Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

"Кайран Жоробек, айран Жоробек..."


Алым Токтомушев.

Алым Токтомушевдин ага досу Жоробек Султаналиев тууралуу эскерме баяны мындан он беш жыл илгери жазылган. Кайталангыс талант тууралуу жападан-жалгыз эскерүү. Кыргыз ангемесинин классикасынан мына ушул даректүү баян тууралуу кеп кылабыз.

Кандан, бектен тартынбаган акын

Жоробек Султаналиев деген акын, жүргөн-турганы башкача бир талант билинбей өтүп кеткенин, анан унутулганын элдин көбү Алым Токтомушевдин эскерүүсүнөн, курбалдаш калемдеши тууралуу чынчыл баянынан кийин билди окшойт. Ал эми Жоробек Султаналиев эскериле турган, чыгармачылык потенциалы толук ачылбай калган армандуу тагдырлардын бири болчу.

Адабиятка кызыккан жаштардын эсинде Жоробек Султаналиевдин чыгармачыл адамдардын жыйынында тартынбай сүйлөгөн кеп-сөзү, шартылдаган ачык мүнөзү калды. Эсимде, бир жолу азыркы сүрөт өнөрү музейинде улуу муун акындардын окурмандары менен жолугушуусу кезинде Жоробек Султаналиев колун көтөргөн бойдон трибунага атып чыгып, президиумда отурган улуу акындарды көрсөтүп: "Мынабу акындар өлмөйүн бизге жол жок" деген тамаша-чыны аралаш сөзү отургандарды таңдандырган.

Көркөм сөзгө кызыкдар биздей студенттерге ал кишинин адаттан тыш айтканы, ага аттуу-баштуу акындардын чычалабай сынын бузбай калбаат отурушканы аябай катуу таасир калтырган. Залда отургандар болсо кыраан-каткы түшүп кол чабышкан. Ушул куба жүлүн арык кишинин артынан оголе көп сөз ээрчип жүрчү. "Жоробек минтип айтыптыр, Жоробек катырыптыр" дегендер көп эле.

Алым Токтомушев "кайран Жоке" досу тууралуу эскерүүсүн орто кылым акыны Франсуа Вийондун жаамы дүйнөгө тарап кеткен ырынан баштайт, эки акындын ортосундагы окшоштуктарга токтолот. Акыйкатта да, "кайран Жокең" ошол кездеги кыргыз акын-жазуучуларынын баары менен мамыр-жумур, азилкечи болгону менен, алрга коошо албаган, жалпы көчтөн четтебирээк калган. Вийон го жанталпас кылып каршылык көрсөтүп жатып, адам өлүмүнө себепкер болуп, орун-очок алган Парижден чыгууга мажбур болсо, Жоробек Султаналиев өзү билген, бекем ынанган акыйкаты үчүн кандан-бектен тартынбаган мүнөзүн каламдаштарынын арасында кадам сайын далилдеп жүргөн.

Адамдык абийири алдында таза болушту жактырган эки акындын окшоштугу муну менен эле бүтпөйт. Алым Токтомушев "кайран Жокең" “өзү да Вийонду элестетчү. Ырлары да Вийонго окшош эле”, деп жазат. Минтишке эки доордо жашаган чынчыл акындардын чыркыраган чындык дегенде баарынан кечип салып агынан жарылышы негиз болгон шекилдүү.

Кеп удулунан улам белгилей кетчү дагы бир сөз, Алыкең катарынан эртелеп учуп кеткен курбуларын кез-кез эскерип калчу, бирок анысын кагаз бетине түшүрүүгө мойну жар бербей жүрүп өтүп кете берди.

Ал эми "кайран Жокең, айран Жокең" тууралуу эскерүүсү кантип жазылып калышына эссенин аягында токтолуп: "Редакция Жоробектин күлкүлүү жоруктарын жазып бер" десе "мен күү менен күйүттүү жактарына басым жасап жибердим өңдөнөт" деп белгилеген.

Жоробек Султаналиевдин "күйүттүү жактары" көп эле. Эч бир алкакка сыйбаган, акындык фантазиясы аалам жойлоп кеткен сүрөткердин окурманга жетишине тоскоолдук кылган коммунисттик цензура деген турчу. Анын тушунда Жоробектей акындардын жарыкка чыгышы, жазгандарынын жарык көрүшү кыйын го. Анан дагы бир эске алчу жагдай бар.

"Кичинекей кишибиз..."

Ал киши, Алыке айтмакчы, жазганына караганда ичкени, чыгармаларына караганда жүргөн-турганы кызыктуу болду окшойт. Ошентип урунуп-беринип жүрүп кыркка жетпей бул жалганды таштап кете бергени акындын чыгармаларын барктагандар үчүн өкүнүч болуп калды. Жоробек Султаналиев тууралуу баяндын Франсуа Вийондун “баарына мен аралашкам, баарынан мен кубалангам” деген парадоксалдуу сөзгө байланып отурушунун бир себеби ушул. Жазуучулар союзунун жыйындарын кызыктуу кылып - жаат, топ болуп кырчылдашчулардын кабагын жазып, көпчүлүктүн деле оюна келбеген сөздү "трибунага атып чыгып" Жоробек Султаналиев гана айтчу. Ал кишиге атайлап сөз деле беришчү эмес.

"Жыйынды Сыдыкбеков башкарып жатабы, Айтматов башкарып атабы - ага кепеки эле. Жыйынга Усубалиев катышып атабы - анүчүн кеп эмес болчу. Атып чыкчу. "А" деп ооз ачканда, "ү" деп үн чыгарганда эле ыр менен баштачу. Эмдигиче эсимде, кулагымда, көзүмдө турат.

Ар иш менен болбойт биздин ишибиз,

Анткени биз кичинекей кишибиз.

Акыйкатты алдап жатса кээ бирөө,

Аргасыздан күйүп кетет ичибиз.

Чоң иш менен болбойт биздин ишибиз,

Анткени биз кичинекей кишибиз.

Бирок кээде чындык күйүп жатканда,

Чыдай албай күйүп кетет ичибиз.

Окшош бекен. Вийонго дегеним. Анан кетер эле, жамгырдай төгүп, шамалдай сабап. Кайсы бир жыйындан соң Салижан Жигитов агай мага айтты: "Жоробек өлгөндөн бери жазуучулардын чогулушу өң-түссүз болуп калды".

Анын сөзү баарына жакчу. Улуусуна да, кичүүсүнө да, болгон сыйлыктарды топтоп алганына да, андайга жете элегине да. Анткени ал көпчүлүктүн тил учунда турган, бирок айта албаган сөздү айтып салчу. Бири коркот, экинчиси тартынат. Жокең коркчу да, тартынчу да эмес. Эч кимиси айта албай турган сөздү айтышка деле киши керек экен.

Кийин жок болуп калганда орду билинип, кыйлага оңкулдап жүрүштү. Баарынын тил учунда турган сөзүн тартынбаган бирөө гана айта алат, аны баарысы жакшы көрүшөт. Көбү дайым ушундай болот деп ойлошконбу же аны өлбөчүдөй көрүшкөнбү, кашкөй таланттын бул жалганды таштап кеткенине ишенип-ишенбей жүрүштү. Убакыт дегениң күтүп турмакпы. "Өткөн жылдын карындай унутулду". Алыкең айтмакчы, "артыңда алдуу, белдүү, малдуу бирөөң болбосо" ушинтип тез эле унутулуп калат экен.

Жоробек Султаналиевдин жупкадай жука ыр китеби, анан "Учкул сөздөрү" чыккан.

"Учкул сөздөрүнүн" үчтөн бири сатыла электе Борбордук Комитет боорго тепкен. Магазинден жыйнап жок кылдырган. Жокенин жоор чукуган, кудум паспорт сыяктуу маңдайга матап, көзгө сайган учкул сөз, метафора, аллегориясынан кыргыз төбөлдөрү өзүн таанып койгон. "Мартин Иденди" жанындай көрөр эле. Жаш кезинен эле которуптур. Бирок чыгарталбады. Адабият чиновниктери жол бербеди. Көзү өткөндөн кийин чыкты дешти, мен көргөн жокмун".

"Кол чаап койгула, жолдоштор!"

Беш манжа толбогон китептери унчуга албай, аз жазып көп ичкен автор унутулду. Америкалык жазуучу Жек Лондондун "Мартин Иден" романынын кыргызчасы кийин чыгып, басмакана сыясы кургай электе сатылып кетти. Эми деле Борбордук Комитеттин куйкасын куруштурган "Учкул сөздөрү" чыгып калса дурус эле болмок. Алым Токтомушев Жоке досунун кылык-жоругун, анын сөз тапкычтыгын биртоп мисалдар менен сүрөттөп берет. Жазуучулар турмушу биралдын кызык, сырт көзгө анча билине бербеген ички агымдары менен калкыган өзгөчө дүйнө го.

Жоробек Султаналиев: "Алыке, экөөбүз гана генийбиз, анткени экөөбүз тең арыкпыз" дегени эле канчага турчу кундуу сөз. Антип ини досун кадырлап, жан сырын бөлүшүп отурганы экөөнүн чыгармачылыкка мамилесинен улам чыккан, поэзия менен виного болгон сүйүү ортолук мамиле-катнашты биротоло жылчыксыз бекемдеп коюптур.

Жоробектин чукугандай сөз тапкычтыгына тең келчү акын Рамис Рускулов болчу. Ошон үчүн ал:

"Архивдерди эңшерип,

Аябай катуу текшерип.

Жоробек досум өзүңө,

Жүз жылдан кийин коюлат эстелик", - деп айтып отурбайбы.

Азырынча архиви да, эстелиги да жок. Алым Токтомушевдин Жоробек досу тууралуу баяны - ал кишинин тирүүсүндө коюп кеткен эстелиги. Жазуучулардын бир жыйынында Жокеңе сөз жетти дейт:

"Жолдоштор,- дейт Жокең. - Аалыкеге ырдап барсам, эски батинкесин берген, кол чаап койгула, жолдоштор!

Андайды күтпөгөн жазуучулар жабалактап кол чаап, кыраан-каткы күлүп калды дейт.

"Түкөмө барсам, тигинисин берген, кол чаап койгула, Маликовго барсам, мунусун берген, кол чаап койгула" деген сайын зал ыкшып жыгылат дейт. Жыйынды Чыңгыз Айтматов жетектеп аткан, ал киши да карсылдап атыр дейт.

- Өгүнү Муса Жангазиевге мактап ыр жазып барсам, көзүнө карабай 170 сомдук жаңы пальто жапты, жолдоштор, кол чаап койгула!

Кол чаап атабыз дейт. "Өзүңөр билесиңер - деди дейт, андан ары Жокең. - Чыкемдин тоюна 300 куплет ыр жазып баргам" дегенде эле ыкшып аткан Чыке томсоро түшүп:

- Ой, Жоробек, эми токтот да, андан маанилүү маселелер талкууланып атпайбы бу жерде", - деди дейт кабагын чытып.

- Чыке, Чыке, ушуну эле айтып алып токтотоюн, - деп чымылдап ийди дейт Жокең. - Ошентип Чыке мага костюм-шым кийгизген. Үйгө барып шымын кийип көрсөм, бели башымдан ашып кетти. "Тюльпанга" (ошо кездеги атактуу ателье - А.Т.) берсем, бузуп салышыптыр, төлөгүлө десем, 70 сом берип, шымды алып калышты, кол чаап койгула, жолдоштор!- деп түшүп кетти дейт".

Ошол жыйында айтылган Муса Жангазиевдин 170 сомдук пальтосу тууралуу аңгеме да кызык. Чыңгыз Айтматовдун тоюна жазылган 300 куплет ыр да кагазда калган боюнча машинкага берилбеди. "Мен кол жазмаңды бер, жок дегенде машинкага бастырып коёлу деп канча айттым. Жок дебейт. Машинкага өзүм эле жатка айтып берем дейт. Бирок винодон ооз бошогон жок, чөнтөк да ар дайым курук болду."

Ошентип Чыңгыз Айтматовго арналган 300 куплет ыр жазылып калбай анын Алыкенин өзүнүн эсинде калгандары мынабул саптар:

Кечээ Чыңгызын чыкты чыңырып,

Чыгыштын баарын кыдырып.

Токомбаев балкалар,

Осмоналиев маңкалар,

Кантушин болуп канчалар,

Бүгүн онтолойт сазга тыгылып...

Ушундай биралдын тамаша, азил, аския, экинчи жагынан кайгылуу баян.

"Ушундай. Айтматов мамысына байланган Жоробектин жорго сөздөрү көп болор эле. Айта берсе түгөнчү эмес. Бирок түгөнөт экен. Дүйнөдө түгөнбөс эчнерсе жок тура. Мына Жоробек өлгөндөн кийин түгөндү да калды. Атүгүл унутулду."

Армандуу сөз ушул, кыргыз жазуучулары эскерүү жазышпайт. "Жоробек өлгөнү бир эле жылуу сөз окудум",-дейт Алым Токтомушев. Аны Кубатбек Жусубалиев жазыптыр.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG