Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Украинада окко учкан төрт тажик жаранынын сөөгү мекенине жеткирилди


Украинанын аймагында талкаланган орус аскердик техникалары.
Украинанын аймагында талкаланган орус аскердик техникалары.

Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн катарында Украинадагы согушка катышып, мерт болгон төрт тажик жаранынын сөөгү мекенине кайтарылды. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы жазды.

50 жаштагы Сайдакбар Саидовдун сөөгү өзү туулган Хатлон облусунун Хамадони районунун Тудабойон айылында жерге берилди. Ал Украинанын кайсы жеринде каза болгону белгисиз. Жакындары журналисттерге кенен маалымат берүүдөн карманды.

Аталган айылдын башчысы, маркумдун агасы Ёрмухаммад Саидов бир тууганы көп жыл мурун Орусиянын жарандыгын алганын, акыркы мезгилде ал өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөп келгенин гана учкай айтты.

Украинадагы согушта каза болгондордун бири - 38 жаштагы Рамазон Муртазаев да ушул эле райондун тургуну болуп чыкты. Анын жакындары да “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчыларына комментарий берүүдөн баш тарткан.

Калган эки тажик жаранынын тек-жайы белгисиз. Айрым маалыматтарда ал жакта каза болгон тажикстандыктардын саны онго чейин жетиши мүмкүндүгү айтылды.

Орусиянын армиясынын катарында Украинадагы согуштук аракеттерге катышкан теги кыргызстандык, бирок орус жарандыгын алган 19 жаштагы жигит каза болгону ырасталды. Ал Орусиянын армиясында кызмат өтөп жүргөнү жана Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөнү маалым болду. Маркумдун сөөгү 23-мартта Кыргызстанга коюла турган болууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG