды колмо-кол берет да!

Опометей бырс күлдү:

– Зевсти ар бир адам мына ушундай элестетет. А мен аны ташка чегип койдум...

– Зевс мындай түрү суук акмак эмес, – деди Эпиметей, жыйган-терген акылын ишке салып.– Акмак болсо, бүткүл ааламдын кудайы болмок беле?

Опометей ташын чеге отуруп шашпай жооп берди:

– Зевстин акмак эмес экендиги чын. Бирок, ал акмак болбосо, Прометейди жазалайбы? Элдин эстүү, акылдуу болгону пайдалуу эмеспи. Прометей элди акыл-эске үндөдү... – Ал балка кармаган алаканына түкүрүп, Эпиметейге «Мына ушундай дүйнөңүз!» дегенсип башын чулгуп койду.

Ал сүрөтүнүн жакшы чыкканына ичинен кубанып жатты, кудайдын өзү жашыруун аңдып турганы менен иши болгон жок. Зевс өзү жөнүндөгү сөздөрдү жийиркене укту. Адамдар арасына мына ушундай жагымсыз ушак тараган экен да. Бир аз күн мурда эле, бул экөө мушташып жатпады беле, бүгүн мен келгенде бириге калганын көр».

Жер үстүн баскан пенде балдары карабайсызбы минтип адилдик, акыйкат, жакшылык-жамандык туурасында ой жүгүртүп, айланасына баам таштай баштаптыр. Мына ушул ой Зевсти кабартырлантты. Ал адамдар караңгы бойдон кудайдын каарына калам деп коркуп-үркүп, басса-турса жалынып-жалбарып күн көрөт деп ойлогон. Прометейдин башкаларга жакшылык кыл, колуңан келген жардамынды бер деген аракети туура окшойт. Зевстин айры бут пенде балдарынын арасында жүргөнү менен иши жок, токойго жашырынып, шыкаалап турган дыйкан жанындагысына минтип атпайбы: «Карачы, басуудан да эринет. Кандай бактылуу жандар. Эмне кааласа ошону иштейт, түшкөнү алтын араба... – Айта көрбө, деди жанындагысы».

Бул ирет ал укчу сөздөрүн укту. Пандора кумурасын ачып ийип адамдар арасында уруш-жаңжалды күчөтүп, бирин-бири аңдыган, бирин-бири өлтүргөн пенделердин бала оюнун көктөн тамаша кылып карап отургусу келген. Эмнесинен жаңылды экен? Прометейдин жер балдарына от уурдап бериши адамдардын көзүн ачып, бу жарыкчылыкка эмне үчүн келишкендигин билдирип койгон окшобойбу. Болбосо мурда Зевстин таягынын учунан жалыны тутанган чагылганды көргөндө өң-алаттан кетип, калтырап-титиреп туруп калышчу эле. Көрбөйсүңбү эми, айланасындагыларга кызыгып, иликтеп, белгисиз нерселерди билүүгө кызыгып калышыптыр.

Зевсти аска ташка чегилген сүрөт бушайманга салды. Бул сүрөт адам баласынын өзү жаңыдан тааный баштаган жаратылыш тууралуу түшүнүгү болчу. Сүрөт муундан-муунга сакталып, улам кийинкисине Прометейди эскертип, анын адамдарга кылган жакшылыгын унуттурбай, даңаза кылып турмак. Ушу азыр да алтын арабада жайма-жай бараткан Зевске аскадагы сүрөт дапдаана көрүнүп турду. Адамдар өнүгө баштаптыр, эми аларды баштагыдай коркутуу мүмкүн болбой калыптыр. Ушул ой Зевсти капалантып жатты.

Адамдар табият кубулушун өз алдынча таанып, Зевске ишенбей калышканы, жандуунун баары мени гана ойлойт, мага гана сыйынат деген дымактуу кудайдын ындыны өчүп көктө отурчу жерине кайтты.

Жашоо-турмуш өз ыраатында улана берди. Адамдар болсо жашоо-турмушунда миңдеген кудайларды ойлоп таап, миңдегенине сыйынып, убакыт, мезгил өткөн сайын ишеним-түшүнүктөрүн өзгөртүп, өзүн-өзү таанып, мына ушул карама-каршылыктуу дүйнөдө жашап калышты. Прометей аңызы кылымдап сакталып, аны эсинен чыгарбай эмгиче айтып келатышат.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG