Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Министр Исманкуловдун медициналык борбору көчүп жатканын билдирди


Алмазбек Исманкулов.
Алмазбек Исманкулов.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан Алмазбек Исманкуловдун менчик медициналык борбору көчүп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматты Алмаз Исманкуловдун өзүнөн тактоого мүмкүн болгон жок.

18-мартта Алмазбек Исманкулов Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, медициналык борбору бейтаптарды кабыл алып, кадимки тартипте иштеп жатканын билдирген. Ал имаратты ижарага алуу боюнча Бишкек мэриясы менен түзүлгөн келишим күчүндө экенин, ижара акысын төлөө боюнча буга чейин бир да жолу маселе жаралбаганын белгилеген.

Исманкулов борбордун айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу Башкы прокуратурага, Жогорку Кеңештин тармактык эки комитетине кайрылганын билдирген. Ал имаратты ижарага алган 25 жылдай убакыт ичинде медициналык борбор мамлекетке 1 млн. доллардын тегерегинде каражат төккөнүн айткан болчу.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борборун мамлекеттик имараттан чыгаруу иши жүрүп жатканын билдирген. Исманкулов бул талапты аткарбай жатканын айтып, кире беришине кум-шагыл төгүп салууга аргасыз болуп жатканын айткан.

Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин маалыматы боюнча, Исманкулов мэриядан имаратты ижарага алуу тууралуу келишимди 2012-жылы түзгөн. Ижара акысы башында 164 миң сом болуп, кийин 214 миң сомго көтөрүлгөн. Имараттын аянты 1075 чарчы метр. Ар беш жыл сайын ижара мөөнөтү узартылып турган. (TSh)

XS
SM
MD
LG