Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Турак жай кооперативине нааразылар көбөйдү


Жаңы курула баштаган көп кабаттуу турак жай. Кыргызстан.
Жаңы курула баштаган көп кабаттуу турак жай. Кыргызстан.

Ички иштер министрлиги акыркы эки айда эле каржылык пирамидаларды уюштуруу боюнча 111 иш козголуп, 91 иш соттун кароосуна жиберилгенин маалымдады. Анын кесепетинен 133 адам жабыркап, алардын тарткан зыяны 61 миллион сомдон ашкан.

"Шарты жеңил дегенине кызыкканбыз"

Базарда соода кылып иштеген Айзада Ырысдөөлөтова үй алуу үчүн S-LINE кооперативине мүчө болгон. Ош шаарынан батир алуу үчүн мүчөлүк акыга 218 миң сом, турак жайдын алгачкы 25 пайыздык төлөмү катары 750 миң сом төккөн. Келишим боюнча 2021-жылы апрелде анын кезеги жетип, үч миллион сомго үй сатып алыш керек болчу. Бирок азырга чейин турак жайын да, акчасын да ала албай жүргөнүн айтты.

“Мүчөлүк акы жана үйдүн 25 пайызынан тышкары, өткөн жыл ар ай сайын 3100 сомдон төгүп жүрдүм. Ошондо жалпысынан 1 млн. 500 миң сомдон ашык акча бердим. Өткөн жылдын март-апрель айында мага кезек келип, үч миллион сомдук үй алышым керек болчу. Андан бери мына акчанын курсу да түшүп кетти. Ош шаарынын өзүнөн эле 103 адам мүчө болгон экенбиз. Кыргызстан боюнча 300дөн ашык киши катталган деп айтышты. Жарнамалары бүт жактан чыгып, шарты да жеңил дегенинен кызыккан элек. Арабызда малын, саан уюн сатып, акчасын салгандар да бар болчу”.

16-мартта S-LINE кооперативинин жетекчиси Бакыт Алиев кармалганын Ош шаардык милициясы кабарлады. Ал жарандарга үй алып берүүнү убадалап, бирок аны аткарбай койгон деп, алдамчылыкка шектелүүдө.

Анын үстүнөн 24 арыз түшүп, алдын ала эсептөөлөр чыгым 40 млн. сом деп бааланууда. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, шектүү ири сумманы өзүнө жана кеңсенин ижарасына сарптаган.

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

"Шектүү чогулган акчадан өзүнө 100 миң сомдон айлык чегерип, 4 млн. сомду кеңсенин ижарасына деп иштетип жиберген. Азыр тергөө уланып жатат. Жабырландым деп арыз жазгандар күн сайын көбөйүүдө. Бир жарым жыл гана иштеген S-LINE коммерциялык эмес турак жай кооперативи алдамчылык менен алектенген “каржы пирамида” катары иш жүргүзүүгө шектелип жатат. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу" боюнча айып тагылды",- деди Сыдыков.

Шектүүнүн адвокаттары жана анын жакындарынан комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Турак жай кооперативдери аркылуу үй алууда түзүлгөн келишимдердин аткарылбай, өз мөөнөтүндө каражатты ала албай калганын айтып, нааразы болгондор чыга баштады. Ички иштер министрлиги өткөн жылдын биринчи алты айында “Каржы пирамида” ишмердүүлүгүнө байланыштуу 906 фактыны каттап, анын чыгымы 35 млн. сом деп баалады. Быйыл 2 айдагы чыгым 60 млн. сомду түзүп, жүздөн ашык иш тергелгенин министрликтин басма сөз кызматкери Адинай Шаршеева белгилейт.

“2022-жылдын эки айында эле Ички иштер министрлиги тарабынан каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча 111 сотко чейинки өндүрүш иши тергелип, анын ичинен 91 сотко чейинки өндүрүш ишинин тергөөсү аяктап, соттун кароосуна жиберилген. Бул фактылардын көпчүлүгү Бишкек шаарында, калгандары Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. 133 адам жабыркап, алардын тарткан зыяны 61 миллион сомдон ашык болгон”.

Каржы пирамида – финансылык алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири. Мында тартылган каражаттар боюнча, киреше жаңы катышуучуларды тартуу жолу менен төлөнүүчү схема болуп саналат. Кыймылсыз мүлктү банк аркылуу сатып алууда төлөмдөрдүн кымбат болушу, мамлекеттик ипотекалык компаниянын бюджети чектелүү экени жарандарды кооперативдерге кайрылууга аргасыз кылууда.

"Доллар кымбаттап, ошондон үй келбей жатат"

Оштун тургуну Анархан Ботоярованын бир тууган эжеси үй алуу үчүн “Ихсан” кооперативи менен 2,5 млн. сом келишим түзүп, анын жарымын берген. Үй алуу кезеги ушул жылдын 5-февралында болчу. Бирок, айтылган мөөнөттө ал берилген эмес.

Анархан Ботоярова.
Анархан Ботоярова.

"Эжем быйыл февралдын башында үй алыш керек эле. Оштун Южный кичи районунан көп кабаттуу үйдөн эки бөлмөлүү батир алмакчы болгон. Батирин саткан адам менен 23 миң долларга келишим түзгөн экен. Кийин ал үйүн ремонт кылып, бааны 28 миң долларга чыгарган. Ошентип үйдү саткандан кийин калган акчаны бул жактан бербей жатат. Андан бери бир ай өттү, акча жок деп жатат".

Кардарларынын нааразылыгынан улам “Ихсан” кооперативинин Оштогу бөлүмү өткөн аптада Ош шаарында маалымат жыйын өткөрдү. Ал жерге уюмдун кызматкерлери жана үй алышкан адамдар дагы кошо барышты. Кезекке тургандардын өз убагында үй берилбей жатканын уюмдун жетекчиси Орозбек Асанов соңку жагдайдагы доллар курсунун көтөрүлүп кеткенине байланыштырды.

Орозбек Асанов.
Орозбек Асанов.

"Мисалы, кардарыбыз 3 млн. сомго үй алайын деди. Доллар курсу 84-85 сомдо турганда үй алайын дешти. Маселенин баары февраль айында болуп жатпайбы. Ушул айда доллар 100дөн ашып кетти. Ошондон үй келбей жатат. Турак жай маселесинде риэлтордук компаниялар, үйлөрүн саткандар болсун, тилекке каршы өзүбүздүн сом эмес, доллар менен жүрүп жатат. Ошон үчүн үй ала албай жатат. Ошондуктан кезекти жылдырууга туура келип жатат. Ушул себептүү биздин кардарлар бир аз туура эмес түшүнүүдө. Андан сырткары кардарлар үй таап келгенде биз аны баалаганыбызда, ал үй менен келишимдеги баа туура келбей калат. Анан кардарларга башка үй издегиле деп, баш тартканга туура келүүдө".

Уюм мындай жагдайдан кийин чечим кабыл алып, 25% каражат бергендерди 2 айга, 35% төлөгөндөрдү 1,5 айга жана 50% төлөгөндөрдүн мөөнөтүн бир айга жылдырды. Оштогу маалымат жыйынында “Ихсан” кооперативинен үй алгандар да катышып, компанияны ишенимдүү деп макташты.

Ош шаары. "Ихсан" кооперативинин кеңсеси.
Ош шаары. "Ихсан" кооперативинин кеңсеси.

Кооператив кризиске кептелдиби?

Жыл башында Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарга турак жай кооперативи сыяктуу күмөндүү уюмдар активдешкенин эскерткен. Ошондой эле мында каржы пирамидасынын белгилери бар экенин айтып, жарандарды этият болууга, бардык документтерди дыкат текшерип, мамлекеттик органдардагы маалыматтар менен салыштырууга, жасалма эместигин аныктоого чакырган.

Каржы тармагындагы эксперт Замирбек Пусуртегиндин айтымында, турак жай кооперативдердин мындай чиеленген жагдайга аралашып калганынын бир нече себеби бар.

"Биринчиден, алар башынан эле мамлекеттик каржы рыногун жөнгө салган кызматтар менен же улуттук банк менен иштеген эмес. Ошондой эле элден акча топтоп аны кайра сарптоонун дагы эл аралык эреже, нормалары бар. Аларды сактаган эмес. Экинчиден, бул уюмдардын иши каржы пирамидасына окшош. Башында акча бергендер үй алуусу мүмкүн, кийин эч ким келбей, кооперативге жазылбай койсо мурун кезекте тургандар үй алалбай калуу коркунучу бар. Үчүнчүдөн, соңку 2-3 жылда турак жайдын баасы кымбаттап кеткендиктен, келишимдеги суммадан чоң айырма чыгып калды. Ал сумманы ким төлөйт деген суроо кооперативдер менен кардарларды талаш жагдайга алып барды".

Экономист бул жагдайдан чыгуунун жолун сунуштады.

"Бул абалды кооперативдер кардарларына ачык айтыш керек. Балким айтып жаткандыр. Менин байкашымча, кээ бир кооперативдер айтпай качып жатыптыр. Кээ бир кооперативдер мыйзамдуу жол издеп жатыптыр. Бул көйгөйдү чечүү үчүн менимче 1 же 1,5 жыл мөөнөт керек. Себеби, 5 айдан соң үй берилет, 8 айдан кийин үй берилет деп кезекте тургандардын мөөнөтү бирдей болуп калды. Экөөнө тең үй бере албай турган учурга келди. Кийинкилердин да кезеги келип калды. Акчаларын кайтаруу үчүн дагы кыйын учур болуп калды".

“Ихсан” кооперативи Кыргызстанда мындан 1,5 жыл мурун түзүлгөн. Алардын айтымында, андан бери өлкө боюнча 3 миң адамга үй-жай алып берген. Азыр дагы 7 миңдей адам кезекте турат. Уюмдун жетекчилиги билдиргендей, кезек коюлган мөөнөтүнөн кечиксе, ар бир күнгө 500 сомдон айып пул төлөнөт.

Турак жай менен камсыздоо - курч көйгөй

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкери Жылдыз Бекбаева кооперативге агылгандарды "аргасыздыктын иши" катары баалап, мамлекеттик компанияга да кайрылгандардын саны көбөйүп жатканын белгиледи.

Жылдыз Бекбаева
Жылдыз Бекбаева

“Акыркы 30 жылдан бери мамлекет тарабынан калкты турак жай менен камсыздоо иши колго алынган эмес. Бул маселени чечүү улам жылып жатып, ушул абалга келдик. Мисалы, Кыргызстанда бир кишиге 13 чарчы метр турак жай туура келсе, Европада ар бир кишиге 40-50 чарчы метрге ээлик кылат. Кыргызстандагы турак жайга болгон муктаждык ушунча көп болгону үчүн кооперативдин тобокелчиликтерин көзгө илбей жатышат. Мамлекеттик ипотекалык компанияга 32 миң киши кайрылды. Алардын 10 миңинен ашыгынын арызы каралып, банктарга жөнөтүлдү”.

Кыргызстандагы ири делген турак жай кооперативинин биринин негиздөөчүсү Акинай Бекмурзаева социалдык баракчасы аркылуу өлкө жетекчилине кайрылып, аларды каралоо жүрүп жатканын айтып, мамлекет менен кызматташууну өтүнгөн. Анда жабылган же убадасын аткара албай калган кооперативдерден зыян тарткандарга жардам бере ала турганын да айткан.

Кыргызстанда жетимиштен ашык турак жай кооперативи каттоодон өткөнү айтылганы менен иштеп жаткандарынын так саны белгисиз.

Өкмөт калкты турак жай менен камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияны 2015-жылы эле ачкан. "Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик турак жай программасы 2021-жылдын 16-сентябрында ишке кирип, 828 үй-бүлө турак жайлуу болгон. Бирок, мамлекеттик ишкананын ачылганына 7 жыл болсо да туруктуу каржыланбай, койгон талаптары үй алуучулар үчүн кыйынчылык жаратып келгени айтылат.

Президент Садыр Жапаров ипотекалык насыялоонун мөөнөтүн 15 жылдан 25 жылга чейин узарткан мыйзамга кол коюп, өзүнүн жер үйүн мамлекеттик компанияга өткөрүп берген. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкери Жылдыз Бекбаева быйыл мамлекеттик казынадан 8,5 млрд сом бөлүнгөнүн, жыл башынан бери 500 млн. сом берилгенин айтты.

“Мамлекеттик ипотекалык компания өкмөт менен биргеликте жеке кооперативдерге альтернатива кылып мамлекеттик кепилдиги бар “Ак-Босого” деген турак жай компаниясын сунуштап жатабыз. Бул ошол эле турак жай кооперативдеринин системасында иштейт. Бирок кооперативдерде кепилдик жок болуп жатпайбы. Алардын арасында каржылык пирамида менен иш жүргүзгөндөрү болуп жатат. Бул компания ушундай тобокелчиликтердин алдын алат деп аракеттенип жатабыз”.

Кыргызстанда 70тей турак жай кооперативи ачылган, азыр анын канчасы иштеп жатканы тууралуу так маалымат жок.

Турак жайга муктаж катары мамлекеттик ипотекалык компанияга жана турак жай кооперативдерине 50 миңден ашык үй бүлө кайрылган.

Расмий эсепке караганда, 2021-жылы Кыргызстанда 7000 турак жай курулган, анын 6200ү жеке имарат, 800ү көп кабаттуу үй.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG