Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:44

УКМК маңзат саткандарды калкалаган подполковник кармалганын билдирди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маңзаттарды сатуу менен алектенгендерди коргоп жүргөн Р.Ю.М. аттуу ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, милициянын подполковниги кармалганын билдирди. УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 11,51 кг баңгизатты коңшу мамлекетке алып өтүүгө аракет кылып кармалгандарга (А.М.А. жана К.К.М.) карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында бул ишке катыштыгы бар О.А.Ы. аттуу үчүнчү адам кармалды. Маалыматта ал Кыргызстандын жараны экени жана кылмыш болгон жерден качып кеткени белгиленген.

Алардын колдоочусу катары Кыргызстандын Р.Ю.М. аттуу жараны, милициянын отставкадагы полковниги кармалып, анын үйүн тинтүү учурунда баңгизат табылганы маалыматта айтылат. "Бул жагдай анын баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар экенин тастыктады", - деп жазылган.

Кармалгандар Талас облусунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

2020-жылы баңгизаттарына байланыштуу 795 кылмыш иш катталып, күч органдары 4 тонна 943 килограмм баңгизатын алган. 2021-жылы болсо 990 кылмыш катталып, 4 тонна 202 килограмм маңзат алынган.

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 10 интернет дүкөнүнүн уюштуруучуларын кармап, 19 дүкөндүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын билдирүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG