Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 14:38

Баткен: үлүш жерге үй кургандардын көйгөйү


Баткен шаары. 6-январь, 2020-жыл.

Баткен районунда 2500дөн ашык жаран үй-жай курууга жери жок, үлүш жана жайыт жерлерге турак жай куруп алган. Эми ал жерлерди документтештирүүдө маселе жаралып, бийликке кайрылып жатышт. Өткөн жылы президент Садыр Жапаров "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койгон эле.

Баткендин Рават айылынын тургуну, төрт баланын атасы Аскарбек Эркебаев 14 жыл мурда айылдын четине эле өз алдынча үй куруп, көчүп чыккан. Үй салуу үчүн жер берилбей, айла жок бош жаткан талаага отурукташып алганын айтты.

“Айылыбыздын четинен эле атам жер өздөштүрүп, анан ошону иштетип келгенбиз. Мага үй-жай курганга жер тилкеси жок, анан ошол жерге там салып 2008-жылдан бери жашайм. Документибиз жок, справка же башка документ иштери тууралуу барсак, базада жоксуң, каттоого тур дешет. Бизде каттоого туруш үчүн үйдүн документи жок. Үй-бүлөдө алты жан жашайбыз. Биз бирөөнүн жерин же үлүш же суугат жерди алган эмеспиз. Анан ушуга документ жасап беришсе деп суранат элек. Биздин айылда эле 100гө чукул үйлөрдө ушундай документи жок”.

Раваттын өзүндө эле эч кандай уруксат кагазы жок, категориясы аныкталбаган жер тилкелеринде үй салып жашап жаткандар саны сексенден ашык. Ал эми Баткен районунун аймагында эле миң гектарга жакын жерге өз алдынча турак-жай куруп жашап жаткандар бар. Жашоочулар жолун да, суусун дагы, зарыл шарттарды өздөрү жаратып алышкан. Айрымдар жайыт жерди айла жок өздөштүрүп там курса, кээ бирине өкмөттөн расмий жер тилкеси берилип, бирок ал жерлердин документи жок. Алардын бири Нурланбек Ташматов 26 жыл мурда айыл өкмөттөн үй куруу үчүн алган жерине документ алалбай жүргөнүн айтты.

“Бизге 1996-жылы тамарка үчүн деп, 25 сотых жер берген. Анан ага там куруп жашап келебиз. Жол, суу, свет маселесин өзүбүз чечип алганбыз. Кийин эле бул жер үлүшкө берилген жерлер экен, силер мыйзамсыз жашап жатыпсыңар деп чыгышты. Анан үйлөрүбүзгө документ бербей коюшту. Азыркыга чейин документи жок жашап жүрөбүз. Жерге жана башка салыктарды төлөйбүз. Өлкө башчысынан ушул маселени чечип берүүсүн суранат элек. Антпесе, катарда жоктой эле болот экенсиң”.

Мындай үйлөрдө жашагандардын каттоосу жок, иш кагаздары боюнча дайыма маселе жаралат. Элдин мындай катмарынын маселесин чечүү үчүн тиешелүү иш кагаздарын, багыттамалары менен "Кадастр" мамлекеттик ишканасына маалыматтарды жеткиргенбиз дейт айыл башчысы Бакытбек Турдуев.

“Президенттин жерлерди трансформациялоо боюнча жарлыгы чыкандан кийин биз да аракет кылып жатабыз. Айылдагы баардык үйүндө документи жок үйлөрдүн эсебин, карталарын жасадык. Тиешелүү иш кагаздарын чогултуп, "Кадастр" ишканасына тапшырганбыз. Жарандар өздөрү да сураган документтерин чогултуп беришти. Он күн болду баарын тапшырып бердик. Эми аны айылдык деңгээлде чечүү мүмкүн эмес”.

Баткен облусунда турак-жай курууга жер тилкеси тартыш. Чек арадагы чыр-чатактардын көбү жер, суу, жайыт маселесинен улам чыгат дейт жергиликтүүлөр.

Буга чейин уруксаты жок жерге курулган тамдарды түрттүрүп салуу боюнча жергиликтүү бийлик менен укук коргоо кызматтарынын аракетинен майнап чыккан эмес. Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам өткөн жылы 15-августта күчүнө кирген. Бирок, үлүш жана жайыт жерлердин маселеси дароо чечиле койчудай эмес. Мындай багыттагы жерлерди турак жайга которуу үчүн тиешелүү документтер борбордук бийликке сунушталды дейт Баткен район акими Учкун Жоробаев.

“Биздин район аймагында эки жарым миңдей жаран мыйзамсыз жерлерге үй куруп жашап алган. Президенттин тапшырмасынан кийин бул жерлерди мыйзамдаштыруу, маселелерин чечүү үчүн атайын комиссия түзгөнбүз. Азыр ошол комиссия баардык ушундай жерлерди, мыйзамсыз курулуп калган үйлөрдү тактап, зарыл кагаздарын топтоштуруп, жогорку бийликке сунуштадык. Маселе чечилсе эле биз дароо жергиликтүү бийликке тиешелүү милдеттерди аткарууга даярбыз”.

Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатылып кеткен. Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын жер тилкелерин трансформациялоо маселеси узак жылдардан бери чечилбей келген эле.

Унутта калган Ак-Жар
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:34 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG