Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Германиядагы Айдана айылына мугалим издейт


 Айдана Абакир.
Айдана Абакир.

Германияда билим алып жаткан кыргызстандык Айдана Абакир Кыргызстанда алган билимдин чет жактагы пайда-зыяны, окуучу менен мугалимдин мамилеси, мугалимдин макамы туурасында "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Айдана учурда Ганновер техникалык университетинде билим алууда.

- Фейсбук баракчаңда айылда өзүң окуп кеткен мектепке англис жана орус тилдерин окуткан курс үчүн "айлыгы жакшы, жашаган жери бекер" деп мугалим издеп жаздың эле. Көптөр биз деле колдоп, айлыгын төлөп берели деген пикирлерди жазгандар бар экен. Сырттан мугалим издөөгө эмне себеп болду?

- Мектепти Алай районундагы Үч-Чат айылында аяктадым. Көпчүлүк эле айылдагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөдөн өтпөй калышканын байкадым. Мени менен чогуу 22 окуучу аяктадык эле, ошонун төрт-бешөө гана босого баллды алган. Көптөрү Бишкекке же Орусияга иштеп кетити. Алар "орус тилинен кыйналдык" деп айтып калышчу. Мен Ошко окууга тапшырып, эки жылдан кийин Германияга келдим. Бул жакка келип билимдин маанисин билдим. Ошондо айылдагы балдар дагы тилди эртерээк үйрөнүп, жок дегенде Орусияга мигрант болуп барса да тилден кыйналбай, жакшыраак иштерге кирет беле деген ой кетти. Мугалим издеген себебим ошондон болду.

Бул демилгени баштаганда атайын демөөрчү деле издеген эмеспиз, ата-энелер өздөрү эле төлөп берет го деп ойлогонбуз. Мен жазгандан кийин айылдан эле окуп, чет жакка кеткендер "биз дагы убагында тилден кыйналганбыз, кел жардам беребиз" деп жазышты. Мугалим оңой эле табылат деп ойлодум эле. Айыл дешеби же алыска барыштан коркушабы, айтор маянаны 30-40 миң сом кылабыз десек дагы табылбай жатат.


- Өзүң кантип тил үйрөнүп, Германияга окууга тапшырып калдың?

- Мен 8-класста окуп жатканда Швейцариядан Рут деген кыз балды изилдеп келип калды. Алайда жашап жүргөн учурда курс уюштуруп, барып-келген жол киресине деп 100 сомдон төлөп бермей болгонбуз. Бир айга 400 сом. Башында 10дой окуучу жазылып, улам азайып отуруп эки эле кыз калдык. Экөөбүз үчүн эле Алайдын борбору Гүлчөдөн келгенге болбой калат экен деп, курсубуз үзгүлтүккө учурап калды. Ошентсе дагы бир аз англис тилин үйрөнүп калдым. Мага ошол кыз аябай чоң таасир берди. Кийин ал кеткенден кийин дагы сүйлөшүп, байланышып жүрдүк. Ошон үчүн кээде айылдагы потенциалы бар балдарга жол көрсөткөн, мотивация берип, ойготуп көзүн ачкан бирөө жок болуп калат. Айылга мугалим деген демилге деле ошондон чыккан болчу. Келечегин Орусиядан, Бишкектен башка жерде элестете албагандарды ойготот беле деген ойдобуз.

Кээде баланын жакшы билим албай калганыны үчүн күнөө мугалимде дагы, окуучуда дагы болбой калат. Ошондо эмнени үйрөнмөк элең деп курска 400 сом бербей койгон ата-энелер болгон. Ошол эле учурда тойго, шеринеге 5 миң сомду жөн эле таап барышат. Акыркы убакта мени кубантканы - айыл жерлеринде дагы ата-энелер билимдин маанисин түшүнүп, алы жеткени шаарга чейин жиберип, болбосо айылда дагы курстар болсо жиберет элек деп өздөрү дагы кызыкдар болуп жатканы.

- Кыргызстандагы билим берүү системасын өзгөртүү зарылдыгын, айрым сабактарды кыскартып деле койсо болорун, сабак өтүү ыкмаларын өзгөртүү керектигин айтып, жазып жатасың. Балким, бул жакта окуган нерселер чет жакта такыр пайдасы тийбей жаткандан ошондой сунуштар айтылып жаткандыр. Мүмкүнчүлүгүң болсо эмнени өзгөртөт элең?

- Бул аябай олуттуу маселе. Биздин мектепте алган билимибиздин кандайдыр бир деңгээлде пайдасы тиет, кандайдыр бир деңгээлде тийбейт деп дагы айтаар элем. Биз мектепте түшүнүп окуп, анализдеп, критикалык ой жүгүртүп эмес, жаттап окуу, ошону гана айтып берүү менен эле чектелип калгандайбыз. Германиядагы окуучулар мектептен эле топтор менен же өз алдынча иштөөнү үйрөнүп, жогорку окуу жайга даяр болуп барат. Бизде мектепте мугалим окуучуну артынан түртүп жүрүп окутат, университетте деле ошол эле система. Билим берүү системасын өзгөртүү үчүн биринчи кезекте мугалимдин статусун көтөрүү менен башташ керек деп ойлойм. Ушул маселе көп ойлондурат. Бизде ЖРТдан эң аз балл алгандар же өтпөй калып педогогикалык коллежге тапшыргандар мугалим болуп жатат. Өз каалоосу менен мугалим болгон адамды сейрек кезиктиресиң. Шаарларда абал кандай билбейм, бирок айылга турмушка чыгып калсам деле жумуш табам деген жаш келиндер сырттан окуп алышат. Жакшы мугалимдер деле бар, бирок акыркы учурда ушундайды көп байкадым.

- Азыр мугалимдин макамын көтөрүү маселеси Кыргызстанда дагы көтөрүлүп жатат. Германия менен салыштырып көргөндө айырмасы абдан чоң да. Кантип ошого жеткирүү керек?

- Албетте айырмасы чоң. Германияда мугалим эң оор кесиптердин катарына кирет. Башкача айтканда, бардыгы эле окуй албай турган кесип. Бизде тескерисинче, начар окугандар мугалим болуп жатат. Буларда мугалим болуу үчүн көп тепкичтен өтүш керек, айлыгы дагы жакшы. Мугалиммин десе "вау" дешет, анткени кадыр-барктуу кесип.


- Учурда Кыргызстанда мугалим менен окуучунун мамилеси дагы кызуу талкууланып жатат. Мугалимге каяша айткан учурда айып пул салыш керек, жоопко тартуу сунуштары айтылып жатат. Мугалимдин макамын ушиндай жол менен көтөрүү мүмкүнбү?

- Биз каяша айтсаң мугалим бор менен атып урган, сабак аткарбай келсең китеп менен башка урган, мугалим тарабынан басынтылган эле мектепте окудук. Аны үйгө деле айтып бара албайсың. Советтер союзунун тарбиясы, түшүнүгү менен чоңойгон ата-энеге айтып барсаң "ырас кылыптыр, укпасаң ошондой" деп айтышат. Окуучуларды деле "сүттөн чыккан ак кашык" деп айта албайм. Аларда дагы ашыкча кеткен учурлар болот. Бирок алар бары бир жетиле элек баш балдар. Мугалим деген чоң, педагогикалык билим алган адам. Андайлар эч канчан окуучуга кол көтөрүп, психологиялык басым кылып, өзүнүн бийлигин колдонуп сабак өтпөйт. Бизде деле мектепте мугалим сабакка өзү дагы даярданып, бизден талап кылып турса каяша деле кылбай, окуганга аракет кылышчу.

- Азыр чет өлкөгө чыгып билим алууну эңсеген жаштар көп. Айылда эле окуп, тил үйрөнүп, чет өлкөдөгү окуу жайларга тапшырса боло турганын, дүйнө таанымын өзгөртүүгө боло турганын көрсөтүп жатасың. Кандай сунуштарды айтат элең?

- Мен дагы ошондой маанайды байкадым. Бирок биринчи кезекте тил үйрөнгүлө деп айтат элем. Анткени англис тилин билбесең чын эле кыйын. Башка өлкөлөр жөнүндө айта албайм, бирок Германияда көп университеттерде, өзгөчө бакалавр немис тилинде окутулат. Бул жакка келүүнү каалагандар немис тилин үйрөнүшү керек. Көпчүлүгү Германияга программалар менен, ыктыярчы болуп, тил студенти болуп же Au Pair программасы менен келишет. Түз эле кесип үйрөнгөнү келгендер дагы бар. Эгер 11-классты бүтүп эле келип окуйм десе университетке дароо эле тапшыра албайт. Анеткени буларда 12-13 жылдык система. Ошондуктан мен Кыргызстанда эки жыл окуп анан бул жакка келип, окуу жайга тапшырдым. Биздин "Кыргыз нетворк" деген уюмубуз бар. сыртта окуп-иштегендер түзүшкөн, мен да ошонун мүчөсүмүн. Былтыр жайында алыскы айылдардагы 12дей мектепке барып, бүтүрүүчүлөр, жогорку класстын окуучулары менен жолугушууларды уюштурдук.

Анда чет өлкөгө окуу, туура кесип тандоо деген сыяктуу темалар боюнча суроо-жооп болду. Айрым бүтүрүүчүлөр бакалав, магистратура деген эмне деп сурап жатышты. Университетке окуйм деген адам буга окшогон нерселерди билиш керек беле деген бир аз таң калуу болду. Бизде мүмкүнчүлүк болгон жок, айылда окуйбуз деп айткандары дагы болду. Бул бир чети шылтоо. Азыр интернеттин заманы, маалыматтын бардыгын таба алат. Долбоордун максаты дагы айылда туруп деле кааласаң көп ийгиликке жетсе боло турганын айтып, көрсөтүү. Экинчиден, аларга үлгү боло турган, мотивация берчү учурлар жок болуп жаткандыр.

- Эмнеге айыл менен шаарларда билим жагынан чоң айырма бар деп ойлойсуң?

- Дагы бир таң калганым дагы ошол. Бардык эле өнүккөн өлкөлөрдө айыл бар. Бирок билим берүүдө болобу, башкадабы айырма билинбейт. Бизде ат менен төөдөй айырма бар. Мисалы немистердин көбүрөөк бөлүгү айылдарда жашайт. Билим деңгээлинен эч айырма жок. Кыргызстанда айылдагылар шаардан аябай эле артта калат, анткени менде мектепти бүткөндө ошондой сезим болгон. Эгер Кыргызстан калкынын басымдуу болүгү айыл жерлеринде жашай турганын эске алганда, канча окуучу көп маалыматтан артта калып жатканын элестетип көрүңүз.

- Немис тилин кантип өздөштүрдүң, оңой үйрөнүүнүн жолун, ыкмасын таптыңбы?

- Германияга келгениме төрт жыл болуп калды. Ар кимдин кабыл алуу, үйрөнүү жолу ар башкача болушу мүмкүн. Мен көбүнчө китеп окуу аркылуу тилди өздөштүрө аларымды байкадым. Алгач жеңилирээк, оңой китептерди, мисалы жомок китептерди окуп баштайм. Улам түшүнүп, үйрөнө баштаган сайын оорураак китептерди окуп дегендей... Башка тилди үйрөнүп баштасам деле ушул ыкманы колдонсом керек.

- Азыр Ганновер университетинин бизнес-информатика факультетинде окуп жатыптырсың. Туура кесип тандоо дагы оңой эмес, жаштар ушул жагынан дагы кыйналат. Сен кесип тандоодо эмнесине көңүл бурдуң?

- Кыргызстанда математика-информатикага тапшырган элем. Бул жакка келгенде менде өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жок болчу, ошого жакын факультетти тандашып керек эле. Келечеги бар, жумуш таба аласың деп бизнес-информатиканы тандагам. өзүм деле ушул тармакка кызыгам.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG