Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:24

Ошто турак жай кооперативине нааразылар митингге чыкты


Курулуп жаткан турак жай. Кыргызстан, Бишкек. Иллюстрация.
Курулуп жаткан турак жай. Кыргызстан, Бишкек. Иллюстрация.

Бүгүн, 22-мартта "Биринчи турак жай" кооперативине нааразы болгон ондон ашуун адам Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын алдына митингге чыкты. Алар Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунун аймактарынан келип, мурда төлөгөн акчаларын кайтарып берүүнү талап кылышты. Бул тууралуу жактоочу Жылдыз Кадырова "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылы түзүлгөн кооперативдин жетекчилиги мүчөлөрүнө канча кишиге турак-жай берилгени тууралуу отчет берген эмес.

Милициянын маалыматына ылайык, “Биринчи турак жай” коммерциялык эмес кооперативинин 28 мүчөсү арыз жазган. Арыз "Алдамчылык" беренеси менен катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жактоочунун айтымында, кооперативдин Ош облусу боюнча 122 мүчөсү бар. Анын 27си үй алган. 95 адам кезекте турат. Үй алгандар кооперативге 20 млн. 57 миң сомдон ашуун карыз. Ал эми кезекте турган 95 адамга 35 млн. сом берилбей жатат.

Ош шаардык милициясы бүгүнкү күнгө карата эки кооперативге каршы арыз түшкөнүн маалымдады.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук милициясы "Белый Дом Кейжи" ("Ак үй Кейжи") кооперативинин негиздөөчүсү алдамчылыкка шектелип кармалганын кабарлаган. Мунун алдында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы S-LINE коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирген.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны 70тин тегерегинде.

Улуттук банк буга чейин элден акча чогултуп, анын үстүнө кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен. Ошол эле кезде кооператив менен там алгандар да көп. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG