Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:42

Z жана V согуштун символуна кантип айланды?


Орусиянын аскердик техникасы Украинага бастырып кирген алгачкы күндөрдө көзгө чалдыккан латынча Z жана V тамгалары тергеп айтылган “атайын операциянын” расмий символу болуп калды.

Флешмобго катышкандар орусиялык аскерлерге колдоо иретинде Z формасында тизилип, бул тамганы машинелерге жана коомдук транспортко, жарыя такталарга жана футболкаларга тартып жатышат.

Украинага Орусия бастырып кирген биринчи күндөрдө социалдык тармактарда латынча Z жана V тамгалары жазылган орусиялык аскер техникасы көзгө чалдыга баштады. Ошондо эле бул эмнени билдирет деген түркүн жоромолдор айтылып жаткан. Айрымдар бул аскерлердин жүрүш багытын, б.а. Z “Запад” (“Батыш”) дегенди билдирет деп ойлошту. Дагы бирөөлөр V жана Z – бул Украинанын президенти Владимир Зеленскийге ишарат деп чечмелеп көрүштү.

Уюмдун негиздөөчүсү Руслан Левиев аскер техникасындагы Z тамгасы Батыш аскердик округун, ал эми V – Чыгыш аскердик округун билдирет дейт. Үч бурчтук менен белгиленген техника Түштүк аскер округуна, ал эми кыйгач сызык Борбордук аскер округуна таандык. Орусиянын аскер кызматчыларына тиешелүү булактар иликтөөчүгө ушундай түшүндүрмө берген.

“Мында белгилерди түшүрүү боюнча жоокерлерге так көрсөтмө берилген эмес. Ошондуктан булар аскер техникасына ушундай ар башкача тартылып калган.
Аскердик техникага бул белгилер машыгууларда айырмалоо үчүн коюлган имиш деген да пикир бар. Машыгуулар Беларуста гана болгон, ал эми боёк тамга Украинанын бүтүндөй чек арасын бойлото жайгаштырылган аскер техникасынын баарына түшүрүлгөн. Анын үстүнө, машыгууда эч ким эч качан техниканы минтип кайра белгилебейт – боёгун жууп, анан кайра сырдай бергендин кажети жок. Чыныгы машыгууларда кызыл, көк желекчелер таратып берилет – эки түс эки башка команданы билдирет”, - дейт Левиев.

Z тамгасы менен белгиленген танка. Волновоха шаары, 2022-жыл, 11-март.
Z тамгасы менен белгиленген танка. Волновоха шаары, 2022-жыл, 11-март.

Минтип белгилөө согуштук аракеттер учурунда техниканын кайсы аскердик топко таандык экенин айырмалоо үчүн талап кылынган деп түшүндүрдү иликтөөчү.

“Согуш башталгандан бир апта өткөндөн кийин кремлдик үгүтчүлөр мифке окшой баштаган Z белгисин өз максаты үчүн пайдаланууну чечишти. Ошол эле кезде Z – бул “Жеӊиш үчүн” (“За победу”), V – “күч чындыкта” (“сила в правде”) деген акылга сыйбаган чечмелөөнү айта башташты. Мунун негизинде Георгий тасмасына окшош бренди жасалды. Баары акыры эмнеге алып келгенин көрүп турабыз. Азыр Z тамгасы үгүт брендине айланганына байланыштуу, менимче, согуш талаасындагы аскерлер бул белгилердин мурдагы маанилеринен баш тартты. Мурда эч кандай белги коюлбаган техниканын баарына эми текши Z тамгасын жаза баштады. Мисалы, резервден келген болсо, ушинтишет”, - дейт Левиев.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул символдорго эч кандай түшүндүрмө берген жок. Мекеменин Инстаграмдагы аккаунтунда бул тамгаларды пайдалануу менен "Zа мир", "Zа правду", "Zаканчиваем войны", "ZаПацаноV" ж.б.у.с ураандарды чыгарышты.

Орусиянын RT мамлекеттик телеканалы Украинадагы согушту “Z атайын операциясы” деп атап, ушундай символика менен футболка чыгарууга киришти. Мындай футболкалар жана машинелердеги чаптамалар Орусиянын ири интернет-дүкөндөрүнүн бири болгон Wildberries’те да пайда болду.

Согуш башталгандан бир жума өткөндөн кийин Кемерово облусунун губернатору Сергей Цивилев облустун расмий документтердеги аталышын “КуZбасс" деп өзгөртүүгө буйрук берди. Ал Z – "биринчи кезекте биздин жоокерлерди колдоо белгиси жана биздин коомдун тилектештигинин символу” деди. Забайкалье да аталышын өзгөрттү – өкмөттүн маалымат материалдарында аймак "Zабайкалье" деп жазылууда.

Андан көп өтпөй, SOTA басылмасы Кемерово облусунун бийлиги иштеп чыкканы айтылган коомдук пикирди жаратуучу лидерлер үчүн усулдук колдонмону жарыялады. Анда орусиялык аскерлерге кантип туура колдоо көрсөтүү керектиги жөнүндө сунуштар келтирилген: аскерлерге кайрылууларды, ырларды, обондуу ыр менен клиптерди жазып, атүгүл онлайн эстафета жүргүзүүгө болот дешкен.

Блогерлер өз жарыяларында "ZаРоссию", "ZаНаших", "ZаПутина", "СвоихНеБросаем" сыяктуу хэштегдерди колдонууга милдеттүү. Бул хэштегдер боюнча социалдык тармактарда ар кайсы аймактардан чыгарылган миңдеген жарыяларды табууга болот. Булардын кыйласы катышуучулары ар кайсы курактагы балдар болгон билим берүү мекемелердин аккаунттарында жарыяланган.

Казанда ушундай иш-чараны хоспис уюштурду – анда дарыланган балдар, алардын ата-энелери жана уюмдун кызматкерлери Z тамгасына тууралап тизилди.

“Сол колубузга "ЛЭР", "ДЭР" жана Орусиянын желектери тартылган баракчаларды кармап, оӊ колубуз менен муштум кезеп турдук. Баары ойдогудай болду. Тартуу ишине квадрокоптер пайдаланылды, федералдык каналдан журналисттер да келишти”, - деди бул хосписти негиздеген фонддун башкармалыгынын төрагасы Владимир Вавилов.

Казандагы хоспис дарылануучу балдардын катышуусунда "Z-флешмоб" өткөрдү. Фонддун башчысы жана иш-чаранын демилгечиси Владимир Вавилов дарылануучу балдардын ата-энелери идеяны кызуу колдоду, анткени алар "Донбасстын балдарынын тагдырына кайдыгер эмес", - деп айтты.

Z тамгасын такыр күтпөгөн жерлерден, мисалы, Якутиядагы тооктордун “мекенчил жумурткаларынан” да көрүүгө болот.

Белгини Мамдума депутаты Татьяна Буцкаянын күйөөсү да желкесине жазып алган.

Латынча жөнөкөй эле Z тамгасы Орусияда кыска убакыт аралыгында ыйык мааниге ээ болду. Азыр аны мазактап, сындоого тыюу салынды. Бул тамга жөнүндө пикир жазганы үчүн Сургуттун жашоочусуна Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн баркына шек келтирген деген жаңы берене боюнча 40 миң рубль айып салынды.

Краснодардын 32 жаштагы тургуну Александр жол жээгинде илинип турган Z тамгасына түкүрүп кеткени үчүн полицияга кармалды. Иши сотко өткөн Александр 30 же 50 миң рублдик айыпка жыгылышы мүмкүн.

Екатеринбургда көчө сүрөтчүсүн Z тамгасына сөгүнгөн сөздү кошуп сүрөт тартканы үчүн полиция кармап кеткен.

Тамганы Украинадагы согушка колдоо символу катары эле эмес, аны колдобогондорду опузалоочу символ катары да пайдалана башташты.

Кино сынчысы Антон Долин Орусиядан кетердин алдында бул символ өзүнүн батиринин эшигине жазылганын көргөн экен.

“Мааниси түшүнүктүү. Биз сенин үй-бүлөң кайда жашарын билебиз, сактана бер дегени”, - деп жазды Долин.

Ушундай тамганы белгисиз адамдар “Театр” журналынын баш редактору Марина Давыдованын эшигине да чийип коюшуптур.

“Бир нече күндөн кийин менин эшигимде Z тамгасы пайда болду, анын маанисин толук билчү эмесмин. Ак түстүү эшикке чийилген кара тамга “азаны” билдирери гана түшүнүктүү эле”, - деп жазды Давыдова.

Калининграддык журналист, "Новый Калининград" басылмасынын мурдагы башкы редактору Алексей Милованов батири жайгашкан подъезддин астынан "Бул жерде чыккынчы жашайт" ("Zдесь жиVёт предатель") деген жазууну көргөн.

“Мемориалдын” кызматкерлери да өздөрүнүн кеңсесинде жүргүзүлгөн 14 сааттык тинтүүдөн кийин килейген Z тамгасын жана “Мемориал – бүттү” деген жазууну көрүштү.

Карета сарайындагы тинтүү түнкү саат 2де аяктаган. 14 саат бою кызматкерлер менен адвокаттарды киргизбей, тасмага тартууга, атүгүл телефон аркылуу сүйлөшүүгө да мүмкүнчүлүк берилбеген. Кеңсени тинтүүгө алгандар Z тамгасын көп кайталап, бир ирет “МеморЕал” деп жазышкан (кийин катаны оңдоп коюшту).

Эми бул тамганы согушка каршы иш-чаралардын катышуучуларын кууп таратуучу полиция кызматкерлери өздөрүнүн туулгасына (шлем) жаздырып алууда.

18-мартта Москва шаардагы "Лужники" стадионунда Крымдын жана Севастополдун аннексияланышынын сегиз жылдыгына карата өткөн митинг-концертте он миңдеген жарандар Орусиянын желегин жана орус аскерлеринин Украинадагы согуштук аракеттеринин символу болуп калган Z тамгасын Георгий тасмасы менен чогуу кармап турушту.

Москва, 18-март, 2022-жыл.
Москва, 18-март, 2022-жыл.

Концерттин алып баруучулары Орусия азыр Украинага жасаган чабуулу жөнүндө да сөз кылып, аны “согуш” деп атабай, “атайын операция” деп комментарийлеп жатышты. Алар орус аскерлери Украинада “нацизм” менен күрөшүп жатканын айтышты.

Митингде Орусиянын президенти Владимир Путин сөз сүйлөп, Украинага каршы аскердик операцияны баштоого Донбасстагы орусиячыл жарандарга каршы украин бийлигинин “геноциди” себеп болгонун айтты. Путин андан ары Библиядан цитата келтирип, аскерлердин эрдиги жөнүндө айтты. Анын сөзү бүткөнгө чейин "Россия-24" телеканалынан түз алып берүү үзүлүп кетти. 20 мүнөттөн кийин телеканал президенттин сөзүн кайрадан көрсөттү.

Мурдагы КМШ өлкөлөрүндө Кремлге ылым санап, Орусиянын аскерлери Украинага кол салган алгачкы жумаларда машинесине Z деген белгини чаптап жүргөндөр байкалды.

Кыргызстанда болсо коомчулуктун сынынан кийин жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер Бишкек шаарында автоунааларына Z белгисин чаптап алган айдоочуларды айыпка жыгып, белгини сыйрышты.

"Бул Кыргызстандын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 194-беренесинин 1-пунктуна каршы келет. Мыйзамга ылайык, 5500 сом айыппул салынып, автоунаасы айып токтотуучу жайына коюлат. Автоунаага уруксаты, атайын лицензиясы жок белги (наклейка) чаптап алууга болбойт", - деп билдирди "Азаттыкка" Бишкек милициясынын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу.

Орусияны колдоп митингге чыккандар. 22-март, Бишкек.
Орусияны колдоп митингге чыккандар. 22-март, Бишкек.

Анткен менен Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында Москвага колдоо иретинде 7-мартта жана 22-мартта Горький атындагы гүлбакта өткөн акциянын катышуучулары Z жана V тамгасы тартылган плакаттарды көтөрүп турганы байкалып, социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG