Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Сүйүүдөн турмуш жаралат


Кыз-жигит кыз куумай оюнунда. Кырчын жайлоосу. Сентябрь, 2018-жыл.
Кыз-жигит кыз куумай оюнунда. Кырчын жайлоосу. Сентябрь, 2018-жыл.

Асанбек Табалдиевдин каада-салт, маданият, турмуш-тиричилик, үй-бүлөлүк мамиле-катнаш тууралуу ой жүгүртүүлөрү окурмандардын кызыгуусун арттырып, кызуу талкууга жем таштачу. Бүгүн биз илимпоздун калеминен чыккан аңгемеси тууралуу кеп кылабыз.

Асанбек Табалдиевдин ыктуу табылган сюжети тууралуу кепти баштардан мурда автордун "Сүйүүдөн турмуш жаралат" деген классикалык публицистикасына азыноолок токтолсомбу деп турам. Социализм заманында эркек менен аялдын жеке турмушу жалпыга жарыя болчу эмес. Андай адабияттар дээрлик жок эле. Коомдук турмуштун мына ушул маанилүү маселесин философ Асанбек Табалдиев тартынбай козгоп чыккан.

Жаңы муун жаштарга сүйүү, үй-бүлө куруу жайында кытыгылуу темага кайрылып, "чындыгында биз али күнчө "төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок" деп, бул маселени айланып өтүп, өзүбүздү өзүбүз алдап жүрөбүз. Ал эми "эч нерсе билбеген" кыздар болсо, мектепти бүтпөй эле турмушка чыгып жатышат. Аларды кайра алып келүүгө артынан барсаң, же "жаш алды" деп күйөөсүн сотко берсең "сүйдүм-тийдим" деп, сиз корккон сөздү айтып турат. Ошондо гана алданганыңызды сезесиз. Бирок кеч да..." деп жазган.

Мунун баарын айтылуу философ 1970-жылы жарыя кылган. Андан бери жарым кылымдан ашуун убакыт өттү, бирок жагдай өзгөргөн жок. Тескерисинче, социализм заманынан да артка кетип, ушу тапта тааныбаган кызды зордуктап ала качып барып үйлөнүү айрым жаштар арасында адатка айланып баратат. Асанбек Табалдиев жаңы муундун тарбиячысы жалаң эле ата-эне, мектеп мугалими эмес, чоң турмуш экенин белгилеген. Жаштар улуулар жашырган нерселерди турмуштан көрүп, турмуштан үйрөнүп алышарын ырастаган.

Жаштарга, айрыкча жогорку класстын окуучуларына сүйүү, үйлөнүү маселелерин жаап-жашырбай айтып берүү, түшүндүрүү ага тыюу салгандан кыйла натыйжалуу болорун жазган. Коомдук аң-сезимде ушу кезге чейин кызды эрте күйөөгө берүү амал-аргасы үстөмдүк кылып келатат. Илгери эл арасында: "Кызды тебетей менен урганда жыгылбаса эле күйөөгө берүүгө болот" деген түшүнүк күчтүү болчу. Солкулдаган куракта турмушка чыкпаса (16 - 17 жашта) "кара далы", "кары кыз" деп аталган. Иши кылып, салт менен коомдук турмуш зарылдыгынын ортосундагы айырма ушу азыр да сакталып келүүдө.

"Жылкычынын жолдошу"

Андай көйгөйдү жөн эле жазып койбой, Асанбек Табалдиев көркөм формага көчүргөн. "Жылкычынын жолдошу" аңгемеси ошонун бир мисалы. Чыгармада алыскы тоо арасындагы жылкычынын турмушу сүрөттөлгөн. Бул иштин түйшүгүн билбеген адамга жылкычынын жашоосу жыргал сезилери бышык. Жайкысын жайлоодо чалкалап жатып, кымыз ичип, эт жеп, ат минип көк жашыл боорду кыялап бастырып, көңүлток жашагандай көрүнчү. А бирок жылкынын жылкыдай түйшүгү толтура. Алардын эң кыйыны, оору - түнкүсүн жылкы кайтаруу.

Зарыл күйөөсүн аяп кыштын кыраан чилдесинде жылкы кайтарууга чыккан. Карышкырдан үрккөн жылкылардын алдын тосом деп баратып аттан жыгылып, ооруканага түшкөн. Ал жерде болсо Айымбүбү кемпир жаткан. Бир айдан бери оорулуу байбиче оорукананын аппак шыбын тиктеп, жанын кыйнаган дарттан кантип кутулуунун аргасын издеп, бир топ түндү уктабай өткөрдү.

"Айымбүбү байбиченин ооруканага жатканына бир ай болсо дагы, бүгүнкүдөй болгон эмес. Анын оорусуна оору кошулуп, онтоосу ого бетер күчөй баштады. Азыр келген келиндин сүзүлгөн көзү, эндик сүйкөгөндөй кызарган эки бетине жарашкан жарык маңдай, кара кашы кемпирге аянычтуу көрүндү.

"Олдо оңбогон оору ай! Жок дегенде жаштардын жанын жөн койсочу? Бечаранын оорусу катуу көрүнөт", - деп кемпир наалып ордунан туруп, келиндин баш жагына келди. Келин көзүн ачпай, акырын кыймылдай түшүп "иңии... иңии..." деп сулк жатып калды.

-Ок! - чочуп кеткен кемпир кетенчиктей түшүп, орундукка отурду. Анын оорусун бөлүшкөндөй, онтой баштады. Кемпирдин онтоосу келиндин сергек кулагына коркунучтуу угулду. Ал көзүнүн шооласын алсыз жиберип, алтымыштан ашып калган, ээгинде отуз эки тишинин бири жок, жаак башы шалбыраган жыртак көз кара кемпирди даана көрдү.

"Аа, байкуш. Дарты меникинен да күчтүү көрүнөт. Мунун өсөрү эмес, өлөрү калбадыбы? Ушундан көрө бала-бакырасынын кашында эле жатсачы?- деген ойго кетти".

Эки муундун турмуштук көз караштары кандайлыгын таамай туюнткан татаал психологиялык жагдайга автор бекеринен басым койгон эмес. Айымбүбү байбичени түндө ооруканага алып келишкен жапжаш келиндин онтоп жатышы ойлонтсо, жаңы муун өкүлү Зарылды кары кишинин абалы чочулатат. Оору кыйнаганы менен пенделик кызыкчылык үстөмдүк кылат тура. Байбичеге жапжаш келиндин ооруканага эмнеге түшүп калганын билүү кызык.

Келиндин аңгемеси

Он гүлүнүн бири ачыла элек кыргый мүчө келин экен, жаркылдап ойноп-күлүп жүрчү чагында ооруканага кантип түштү экен суроосу кемпирди ойлонто баштаган. Ал эми анын ооруканада жатышы көндүм иштей эле кабылданат. Кара кемпирди биринчи көргөндө Зарылдын “балдарынын кашында эле отурса болмок экен" деп атышынын жөнү ошондой. Кызыгуусу арткан кемпир келиндин көңүл бурганына ыраазы. Эми анын кантип ооруканага түшкөнүн билиши керек. Антпесе кызыгуусу канбай, кобурашканга сөз табылбачудай сезилбейби.

"-Эмнең ооруйт балам? Ботом, мындай туруп айтчы? - деп эртеден бери сүйлөшүүгө кумар болгон кемпир анын арыз-муңун уккусу келди.

-Аттан жыгылдым, апа, - деп келин кыска жооп берди да, эрдин кесе тиштеди.

-Ок! Эмне дейт! Ошондой, бир жериң майып болгон бейм... Ээ... ээй балам! Ат мингенди билбегенден кийин, асылбай эле койбойсуңбу? Силер жанагы төрт дөңгөлөгүңөр менен жүрүп көнүп калбадыңарбы? Анысын да "көк жорго" деп алышыптыр. Ошого ооп кетип, ат минүүнү такыр унутпадыңарбы. Илгеркидей ат кулагы менен тең ойноп, жигиттер менен жарышчу кыз кайда? - деп, Айымбүбү келинге нааразы болуп, жемелүү сүйлөдү.

-Жок, апа. Андай эмес, иш башкача болду, - деди келин тигинин тикенектүү сөздөрүн көтөрө албай".

Айымбүбү байбиче көчмөн турмуштун айныксыз эреже-салтын мыкты билет. Журттан-журт, жайыттан жайыт которуп жүрчү малчылар үчүн кызы болобу, баласы болобу ат жалында ойноп турушу керек. Зарылдын айтуусунда, ал өзү ата-энесинин бир топ жыл зарлап жүрүп тапкан кызы экен. Онунчу классты бүтүп турмушка чыкканына үч жыл болуптур. Ошондон бери күйөөсү экөө колхоздун жылкысын багышат.

Быйыл Кыргоо деген кыштоодо жылкысын кайтарып, ит-куштан сак-сактап жүрүшкөндө кырсыкка кабылып атпайбы. Сууктун күчөгөнү аз келгенсип, карышкыр бир жагынан жүдөтүп, кычыраган аязда жылкы кайтармайдан күйөөсү кыйналып кеткенин көргөн келин ал түнү жылкы кайтарууга өзү чыккан. Кемпирге келиндин күйөөсүн аяп турганы жакты.

"-Ал мурунку түнү жылкы кайтарып, эртеси колхозго күндүз барып келген. - Зарыл актангандай сөзүн улады. - Мына ушинтип борошолонгон кыштын долу түнүндө бирибизди бирибиз кыйбай жатканда жылкы алыстап кетиптир. Акыры кезегимди алып эшикке чыксам, көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Жолдошум мамыдагы кара аттын басмайыл-чоболоңун бекитип, куйругун түйүп, туура тартты. Мен чоң ичикти кийип, чылбыр менен бек курчанып, мылтыкты асынып, тартынбастан атка миндим. Жер белгилүү эмеспи, аттын оозун кое берип, жылкыга бат эле жетип бардым. Жылкылар тебиле элек тескейдин карын күрөп калган экен. Мени катуу шамал ыркыратып, жылкынын дабышын алда кайда түштүктү көздөй ташыгансып жатты. Таңга жуук гана борошо басаңдап, караңгылык чегине баштады".

Тоо арасындагы жылкычынын жашоо-турмушунун элестүү сүрөтү мына ушул эпизоддо таасын тартылган. Кар тозоңун уйпалаган бороон тынбай ышкырып, айлана алай-дүлөй. Жылкылар тескейдин отун оттоп, суукка карабай кар тээп, жанында мылтыкчан турган ээсин эш тутуп жайма-жай оттошууда. Зарылдын эңсегени - эртерээк таң атып, бороон басаңдаса. Кышкы узун түнү сүрүлүп таң жарыса көңүлү жайында болмок.

Күндүз карышкырлар адам кайтарган үйүргө даабайт. Анын үстүнө мылтыкчан адам кашабаңдарды чочутуп, ошондон алар алыстан өңүп, жайылган мал ээн калышын күтөт. Дал ушул таңкы үрүл-бүрүлдө жылкычы келин "кааң..." эткен үндү угуп, үргүлөп турган атты такымга бир салып, кыйкырып жөнөдү. Жонундагы мылтыкты алып атып да жиберди. Коркуу, чочулоо мындайда эстен деле чыгып калат экен. Зарылдын ою жылкыларга кол салган карышкырларды чочутуп, куралы бар экенин билдирүү болчу. Кемпир ошол опуртал жерде Зарылдын жанында тургансып чочуп кетти. Зарыл болсо көнүмүш окуяны айткансып жайма-жай кебин улады.

"-Жылкы үрккөн бойдон үйгө бет алды. Тизгиним колдон чыгып кетиптир, ала качып, жылкыны жандай салды. Сол колум менен тизгинди издеп, оң колум менен үстөкө-босток камчы уруп, жылкыны токтотууга аракеттендим. Бирок, кырчаны ашып, тик ылдый кире бергенде мингеним сүрдүгүп барып оңкосунан кетти. Мен аттан алыс барып тийгенде, оозу-мурдума кар кептеле түштү. Аңгыча катуу жыгылган ат үстүмөн ала салып кеткенсиди. Ошондон кийин эмне болгонумду билбеймин. Бир оокумда "кабыргасы кыйрап калыптыр", "жок... жок... эки... үчөө эле экен" деген сөз кулагымды ийне менен сайгандай болду. Мына, азыр көзүмдү ачсам ушул жерде жатам, - деп Зарыл күнөөлүү эмес кишидей сурдүү карады".

Келиндин аңгемеси Айымбүбү энеге аябай жакты. Кемпирди анын аман калганы сүйүнттү.

“Сынган кабыргаларды бул доктур бат эле айыктырат. Карыганда жан таттуу болот экен” деп халатын ачып капталындагы таңылган жерин көрсөттү. Социализм заманындагы жашоо-турмуштун бир үзүмү аркылуу автор бүтүн бир мүнөздү, иш дегенде баарын жыйыштырган күйөөсүн сыйлаган келиндин кимдигин-кандайлыгын таасын ачып берген.

Эмгек адамы социализм заманында коомдук сый-урматка бөлөнгөн барктуулардан болчу. Көркөм адабиятта анын элесин сүрөттөө маанилүү милдеттердин бири эле. Асанбек Табалдиев андай милдетти 1956-жылы эле таамай туюнуп, ийгиликтүү жүзөгө ашырган. Бул аңгеме анын жаш кезинде жараткан туундуларынын бири.

Совет заманындагы белгилүү илимпоздун өмүрү кыска болбосо ал дагы бир топ кызыктуу чыгармаларды, илимий эмгектерди жаратары бышык эле. Асанбек Табалдиевдин аракети, мээнети менен жети томдук Кыргыз совет энциклопедиясы чыгып, бирок анын биринчи томун башкы редактор көрбөй калды. Алышкан оору таланттуу илимпозду эртелеп алып кетти, өкүнткөн нерсе ушул...

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG