Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:52

Украинада каза болгон жигиттин сөөгү Кыргызстанга жеткирилет


Украина. 2022-жылдын 21-марты.

Бүгүн 23-мартта Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык жигиттин сөөгү мекенине алынып келери айтылууда. Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында туулуп өскөн орус жараны Эгемберди Дорбоев каза болгонун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган.

22-февралда окко учкан жигит 19 жашта болгону, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрү маалым болгон.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG