Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:38

Британия кыргызстандыктарды жумушка чакырды


Лондон. Иллюстарция сүрөт.
Лондон. Иллюстарция сүрөт.

Улуу Британиянын мамлекеттик программасына ылайык, айыл чарбасындагы мезгилдүү жумуштарга иштегени 18 жаштан жогорку курактагы кыргызстандыктар бара алышат. Бул тууралуу эки өлкөнүн тиешелүү тармактары макулдашты. Мурдагы келишимдер менен Түштүк Кореяга да ишке барууга кезектеги тестирлөө башталат.

Британия тарап менен түзүлгөн жаңы макулдашуу жана башка өлкөлөргө жумушка орношуу шарттары тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков айтып берди.

- Эмгек мигранттары эмнелерди эске алышы керек?

Кубандык Акматбеков.
Кубандык Акматбеков.

-16-мартта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору менен Улуу Британиянын AGRI HR компаниясынын ортосунда Кыргызстандын жарандарын айыл чарба тармагына мезгилдүү жумушка орноштуруу жөнүндөгү макулдашууга онлайн форматта кол коюлду. Макулдашуунун негизинде Кыргызстандан жылына 1000 кишини ушул тармакка тартууга Улуу Британия тарабынан мүмкүнчүлүк алдык. Бул алты айлык мезгилдүү жумуш. Биздин 18 жаштан өйдө курактагы жарандар Улуу Британияга кирген Ирландия, Шотландия өңдүү мамлекеттерге барып иштей алышат. Англис тилин билүү шарт эмес, бирок, билгендерге артыкчылык берилет. Курагына, жынысына чек коюлган эмес. 25-35 жаштагы жарандарда көбүрөөк мүмкүнчүлүк болот.

Бул жумушка баруу ниети барлар AGRI HR компаниясынын сайтына кирип, ден соолугу, соттолбогону тууралуу маалымдамалары баштаган зарыл документтерди тиркеп, тиешелүү анкетасын толтурат. Ошондон кийин онлайн маектешүү өтөт. Үчүнчү баскычында, дальтонизм (өң-түстөрдү таануу), манжалардын иштөө мүмкүнчүлүктөрүн текшерет. Тандоо бүткөн соң, бизге Британия тарап "ушул жарандар тандоодон өттү, чакырабыз" дейт. Андан кийин биз сапарды уюштуруп беребиз.

-Кабыл алуу качан башталат? Сиз айтып аткан миң кишини жөнөтүү канча жылга эсептелген?

-Бул Улуу Британиянын 2019-2024-жылдарга эсептелген өкмөттүк программасы экен. Биз да келишимди 2024-жылдын аягына чейин деп кол коюштук. Буюрса, 2024-жылга чейин жыл сайын биздин жарандарды жөнөтүп турабыз деген ойдобуз. Бул сезондук жумуштар. Жер-жемиштин бышкан убагы жаздан баштап кеч күзгө чейин болгондуктан, биз келишимди кабыл алуу боюнча Улуу Британиядагы элчилик менен чогуу ыкчам иштедик. Жетишсек апрелде, болбосо май айында кеткенге шарт түзүү аракетиндебиз.

-Британияда мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргызстандыктар көп деген бейрасмий маалыматтар бар. Мындай эмгек мигранттарынын эсеби барбы?

-Бул биздин ишибизге кирбейт. Так айтып бере албайм. Биздин борбор - жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору. Азыркы келишим боюнча тактап, баса белгилеп кетким келет. Британиянын шарты боюнча алты айлык келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин биздин жарандар ишин жыйынтыктап, Кыргызстанга кайтып келиши керек. Мындай келишимдик шарттарды Түштүк Корея дагы коет. Келишимди так аткарышса, кийинки жарандарга да кетүүгө мүмкүнчүлүк болот. Эгер кандайдыр бир себептер мененби, же атайынбы жарандар жумушун таштап салса, же ошол өлкөдө калып калса, квотанын азайып кетиши же келишимдин жабылып калышы өңдүү кесепеттери болот.

"Түштүк Корея кыргызстандыктарга квотаны көбөйттү"

- Кыргыз өкмөтү Украинадагы согуштан улам пайда болгон кырдаалда эмгек мигранттарын ишке жайгаштыруунун кандай багыттарын караштырып жатат?

- Түштүк Корея менен 2007-жылдан бери келишим бар. Ошонун алкагында 15 жылдан бери 5 миңден ашык жараныбыз барып иштеп келүүдө. Жыл сайын жөнөтөбүз. Быйыл да тестке катышам деген жарандар 12-13-апрелде Бишкек шаарында, 14-15-апрелде Ош шаарында биздин борборго документтерин өткөрүшөт. Өткөргөн документтер текшерилип бүткөн соң, корей тараптын базасына киргизебиз. Анын негизинде кийинки тестти май айларына пландап жатабыз. Кореяныкы мезгилдүү жумуш эмес. 4 жыл, 10 ай иштегенге барышат.

- Алардын квотасы кандай?

-Биз жылдан жылга квотаны көбөйтүү багытында иштеп жатабыз. Буга таасир этчү көп факторлор бар. Биздин жарандар чет өлкөдөгү жүрүм-туруму, мыйзамды бузбагандыгы, келишим мөөнөтү бүткөндөн кийин дароо кайтуусу маанилүү. Эки тараптуу кызматташтыкка ылайык квоталар жылдан жылга көбөйүүдө. Маселен, 2019-жылы 500 болсо, 2020-жылы 750 болсо, 2022-жылга 1300 адамга квота берилди. Бирок, барам деген адамдар корей тилин билип, тесттен ийгиликтүү өтүшү керек. Тестти корей тарап онлайн жүргүзөт. Тесттен өткөндөр Кореянын Эмгек министрлигинин базасына түшөт. Ошол жерден корей ишкерлери биздин жарандарды жумушка чакыруу мүмкүнчүлүгүн алат.

Корея бул долбоор боюнча 16 мамлекет менен иш алып барат экен. Алардын ичинде Орто Азиядан Кыргызстан менен Өзбекстан бар. Андан тышкары Кореянын миңден ашык завод-фабрикалары бизди ишке чакырууга укугу бар.

-Британия, Корея, албетте, Орусиядан тышкары дагы кайсы өлкөлөрдөн чакыруу бар?

-Орусия менен көптөгөн келишимдерибиз бар. Жарандарыбызды азыр деле уюшулган түрдө жөнөтүп жатабыз. Алыскы чет өлкөлөрдөн азырынча Түштүк Корея менен Улуу Британия болууда. Жапониядагы жана башка өлкөлөрдөгү элчиликтер менен дагы бул багытта иш алып барууну пландап жатабыз.

-Кыргызстан эмгек мигранттарын чет өлкөлөрдө ишке жайгаштыруу боюнча жеке агенттиктер менен кандай тартипте кызматташат? Көзөмөл барбы?

- Андай агенттиктер менен кызматташтык жакшы өнүгүп келатат. Бул мыйзамдуу миграциянын жакшы түрү. Азыркы күндө 117 жеке агенттик бар. Алар биздин жарандарды 20 мамлекетке ишке орноштурушат. Алардын лицензия алышына кызыкдарбыз. Анткени, канча жаран, кайсы өлкөлөргө кетип жатканы тууралуу маалымат алып турабыз. Лицензияны биз аркылуу алышат. Анын шарттарына ылайык ИИМ, УКМК аркылуу текшерүүдөн өткөн соң, тармактар аралык комиссия тарабынан уруксат кагаз берилет. Өкмөт бекиткен токтомго ылайык алар ар бир үч ай сайын кайсы тарапка канча киши жөнөткөнү тууралуу маалымат берип турушат. Агенттиктер ишин өз алдынча жүргүзөт жана ар бир жөнөткөн адам үчүн жоопкерчилик алышат.

Албетте, жарандардын өз алдынча эмгек миграциясына чыгып кеткенге укуктары бар. Бирок, анын да кооптуу жагдайлары жок эмес. Ошондуктан жарандардын чет өлкөлөргө ишке биздин борбор же жеке агенттиктер аркылуу кетишин каалайт элем. Анткени, алар бараткан өлкөнүн шарттары, мыйзамдары, ага даярдыктары боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүзө алат. Бул жана башка маалыматтарды биздин жарандар migrant.kg сайтынан, Телеграм каналы аркылуу Info.kg баракчабыздан, социалдык тармактардан тааныша алышат.

- Орусиядан келип, башка өлкөлөргө кетүүгө жумуш сурап кайрылып жаткандар барбы?

- Биздин борбор ал иш менен алектенбейт. Чет өлкөгө жумушка кетүүнү сурап кайрылгандар көп эле болот. Бирок, биз алардан Орусиядан кайтып келдиби, сурабайбыз.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG