Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:43

"Орообуз данга толсун": Кыргызстан Ноорузду майрамдоодо

Баткендеги майрамдык иш-чара. 20-март, 2022-жыл.
Баткендеги майрамдык иш-чара. 20-март, 2022-жыл.

Евразиянын бир катар мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленүүдө. "Нооруз" - байыркы фарс тилинин "науризи" деген сөзүнөн алынып, кыргыз тилинде "нау" – “жаңы”, "рузи" – “күн” деген маанини билдирет.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин бул майрамды жыл сайын 21-мартта белгилеп келүүдө. Совет бийлиги учурунда Нооруз кеңири майрамдалган эмес.

Бул күнү Кыргызстанда арча, чекенди, адырашман түтөтүп алас айтылып, жакшы тилектер менен сүмөлөк кайнатылат. Айыл, шаарларда улуттук оюн-зооктор ойнотулуп, сый тамактар жасалат.

Нооруз - көктөм майрамы

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы майрамдык салтанат. Бул күнү Кыргызстанда арча, чекенди, адырашман түтөтүп алас айтылат.
1/18 Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы майрамдык салтанат. Бул күнү Кыргызстанда арча, чекенди, адырашман түтөтүп алас айтылат.
Президент Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарова сүмөлөк аралаштырууда. Баткен. 20-март, 2022-жыл
2/18 Президент Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарова сүмөлөк аралаштырууда. Баткен. 20-март, 2022-жыл
2009-жылы Нооруз ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий

мурастардын тизмесине киргизилген.
3/18 2009-жылы Нооруз ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий
мурастардын тизмесине киргизилген.
Өлкө жетекчилигинин катышуусундагы Ноорузду майрамдоо иш-чарасы Баткенде биринчи жолу өтүп жатат.
4/18 Өлкө жетекчилигинин катышуусундагы Ноорузду майрамдоо иш-чарасы Баткенде биринчи жолу өтүп жатат.
Баткендеги Ноорузга арналган иш-чара.
5/18 Баткендеги Ноорузга арналган иш-чара.
Бишкектин 3 сейил багында спорттук оюндар, концерттик программалар уюштурулду.
10/18 Бишкектин 3 сейил багында спорттук оюндар, концерттик программалар уюштурулду.
Ноорузда сүмөлөк кайнатылып, жакшы тилектер айтылат. Айыл, шаарларда

улуттук оюн-зооктор ойнотулуп, сый тамактар жасалат.
16/18 Ноорузда сүмөлөк кайнатылып, жакшы тилектер айтылат. Айыл, шаарларда
улуттук оюн-зооктор ойнотулуп, сый тамактар жасалат.
Өрүк гүлү, Баткен. 21-март, 2022-жыл.
18/18 Өрүк гүлү, Баткен. 21-март, 2022-жыл.
Артка
Алдыга

Баткен - өлкө жетекчилигинин катышуусундагы майрам

21-мартта президент Садыр Жапаров Нооруз майрамына карата куттуктоосунда:

“Эл кызматындагылар саясатты экинчи планга коюп, эл-журттун камы, экономиканын өнүгүшү үчүн ишенимдүү кадамдарды жасап баштады”,- деп билдирди.

Ошондой эле президент бул майрамдын тарыхый маани-мазмунуна токтолду.

“Табият уйкудан ойгонгон бул күнү адамзат менен жаратылыштын ортосундагы бир бүтүндүктүн, гармониянын белгиси катары жүрөгүбүздө да аруу ниеттер, жакшы тилектер ойгонот. Эзелтеден эле ата-бабаларыбыз жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген ушул күндү жаздын, жаңылануунун майрамы катары белгилеп келишкен. Бири-бирине чын пейили менен куттук айтып, аруу тилектерин тилеген”,-деп белгиледи Жапаров.

Кыргызстандын бардык аймактарында Нооруз майрамы белгиленип, салтанаттуу иш-чаралар өтүп жатат. Жыл сайын майрамга карата негизги иш-чаралар адатта Бишкекте өткөрүлүп келген. Быйыл өлкө жетекчилиги катышкан негизги салтанаттуу иш-чаралар Баткен жергесинде өтүүдө.

Баткен облусу - Кыргызстан Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен аймакта жайгашкан. Тажикстан менен чек аранын 40%, Өзбекстан менен 15% тактала элек. Жер жана суу талашка байланыштуу Баткендин чектеш тилкелеринде чыр-чатак көп катталат. 2021-жылдын жазында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта ондогон адамдын өмүрү кыйылган, социалдык инфраструктура талкаланган.

Президент Жапаров Баткенде Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып аймактагы чек ара меселесин чечүүнү убада кылды.

“Жалпы республиканын өндүрүш комплексинде Баткен облусунун экономикасы маанилүү орунду ээлеп, чоң потенциалга ээ. Мына ушундай өлкө чеги башталган жерде жайгашкан, зор потенциалга ээ аймакты өзүнчө облус кылып түзүү иштери өз маалындагы эң туура чечимдердин бири болгон. Тилекке каршы, башталган кадам андан ары ташталбай, облус макамындагы аймакка анчейин көңүл бурулбай келгени, албетте, өкүндүрөт. Буга чейин чечилбей, бийликтен бийликке көйгөйлүү мурас болуп кала берген чек ара маселесинде чыр-чатактар куралдуу жаңжалга айланып, кейиштүү окуялар да болуп кетти. Биз, Кудай буюрса, мындай көрүнүштү кийинки муундарга калтырбайбыз”,-деди президент.

Нооруз майрамын өлкө жетекчилигинин катышуусунда майрамдоо иш-чарасы Баткенде биринчи жолу өтүп жатат.

Памирликтер менен Алай элин бириктирген Нооруз

Нооруз памирликтер менен жергиликтүүлөрдү

бириктирген майрамга айланган.
1/28 Нооруз памирликтер менен жергиликтүүлөрдү
бириктирген майрамга айланган.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Шарты катаал, кышы жети айга созулган айылда эч нерсе өспөйт. Марттын жыйырмасы

болсо да, Талды-Сууда калың кар кете элек.
2/28 Шарты катаал, кышы жети айга созулган айылда эч нерсе өспөйт. Марттын жыйырмасы
болсо да, Талды-Сууда калың кар кете элек.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Айылдын кире беришинде памирлик кыргыздар үчүн 11 үй курулган. Азыр

мында 17 үй-бүлө жашап жатат.
3/28 Айылдын кире беришинде памирлик кыргыздар үчүн 11 үй курулган. Азыр
мында 17 үй-бүлө жашап жатат.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Күмүшай Орозбек кызынын күйөөсү Алайдагы памирлик кыргыздардын ханы (башчысы).

Күмүшай кызы менен таң эрте суу ташып, майрамдык дасторконго даярдыкты баштады.
4/28 Күмүшай Орозбек кызынын күйөөсү Алайдагы памирлик кыргыздардын ханы (башчысы).
Күмүшай кызы менен таң эрте суу ташып, майрамдык дасторконго даярдыкты баштады.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Күмүшайдын келини Дөөлөт Ноорузга карата памирликтердин улуттук тамагы

каттамага камыр жайып жатат. Каттама - жука жайылган камырдын бетине,

астына май сүйкөп бышырылган нан.
5/28 Күмүшайдын келини Дөөлөт Ноорузга карата памирликтердин улуттук тамагы
каттамага камыр жайып жатат. Каттама - жука жайылган камырдын бетине,
астына май сүйкөп бышырылган нан.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Памирлик кыз-келиндер каттаманы казанда бышырып көнүшкөн. Кыргызстанга

келгенден бери алар тиричилик техникасын да өздөштүрүп жатышат.
6/28 Памирлик кыз-келиндер каттаманы казанда бышырып көнүшкөн. Кыргызстанга
келгенден бери алар тиричилик техникасын да өздөштүрүп жатышат.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Памирлик кыз-келиндер улуттук кийимдерин кийип, майрамдык салтанатка

жөнөштү. Алар кийиминде кызыл өңгө басым жасашат.
7/28 Памирлик кыз-келиндер улуттук кийимдерин кийип, майрамдык салтанатка
жөнөштү. Алар кийиминде кызыл өңгө басым жасашат.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Талды-Сууда 2000ден ашык калк жашайт. Жазды кеч тоскон айыл Нооруз

майрамына өзгөчө даярданат. Майрам айылдагы чакан маданият үйүндө өтөт.
8/28 Талды-Сууда 2000ден ашык калк жашайт. Жазды кеч тоскон айыл Нооруз
майрамына өзгөчө даярданат. Майрам айылдагы чакан маданият үйүндө өтөт.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Айылдагы элечек кийген апалар айыл өкмөт башчысы Турусбек Таевди май токоч, сары

май менен тосуп алышты.
9/28 Айылдагы элечек кийген апалар айыл өкмөт башчысы Турусбек Таевди май токоч, сары
май менен тосуп алышты.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Талдысуулуктар Нооруздун урматына улуттук тамак-аш көргөзмөсүн

уюштурушту. Чакан залда тамак-аштын 60тан ашык түрү дасторконго

жайылды.
10/28 Талдысуулуктар Нооруздун урматына улуттук тамак-аш көргөзмөсүн
уюштурушту. Чакан залда тамак-аштын 60тан ашык түрү дасторконго
жайылды.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Эттен даярдалган улуттук тамактар. Нарын, күлазык, олобо, жөргөм, ташкордо, быжы, бешбармак, куурдак.
11/28 Эттен даярдалган улуттук тамактар. Нарын, күлазык, олобо, жөргөм, ташкордо, быжы, бешбармак, куурдак.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Актан даярдалган тамактар. Айран, сүт, каймак, сары май, сүзмө, курут, быштак, кымыз.
12/28 Актан даярдалган тамактар. Айран, сүт, каймак, сары май, сүзмө, курут, быштак, кымыз.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Дасторкондун жанында улуттук кийимчен апалар тамак-аштын жасалышы

жана тарыхы менен тааныштырып жатышат. Мисалы, күл азык мурун узак

сапарга, аӊ улоого, жүрүшкө, казатка чыгаарда даярдалчу.
13/28 Дасторкондун жанында улуттук кийимчен апалар тамак-аштын жасалышы
жана тарыхы менен тааныштырып жатышат. Мисалы, күл азык мурун узак
сапарга, аӊ улоого, жүрүшкө, казатка чыгаарда даярдалчу.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Айылда дан өсүмдүктөрү катаал шартка байланыштуу өспөйт. Аялдар буудайды

базардан сатып алып келип, үйдө өндүрүп, түнү менен сүмөлөк бышырышкан.

Мал менен жан баккан айылга аптасына бир азык-түлүк сатып

келишет.
14/28 Айылда дан өсүмдүктөрү катаал шартка байланыштуу өспөйт. Аялдар буудайды
базардан сатып алып келип, үйдө өндүрүп, түнү менен сүмөлөк бышырышкан.
Мал менен жан баккан айылга аптасына бир азык-түлүк сатып
келишет.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Көргөзмөдөгү апалар.
15/28 Көргөзмөдөгү апалар.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Көргөзмөгө каттама алып келген Күмүшай Орозбек кызы неберелери менен.
16/28 Көргөзмөгө каттама алып келген Күмүшай Орозбек кызы неберелери менен.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Токчулук, дасторкон толо тамак-аш.
17/28 Токчулук, дасторкон толо тамак-аш.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Дасторкондун көркүн ачкан патыр нан.
18/28 Дасторкондун көркүн ачкан патыр нан.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Дасторкондондогу дүйүм даамды айылдагы алты көчөнүн тургундары өз-

өзүнчө даярдашкан.
19/28 Дасторкондондогу дүйүм даамды айылдагы алты көчөнүн тургундары өз-
өзүнчө даярдашкан.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Бүгүн мыкты дасторкон үчүн көчөлөр арасында таймаш уюштурулду.
20/28 Бүгүн мыкты дасторкон үчүн көчөлөр арасында таймаш уюштурулду.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Калыстар тобу таймаштын жеңүүчүсүн аныктай албай талашып-тартышып жатат. Алар катышуучулардын ар бири күн-түн дебей эмгектенип, майрамга мыкты даярданганын белгилешти.
21/28 Калыстар тобу таймаштын жеңүүчүсүн аныктай албай талашып-тартышып жатат. Алар катышуучулардын ар бири күн-түн дебей эмгектенип, майрамга мыкты даярданганын белгилешти.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Маданият үйүндө айылдык мектептин мугалимдери, окуучулары чакан концерт да уюштурду. Башка шаан-шөкөт, маданий жашоосу жок айылдыктар концертти көрүп, кубанып отурушат.
22/28 Маданият үйүндө айылдык мектептин мугалимдери, окуучулары чакан концерт да уюштурду. Башка шаан-шөкөт, маданий жашоосу жок айылдыктар концертти көрүп, кубанып отурушат.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Кыргыз бийин бийлеген памирлик жеткинчектер.
23/28 Кыргыз бийин бийлеген памирлик жеткинчектер.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Памирлик кыздар Кыргызстанга келгенден кийин мектепке бара башташкан. Бүгүн алар да курдаштары менен музыкалык номер даярдап, эл алдына чыгышты.
24/28 Памирлик кыздар Кыргызстанга келгенден кийин мектепке бара башташкан. Бүгүн алар да курдаштары менен музыкалык номер даярдап, эл алдына чыгышты.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Концертке келген памирлик келиндер. Памирде алар Нооруз майрамын белгилешкен эмес. Ошондон улам маданий иш-чараны таң калуу менен карап отурушту.
25/28 Концертке келген памирлик келиндер. Памирде алар Нооруз майрамын белгилешкен эмес. Ошондон улам маданий иш-чараны таң калуу менен карап отурушту.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Майрамда балдар да кубанып жатышат.
26/28 Майрамда балдар да кубанып жатышат.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Айылдын байбичеси Алима Насирова жаздын келишин, токчулукту,

молчулукту тилеп отурат.
27/28 Айылдын байбичеси Алима Насирова жаздын келишин, токчулукту,
молчулукту тилеп отурат.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Калың карга карабай Ноорузду белгилегендер.
28/28 Калың карга карабай Ноорузду белгилегендер.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.
Артка
Алдыга

Президент жергиликтүү кол өнөрчүлөр жасаган буюмдардын көргөзмөсү менен таанышып, Ноорузга карата жасалган сүмөлөктөн ооз тийип, ушу тапта майрамдык концертке күбө болууда.

Бишкек шаары. 21-март, 2022-жыл.
Бишкек шаары. 21-март, 2022-жыл.

Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чара

Бишкектин Ала-Тоо аянтында Ноорузга арналган майрамдык иш-чарада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр алтын кенин өз алдынча иштетип кете алганы Кыргызстанга чоң ишенич жаратканын” айтты.

Ал кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, экономика жаатындагы жетишкендиктер тууралуу айтты. Кумтөр алтын кени Кыргызстандын башкаруусуна өткөнүн былтыркы жылдын тарыхый окуясы жана элдин жеңиши деп атады:

"Тышкы башкаруу киргизилгенде эсебинде болгону 48 миллион доллар болсо, жылдын аягында 220 миллион доллар таза киреше менен чыкты. Алтын мындан ары толугу менен кыргыз элине өттү. Алтындын азыркы дилилденген запасы 200 тонна, адистер 200-300 тонна бар деп айтып жатышат".

Акылбек Жапаров кыргыз өкмөтү "Кумтөрдү" өзү иштете баштаганда "Центерра" кенди "талаага таштап, өлкөдөн чыгып кеткенин", ошондогу кырдаал "катастрофалык кесепетке, адам курмандыктарына алып келмектигин", "Кыргызстан татаал, жогорку технологиялык өндүрүштү иштетип кете алабы деген сыноо болгонун" кошумчалап, "биз иштетип кеттик" деп белгиледи.

Нооруздагы көкбөрү

2009-жылы Нооруз ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген.

Бүгүн, 21-мартта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Нооруз майрамына арналган республикалык мелдештин финалдык оюндары өтүүдө.

Биринчи лиганын финалын “Бакубат-Талас” командасы утту. Финалда “Ийгилик” командасы менен беттешип, 4:1 эсебинде жеңип алды. Нооруз турниринде Биринчи лигада быйыл жалпысынан 21 команда ойноду.

Финалдык беттештерди түз эфирден көрүңүз:

Ал эми Жогорку лиганын финалында “Ынтымак” жана “Сары-Өзөн” командалары беттешет. Оюн саат 15:30да башталат. Оюнду түз эфирде "Азаттыктын" социалдык тармактардагы барачаларынан көрө аласыздар.

Жогорку лигада биринчилик үчүн 6 команда ат салышты. Кечээ, 20-мартта 3-орун үчүн “Достук” жана “Ала-Тоо” командалары беттешип, оюндун негизги жана кошумча берилген убакыты 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кийин булитте “Ала-Тоо” командасынын оюнчусу Манас Ниязов жаракат алгандыгына байланыштуу “Достук” оюнчулары өз ыктыяры менен жеңишти “Ала-Тоого” ыйгарды. 5-орунду "Мурас", 6-орунду "Көк-Жал" командасы алды.

Нооруз майрамына арналган республикалык турнирде АКШдан келген ковбойлор менен Кыргызстандын көкбөрү федерацияларынын өкүлдөрүнүн көрсөтмө оюндары болуп, биринчи оюнда 6:5 эсебинде жергиликтүү көкбөрүчүлөр утса, экинчи оюнда 8:6 эсебинде ковбойлор жеңишке жетти.

Бул беттештер “Көчмөн менен ковбой бирге жарышта” долбоорунун алкагында өттү. Аталган долбоор Кыргызстан менен АКШнын кызматташтыгынын 30 жылдыгына арналган.

Нооруз майрамына арналган республикалык ат оюндарынын негизги бөлүгү Чолпон-Ата шаарынан сырткары Баткен шаарында да өттү. Баткендеги оюндарда 12 команда ат салышты.

Куржундар
XS
SM
MD
LG