Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Байбиченин каарын жумшарткан келин


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аман Саспаевдин "Кайнене" аңгемесинде жөнөкөй турмуштук окуялар көркөм иликтөөгө алынган. Жаш адамдын турмушка аралашуусу биртоп тоскоолдуктарга туш келет, анысы жаштарды кайра чыйралтат. Кыргыз аңгемесинин бүгүнкү берүүсүндө жазуучунун кызыктуу чыгармасы тууралуу кеп кылабыз.

Жолугуу

Окууну бүткөндөн кийин айылдык уландардын көбү аскердик милдетин өтөөгө жөнөшөт. Аны аткарып келгенден кийин колоктоп бош жүрүүнү жактырбаган жаш адам үйлөнүп, турмуш жүгүн өз алдынча тартууга киришет. Ошондой жаштардын бири Саамый аскерден айылына келгенден кийин Закеш деген кызды жактырып калды.

Закеш карапайым айылдык кыз болчу, мектепти бүтүп окууга барбай, үйүндө эле. Экөөнүн тең тээ көңүл түпкүрүндө катылган сыры бири үйлөнүп, экинчиси турмушка чыгуу турган. Айылдагылардын биртобу экөөнүн үйлөнүшүнө каршы экен. Алардын айтуусунда, "төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт" имиш. Саамый менен Закеш андайларга карайбы. Кечинде Закеш жакшы кийимдерин кийинип Күкүштүкүнө деп жөнөп калат, аны белгиленген жерде Самый күтүп турган болот. Кыз менен жигиттин үйүнө кеч кайтышы жакындарына маалым, алар той качан болорун күтүп калышкан. Экөөнүн жолугушуусу деле көпкө созулбай, үч-төрт айдан кийин үйлөнүп алышты. Анан турмуш-тиричилик башталды.

"Элден эрте туруп уй саады, самоор койду. Элден кеч жатып эшиктерди бекитип, жарыкты өчүрдү. Сакалдуулардын көзүнчө шарактап күлбөдү, катуу үн чыгарып жаткан сөздөргө да аралаша кетпеди. Ийменип, жол бошотуп, шыбырап сүйлөп, бардык оокатын бүтүрө берди.

Келининин ыйбалуу, ишкер экенин билип, Саамыйдын энеси башкалар алдында боюн көтөрчү болду. Теңтуш карыларга мактанып, келинин андан бетер ийиктей ийрилтүүнү ойлонду. Бирок, жаш келиндин өзүнчө турмушка деген көз карашы, өзүнчө таламы бардыр деп ойлогон жок. Ойлосо да аны билмексенге салды. Өзү да өз кезинде келин болгон да. «Баланы жашынан, келинди башынан!» деген макал бар. Кийинчерээк, биз мындай карый түшкөндө, күнүбүз эмне болот. Азыртан тастаңдатып, эркелетип жиберсек, кийин көргүлүктү ошондо көрөбүз. Саамыйды ээрчитип алып, кээ бир келиндер өңдөнүп кете берсе биздин колдон эмне келет. Башынан сөз ашырбай бирдеме десе эле беттен алып турган тажаал келиндер – башынан башкарылбаган келиндер деп ойлончу кемпир".

Кайненесинин ичинде кандай ит өлүп жатканы менен келиндин иши эмне. Таң эртеңден башталган ыбырсыган түйшүк түн ортосуна чейин уланат.

Кара казан

Жасайм десе, бүткөрөм десе иш деген толтура тура. Тынбай эле иштеп аткандай сезилет, бирин бүткүчө экинчиси даяр болуп калат. Мурда келиндер кандай иш болсо да заматта бүткөрүп койчудай, жапжаш немелер деле чарчабачудай сезилчү. Мына эми башына түшкөнү билип отурат, чарчайт экен, булар деле жорулат экен. Баарынан да кайненесинин бир жумушун бүтүргүчө экинчисин таап койгону башында таңдандырса, кийинки кездери жинине тийип жүрөт. Бирок анысын айта албайт. Туруп-туруп эле бук болчу адат таап алды. "Күйөөгө тийүү деген көзгө көрүнбөгөн бир торго чырмалуу деген сөз тура".

Жаңы келин болуп келгендеги көтөрүңкү маанай басылып, сыртка чыкпай үй ичинде эле күймөнө берчү адаты тажата баштаган. Эшик-эликке чыкпай, башкалар менен сүйлөшпөй, төрт дубал ичинде камалып калуу адамды буулуктуруп иет экен. Ошентип ичтен сызып жүргөндө капыстан курбулары келип калбаспы. Закештин сүйүнгөнүн айтпа, кыз кезиндеги сырдаштарын сагына түшкөн экен. Сөздөрү түгөнсөчү. Эшик алдында эле кудум кыз кезиндегидей шарактап алышты. Кимиси ойлоп тапса да жакшы кылган экен, Закеш курбуларын сагынып атканын билгендей дал ушул күнү келишкенин айтпайсыңбы! Кыз деген боорукер, курбусун атайы издеп келип жатышпайбы. Сагынычы таркашкандан кийин үйгө киришмей болушту. Закештин турмушу кыздарга кызык. Кантип жашап жатты экен, деген суроо баарынын башында турду. Булар да күйөөгө чыгышат. Кыздарды кызыкчараак абалга кайненесинин калаты суроолору капталтты окшойт. Кемпир ички үйдө жүн тытып отурган.

"– Сен кимдин кызысың? – деди кемпир плащчан кара кызга.

– Жаңыл энемдин, – деп жооп берди кыз.

– Баса, – деп койду кемпир.– Энеңди тартып, эки колуңду чөнтөгүңөн чыгарбайт турбайсыңбы. Сенчи?

Костюм-юбка кийип, башына чарчы жоолук байланган ак жуумал кыз обдулду да жооп берди:

– Сартбайдын кызымын.

– Баса, – деди кемпир ага да, – атаңды тартып мурдуң кырдуу экен. Кемпир келген эки кызды отура электе эле ушундай сөздөр менен «сындырып» коюп, жүнүн тытып отура берди. Башка сөз айткан жок. Кыздар экзамен бергенде да мынчалык кысылып көргөн эмес. Алар отурушкандан кийин бир-бири менен шыбырап сүйлөп калышты. Закеш кыздарды үйгө баштаганына өкүндү, нары кысылып, досторунун алдында уялып турду.

– Курбуларыңа чай кайнатып бербейсиңби? – деди кемпир бир оокумдан кийин Закешке.

Закеш кыздарга карады эле, алар «жок, ыракмат, ичпейбиз!» дегенсип чүйрүңдөшүп койду".

Курбу кыздарынын алдында Закеш сынып калды. Кайненеси үйгө келген меймандарга ушундай мамиле кылат деп күткөн эмес. Байкуш кыздар шыбырап сүйлөшүп, өз ара ымдашып-жымдашып калышты. Үй ичи чымын учса угулгудай тымтырстыкка батып, кыздар унчукпай отурушту. Көпкө отура алышпай кетели дегендей бир убакта дуу козголушуп сыртка атып чыгышты. Сыртта ачык асман, тегерек-чет ачык болчу. Кыздар сүйлөшүп алышкансып күлүп жиберишти. Чунак кыздардын бири "кайненем ушундай болсо, бир күн да турбас элем" деп ийбеспи. Алардын сөзүн кемпирдин сак кулагы үй ичинен тыңшап отурганы менен иши не, тигилер каткырып курбусу менен коштошуп кетип калышты. Келинди бир кызык ой ээлеп алды. Энеси эмне үчүн курбуларын жактырбады?! Шарактап эмнеге жүрүшөт дедиби? Закеш кыз кезиндеги эркиндигинен биротоло кол үзгөндүгүн, эми ал эч качан кайрылбасын ойлоп, маанайы ансайын чөктү. Кемпирдин болсо эч нерсе менен иши жоктой, жүнүн тытып, үйгө киши кирсе мен бул жактамын дегенсип куру жөтөлүп, үйдө ким кожоюн экенин билдирип отурат.

Эне-бала урушу

Саамый түшкү тамакка келгенде да энесинин үйдө экенин жөтөлүнөн билди.

"Түшкү чайды ичип жатканда чай куюп отурган Закештин көзү Саамыйдын көзү менен кандайдыр айкалыша кетти. Саамый мурутунан күлдү да акырын көзүн кысып койду. Закеш күлүп жибере жаздап, кызара төмөн карады.

– Чыныны алып чай куй, жер тиктебей, – деди кайненеси. – Тузду мага жакын койчу, чайдын такыр эле даамы жок...

Закештин жүрөгүндө көңүлсүздүк пайда болду. «Чайды мындан артык дагы кандай куюш керек?» деп ойлонду ал, туз салган кутуну энесине жылдырып жатып.

Чайын ууртап отурган кемпир жаңкы кыздар жөнүндө сөз козгоп калды:

– Эмки кыздар эркек баладан да жаман. Ошолорду алган киши эмне болот?!

– Эне кайсы кыздарды айтып жатасыз? – деди Саамый.

– Закештин достору, короого чыгып алып шаңкылдашат эле шаңкылдашат...

Ичинен иренжип отурган Закеш бул сөздөрдү уккандан кийин андан бетер көңүлсүз болду. Сөздүн төркүнү өзүнө тийип жаткансыды. «Бирөөнүн кыздарында кемпирдин жумушу эмне?» Ал ушундай ойлоп отуруп, кайненесинин бошогон чынысын дагы көрбөй калды.

– Ботом, чай куйбайсыңбы!

Шашып калган Закеш чыныны ала коём деп сүтүн төгүп алды. Ушул бир көрүнүшкө Саамый ичинен кападар боло баштады. Акыл-эстүү келинин мындай каккылап отуруунун эмне кереги бар? Кемпирге эмне жетпейт?"

Саамый биринчи ирет ушунда аялына болушарын билгизди. Кыздардын кандай жүргөнүн эмне кыласыз. Бирөөнүн жаш баласын антүүгө болбойт, деди. Кемпир "мен эмне дептирмин. Кыздардын ыйбаалуу болгону жакшы да" - деп, уулунун келини тарапта болгонун жактыра бербеди.

Арадан кыйла күн өткөндөн кийин Закеш кайненесине ишке чыгууну айтса, анысы "үч-төрт ай коё тур" деп макул болбоду. Инилерин сагынып үйгө барып келүүнү айтса ага да жообу даяр экен. "Сагынсаң чакырып ал. Жаңы түшкөн келин атасыныкына жетип барса уят болот", деп тыйып койду. Кийинчерээк кайнатасы ортого түшсө да кемпир макул болбоду. Үйдө билинбей өрчүп бараткан талашты өөрчүтпөш үчүн Саамый энесине ачык айтмакчы болду эле Закеш каршы чыгып туруп алды. Энем акыры түшүнөт, ал үчүн күтүү керек. Бирок уулу күтпөдү.

"Чындыкты айтуу керек, минте берсеңиз бизден айрыласыз!" – деп жиберди ачууланган Саамый.

Кемпир "ушундай болмок!" дегенсип уулуна катаал карап турду да:

– Сен кетсең биз өлүп калат бекенбиз, – деди. – Кет, сени тууп ушу даражага жеткизгеним үчүн кет. Беш мүнөт турбай жогол! – Бул сөздөр аз келгенсип, кемпир калчылдап ордунан туруп, алдастап жыйылуу турган жүккө жетип барды. – Ал, мына бул дүнүйөңдү да ал, баарын ал! – Заматтын ортосунда жаздык, жууркандар биринин артынан бири оозгу үйдү көздөй учуп жатты.

Кемпиринин кыялын билген чал, күңкүлдөп эшикти көздөй жөнөдү:

– Кудай атты муну, желпинип албадыбы?!

Закеш эмне кылаарын билбей эшик түбүндө турду да калды. Чатактын мынчалык ырбап кетишин ойлогон да эмес. "Эми элдин баары менден эле көрөт. Азезилдей азгырып Саамыйга тийип алган соң, карыган ата-энесинен бөлүп алып жолго түштү" дешет. Закеш ушуну ойлоп сай-сөөгү сыздап турду".

Ошентип ойдо жок жерден эне-баланын ортосундагы чатак күчөп, төшөктөр эшикке ыргытылып, таарыныч-урунуч кошуналарга чейин угулуп, заматтын ортосунда будуң-чаң башталып кетти. Ачууга алдырган Саамый келинчегин колунан бурдай кармап кетели деп жетелемекчи болгондо Закеш: "Мен эч кайда кетпейм! Силерди бөлүп-жарганы келди дейсиңерби мени?!"- дебеспи. Ушундай да болот экен. Жалындап бараткан өрттү бир чака суу менен өчүрүү кандай кишинин колунан келерин Закеш көрсөтүп, эне менен баланын ортосунда жалындап бараткан өрттү бир сөзү менен басып койду. "Кемпирдин көзүнөн жаш томолонду".

Ошол уруштан кийин бул үйдөгүлөр кадимкидей өзгөрдү. Саамый келинчегинин акылына, кайнатасы дегеле бир сөзүн жөн өткөзбөгөн байбичесин жапжаш келини жылуу сөзү менен ийге келтирип койгонуна таңданды.

"Эртеси эртең менен Закеш тура электе кемпир самоор койду. Анын дабышын угуп Закеш тез турду да эшикке чыга берип далистен кайненесине туш келди. Кемпир Закештин колунан кармап анын арыктап калган сүйкүмдүү өңүнө, акылдуу кездөрүнө бир нече секунда карап турду:

– Жакшы жүрчү, садага кетейин. Инилериңди көрүп кел. Киного бар...

Мен өз энең эмесминби!"

Закештин баскан-турганын тескеп, андан кынтык издечү кемпирдин ордун боорукер эне ээлеп, бул үй-бүлөгө ырыскы-кут, ынтымак келген болчу. Зайракан жеңил ойлуулук кылып кайненесине өчөшүп Саамыйдын колун кармап үйдөн чыгып кете берсе деле болмок? Антсе чал-кемпирдин жалгыз уулун ата-энесинен ажыратып, эки үй-бүлө эки башка жерде турмуш кечирмек. Андайлар деле бар го. Жашоо-турмуш аркылдыгы менен кызык окшойт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG