Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Байден Европада Орусияга каршы жаңы санкциялар тууралуу жарыялайт


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден ушул аптада Брюсселде Кошмо Штаттардын европалык өнөктөштөрү менен жолугушууда Орусияга карата жаңы санкциялар жөнүндө жарыялайт. Бул тууралуу Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан 22-мартта журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, 24-мартта Орусияга каршы санкциялардын кошумча пакети гана эмес, аларды кыйгап өтүүгө жол бербөө чаралары тууралуу да маалымат берилет.

Байден Европа сапарында НАТО, G7 жана Европа кеңеши боюнча өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрүп, Орусиянын Украинада жүргүзүп жаткан согушуна каршы аракеттерди талкуулайт.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери бул өлкөнүн 10 миллионго чукул жашоочусу үй-жайын таштап качууга мажбур болду, алардын 3,5 миллионго жакыны чет өлкөлөргө чыгып кетти. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG