Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 14:40

Апийим соодасына азгырылган келин


Иллюстрациялык сүрөт.

Кандай да болсо каражат табуу аргасы пенде баласын эмне деген тоскоолдуктарга кабылтпайт. Бурулкан Бакееванын аңгемесинде азыркы жашоо-турмуштагы татаал тагдыр, чиедей балдарын кантип багуунун аргасын издеген келиндин аракети сүрөттөлөт.

"Баңгизатты кайда бекиттим?"

Бул суроого жоопту окурман бериши керек. Автордун өзү да табышмактын жандырмагын туюк калтырып: "Кунт коюп окуган адам оңой эле таап алат" деп сыр капкагын ачпай, "ким таап алса, детектив жөндөмү бар" экенин ырастоо менен баянын жыйынтыктайт. Ал эми чыгармада бирине экинчиси чырмалышкан татаал детективдик окуялар, табышмактуу коллизиялар деле жок, бийик тоо арасындагы суз турмуш.

Күндөрдүн бир күнүндө байгер социализмдин бейкам турмушу өзгөрүп, баарысы башкача болуп кетти. Айласы куруган элдин көбү соодага ооду. Зылдай оор турмуш памирликтердин башына түштү. Жайы кыска, кышы узун, ырылдап этек-жеңди жулккан кара шамал жойлогон аймакты таштап кетпей калган кыргыздардын арасындагы бул келиндин жашоо-турмушуна кызыккан деле киши болбоду.

Ал “Кара-Суу” базарынан алып келген товарларын жол боюна жайып коюп, суукта кайыгып ким алып кетет экен күтүп турчу. Маңдайдагы мечитке кирип-чыккандар деле аз. Келиндин ишенгени - ушул буюм-тайымы, аны сатып өткөрсө, балдарына тамак-аш, артканын кайра эле базарга барып товар алып келүүгө жумшайт. Базар аябай алыс, ортодо чек ара бар, андан өтүш керек, алчу жерине асманга башы тиейин деп турган бийик ашууларды ашып жетет. Кытайдан жүк ташыган чоң машинелерге түшүп алып уктаганда уктап, ойгонгондо ойгонуп кете бересиң. Буюмун сатып турган жери - шамалкана, иши түшүп эле бирде бирөөлөр токтобосо көбү жандай өтүп жолун улай берет. Жолоочунун жолдогусу жакшы. Келиндин өз үйү башка жерде, бул жакка соода кылганы эле келген. Турган үйүнүн ээси Чүйгө кетип баратып ачкычын колуна тапшырган, ошондон бери бул жерге келе деле элек.

Бу балакет оор турмуш качан бүтөт деп сарсанаа. Ушундай да болобу, бул бечарага жардам берчү күйөөсү акчасы көп бирөөнү ээрчип караанын үзгөн. "Элдин эркектери андай кылат экен, мындай кылат экен, ушу үйдү жапканга да алың келбейт, сыртка чыгып акча таап келчи" деп сүйлөнө берип арактан көзү ачылбаган тыртайган арык, кудайы момун күйөөсүн алыска аттанткан да өзү. Мына эми андан төрөлгөн үч баласынын түйшүгү мойнуна илинди. Балдарын апасы багып отурат.

Жаш эмеспи, күйөөсүн ойлогондо заманасы куурулуп кетет. Кантип эле чырайлуу жаш аялын акчасы бар экен деп өзүнөн канча жаш улуу катынга алмаштырды экен? Ушундай да болот тура. Жүр десе жүрүп, бас десе басып кете берди да. Анысын таштап үйүнө кайтып келсе кечирет элем деп мунусу олтурат. Келинди бирөөгө тик карай албаган күйөөсүнүн жылуу-жумшак турмушту эңсеп башка бирөөнүн күч күйөөсү болуп кеткени таң калтырат. Анан ойлонуп отуруп тиги алган бечара аялы деле эркектен көзү каткан шордуу неме болуш керек деп ойлоп кетет. Болбосо, ичкиликтен шылынып калган сетирейген немени үйүнө киргизип алар беле?! А бирок аялдык сезим деген деле оор го, күйөөсүн эстегенде жаман болуп кетет:

"Башка аялдын койнунда экенин эстегенде жанымды койорго жер таппай, аны менен кошо бүт аалам кеткенсип, жан дүйнөм сыздайт. Үч баласынан да артык көрүнгөн ошол аялдын азгырыгынын сыры эмнеде?.. Акчасынын көптүгүбү же өзүнүн бизди багалбаган түйшүктөн качканыбы?.. Мен Памир тоолорунда темселеп жүрөм. Ал болсо... Кулап баратканда жөлөп калаар өмүрлөш жан шеригин анткендин ордуна жыга туртүп кете бергенин аялдын башына салбасын."

Ой басып өзүн-өзү кыйнап, маанайын чөктүрүп отура берер беле, караса эшекчен бирөө келатат. Эшекке баласын мингизип, артынан айдап алыптыр, куржунга толо кийим-кечек салган окшойт. Жайып алган товары өтпөй турганда дагы бир атаандаштын келишин келин жактырбады. Гүлжакен эшегин байлаганча үстүндөгү баласы жерге секирип түштү. Бул келин кыйын, үнү да жоон, эркекке окшоп чaпcaң. Келе сала ал "сага конкурент болбойм" деди. Мунусу коркпо, башка иш менен келдим дегени. Анан эки келин ээн Памирде бирөө угуп койчудай чочулап, үйгө кирип, айнек пардаларын жаап жашырын сырды ортого салышты.

"Сага ишенип сыр ачып жатам. Качанга чейин аз товар менен салпылдайм. Айжанды көрдүң, үчөөбүз чогуу келгенбиз. Бутуна туруп, машинечен ун сатып, аны топозго алмашып тез байыган сырын билесиңби?

-Жок ай, өзүм да таң калам. Биздей эле сумка менен келип, анан кантип машинелеп ун ташып калды.

-Ал кичинеден героин алып өтөт.

Оозум ачылды, бул балээге аралашып болобу".

Апийим соодасына аралашуу

Байкуш келин атын укканда денеси муздап, титиреп корккон ишке аралашуусу ушундан кийин башталды. Коркконун айтпа, кармалып калса камалып кетет, балдары кантет?! Аягы туңгуюк калтыс ишке аралашып калса анысы бир күнү ачыкка чыгат. Элдин бетин кантип карайт? А бирок, калтыс иштин биринчиси анча деле коркунучтуу эмес экен.

"Курдашжан, бир керекке жара. Жалгыз жашап ишеничтүүсүң, эч ким эч нерсе туйбайт. Кошуналарың шектенбеш үчүн товар алган киши болуп тажик аялдар менен кошо келем. Ушул жерде тазабы, бирдеме кошулган эмеспи, аябай текшерип анан алды-берди кылабыз.

- Ой балээ. Баамдасам, мурун эле... Кел, баарын ачык сүйлөшүп алалы. Героинге аралашканың - кургуйга кулаганың. Жөн жүрчү, аралашкандар канча жылга камалышканын угуп атабыз го. Мени да түртпө, өзүм араң жүрөм.

-Коркпо, бир түнгө эле келебиз. Карыздарым коколоп, үйдөн качып жүрөм. Антпесем айлам жок".

Гүлжакендин күйөөсү үйүн таштап кетпегени менен күн алыс арактан башы чыкпайт. Байкушум деп Гүлжакен анын карызга алып ичкен арагынын акчасын төлөп коёт. Төрт баланын атасы деген "алкеши" да ошентип Гүлжакендин бешинчи баласы болуп калган. Байкуш келин убадалашкан күнү эки тажик аялды, бир кыргыз келинди ээрчитип мунун үйүнө келип калды. Героин дегенди биринчи ирет ошол түнү көрдү.

"Айымчач түйүнчөк оромун жазганда сасык жыт бурулдап, үй ичин каптады. Фуу, ушундай да сасыйбы. Сүт түспөлдөнгөн майда, чоң ак тоголоктор сасыса дагы акчасы ширин болуп атпайбы. Хорогдон бери жаны көзүнө көрүнүп алып келген үч келиндин үй-бүлөсүнүн эртеңки күнүмдүк көр оокаты, Гүлжакендин карызынан кутулуу далбасасы, мени болсо ишеничтүүсүң, сага да акча чыгарып беребиз дешкени - акчага аргасыз байланганыбыз эмей эмне. Коркунучу күч экенин билип турсаң да тиричилик акча азгырыгы ошого түртүп жатпайбы.

Гүлжакен фольганын үстүнө кичине тоголокту коюп, астына ширеңке күйгүздү. Ого бетер сасып, так калбай күйүп кетти.

-Көрдүңбү тазасын, героиндин өтүмдүүсү, кошулбаганы 3,9 болот. Биз сага ошону берип атабыз.

Гүлжакен бир нерсе билгенсип, кайра-кайра жыттады. Ага суроону бергим келип, тилим кычышса да сабыр кылайын. Кетишсин, анан экөөбүз калганда деп өзүмдү бастым."

Эртеси мунун өтпөй калган кийимдерин алып тигилер артка кайтышты. "Товарды" алган Гүлжакен курбусуна героин ташуунун кыйынчылыктарын, адам оюна келбес амал-аргасын жашырбай айтып, үлбүрөгөн келинди кыйла чыйралтып койду. Ортодо чоң акча ойноп, ошондон бул ишке аралашып калгандар өтө этият, тилин тишине кыскан куу, айлакер болушарын саймедиреди. Угуп отурса? төбө чачты тик тургузчу окуялар, колго түшкөндү эмне күтөрү апийим соодасын жасагандар менен ага каршы тургандар жакшы билишчү.

Музоо

"Гүлжакен чаар баштыгынан оозу кууш төрт литрлик бидонду алып чыкты. Ичи толо сары май. Плитага коюп эритти да, башка идишке куюп алдык. Бир жарым килограмм героинди целлофан баштыкка кабаттап ороп, бидондун түбүнө салып үстүнө сары майды куюп салдык. Түнү менен муздакта турса тоңуп калат.

-Бир мергенчи улар, кийик этин алып келип берем деген. Кааласаң акчасын ал, кааласаң кийим-кече беремин дегем. Экөөбүз сары майга куурусак жегендер тамшанат. Аны эки өлкөнүн чек арачыларына таштап өтөм. Жемге асмандагы куш түшөт.

-Калганын кандай бекитесиң?

-Калган жарым килону жыты чыкпагыдай ороп, табарсыктын үстүнө байлап алам. Аялдардын дене башын сыйпалап кара деп, мыйзамда жазылган эмес. Балээнин баары ушунда. Шуулдаган аялдар ушинтип пайдаланышат, эркектерди текшеришет."

Оогандыктардан миң долларга алып, чек арадан өткөрүп алышса анысын үч-төрт эсе кымбаттатып жатышса ким кызыкпасын! Байкуш Гүлжакен апийимин эптеп алып өтүп, карызынан кутулуп, сатылып кеткени калган үйүн сактап, анын аркасы менен бул дагы азыноолок малдуу болуп калды. Памирдеги кыргыздардын турмушу деле түздөгүдөй, күз келгени той-аштар күчөйт. Келиндин алгачкы "кол акысы" топураган тойлорго, туугандар ортосундагы отуруштарга кетип, бир күнү акчасы, тамак-ашы жок отуруп калышты. Айымчач келиптир, героини бар экен. Коркуп-уркүп отурган келинди макулдатып ошону таштап кетти.

Мечиттеги молдонун аялынан унга алмаштырып алган торпогун алып апийимин катып чек арадан өтүүгө бел байлады. Аман-эсен өтүп алса бир уйлуу болуп калат экен.

"Сыртымдан бейгам көрүнгөнүм менен ойдолоктоп, жан дүйнөм алай-дүлөй бороондой удургуп тынчыбайт. Кантип удургубасын. Саткандарды байыткан, сайынгандарды орго түрткөн наркозатын катчу жерге катып алып баратам. Гүлжакендин боздогону эми башыма жетти. Эртеңки жашоом, балдарымды кыйналбай багуу ушуга байланып калса башка аргам жок. Килейген ташты атайылап өзүм мойнума байлап алгандай, айнек сыныгынын үстүндө отургандай болуп баратам. Кудайлап, мендей шордуу пендеңди өзүң сактап, колдой көргүн деп дилим боздойт."

Ак-Байтал ашуусунан өтүштү. "Ак-Байтал, Кызыл-Арт, Сары-Кол өрөөнү, Ыраң-Көл, Чырак-Таш, Токтомуш..." Дагы канча айылды басып өтүшөт? Жүрөк гана толтосуна батпай, сыртка чыгып кетчүдөй аптыгат. Чек арадан өттү, байкуш айдоочу суукта кайыгып тургандарга берчүсүн берип, чек арачылар айласы куруган арык келинге көңүл бурушпай, үстү-башы эски жууркан-төшөккө чүмкөлгөн торпокту көрүп кыраан-каткы күлүштү.

Ичи майланышкан кабинада бир суткадан ашуун жүрүп акыры түзгө түшүштү. Байкуш музоонун "чапанын" ушул жерде чечишти. Шоопур самсаалаган эскини ыргытып салчы десе болбой келин кузовдун бурчуна таштап койду. Муну таштабай калсын. Акыры үйүнө жакындады. Taң атарына аз калган чакта кыштак ичи мемиреп, эч нерсе менен иши жоктой уйкуга карамыгып жатыптыр. Балдары менен апасы уктап аткан болуш керек.

"Бир суткадан бери бир орундан жылбаган музоо тайталактап басалбайт. Жөлөп-таяп эптеп эшиктин алдына алып келип, бак ичиндеги жашаң чөптөн жулуп алдына" салды, ачка неме жалмалап кирди. Кечээ эптеп чек арадан өтсөм деп кыпылдаган жаны эми Айымчач алдабады бекен деп сарсанаага басылды. Андай болсо Айымчачтын Гармчашманына жетип барып тигинин чачын жулуп салар. Эски төшөнчүгө жөлөнгөн келинди уйку басып баратты. Артындагы жөлөнгүчүндө анын ишенген апийими жаткан.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG