Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Бишкекте "Z" белгиси коюлган автоунааларга айыппул салынууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында автоунааларына "Z" белгисин чаптап алган айдоочуларга айыппул салынып, белги сыйрылууда. Бул тууралуу Бишкек милициясынын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу "Азаттыкка" билдирди.

"Бул Кыргызстандын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 194-беренесинин 1-пунктуна каршы келет. Мыйзамга ылайык, 5500 сом айыппул салынып, автоунаасы айып токтотуучу жайына коюлат. Автоунаага уруксаты, атайын лицензиясы жок белги (наклейка) чаптап алууга болбойт".

Социалдык тармакта Бишкек шаарынын көчөлөрүндө "Z" тамгасын чаптап алган автоунаалар пайда болгону тууралуу талкуу жүрүп жатат. Социалдык тармактын колдонуучулары бул белги Украинага басып кирген Орусиянын аскердик техникаларына жазылганын, алар көзөмөлдөгөн аймакка бул белги коюлуп жатканын айтышууда. Бул белги эмнени түшүндүрөрү жөнүндө так аныктама жок.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинанын бир катар шаарларында аткылоолор жана бомбалоолор уланууда. Киев менен Москванын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы 7-мартта өтөрү кабарланган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG