Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Мариуполдон карапайым элди чыгаруу аракети кайрадан үзгүлтүккө учурады


Мариуполь. 27-февраль, 2022-жыл
Мариуполь. 27-февраль, 2022-жыл

Орус армиясынын блокадасына алынган Мариуполь шаарынан карапайым элди чыгарып кетүү аракети кайрадан ишке ашпай калды. Орусия колдогон жикчилдер менен украин расмийлери гуманитардык коридорго шарт түзө алган жок деп бири-бирин айыпташууда. 400дөй кишини эвакуациялоо жекшембиде түштөн кийин ок атышуу убактылуу токтотулганда башталып, кечки саат 9га чейин уланмак.

Бирок украин Ички иштер министрлигинин кеңешчиси Антон Геращенко орус тараптын тынымсыз аткылоосунан улам элди чыгаруу иши үзгүлтүккө учураганын айтты. "Интерфакс" агенттиги Донецкидеги жикчилердин расмий өкүлүнүн украин куралдуу күчтөрүн ок чыгарууну токтопогону үчүн айыптаган сөздөрүн келтирет.

5-мартта да шаар жашоочуларын коопсуз жерге эвакуациялоо иши үзгүлтүккө учураган. Ал ирет да тараптар бири-бирин айыптаган.

«Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык уюму Мариуполь портунда таза суу жана электрэнергиясы жок болуп жатканын айтып, кырдаалды «апаат» деп сыпаттаган. Кабарларга караганда, шаарга гуманитардык жардам жеткирүү мүмкүн болбой жатат.

Орусия кошуна өлкөгө кол салганына 11 күн болду. Бул күнү да жер-жерлерде салгылашуулар уланды. Бейкүнөө адамдардын өмүрлөрү кыйылып, шаар-кыштактар талкаланып, өрттөнүп жатат, бир жарым миллиондон көп киши өлөң төшөгүн таштап, коопсуз жерге кетүүгө мажбур болду.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус ракеталары Винницадагы жарандык аэропортту толугу менен талкалаганын 6-мартта билдирди.

Ага чейин чукул кырдаалдар кызматынын куткаруучулары ал жакта ракетадан кийинки өрттү өчүрүүгө аракет көрүп жатышканы маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG