Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

"Ак үй Кейжи" кооперативинин негиздөөчүсү алдамчылыкка шектелип кармалды


Бишкектеги курулуп жаткан үйлөр.
Бишкектеги курулуп жаткан үйлөр.

Бишкектин Биринчи май райондук милициясы бүгүн, 16-мартта "Белый Дом Кейжи" ("Ак үй Кейжи") кооперативинин негиздөөчүсү алдамчылыкка шектелип кармалаганын кабарлады. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын туругуну аталган кооперативдин жетекчилиги 2021-жылдын күзүндө 679,2 миң сомго үй жана машине убада кылып, алдын ала акча алып, дайынын жашырып кеткенин айтып арызданган. Бул үчүн арыз ээси шектүүгө 369,5 миңден ашуун каражат бергенин айткан.

Милициянын маалыматына караганда, факт Кылмыш кодексинин 209-беренеси менен ("Алдамчылык") катталды. Ишке байланыштуу 34 жаштагы жаран кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Шектүү тарап жана анын жакындары комментарий бере элек.

Мурдараак Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы S-LINE коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирген.

Ал Ошто адамдарга үй алып берүүнү убада кылып, акча алып, бирок аны аткарбай жүргөн деп шек саналууда. S-LINE кооперативине каршы 24 киши арыз жазган. Алар кооперативге кирүү үчүн биринчи 218 миң сом төлөп, кийин ай сайын белгилеген сумманы төгүп турушканын айтышкан. Келтирилген зыян 40 млн. сом деп эсептелди.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны жетимиштин тегерегинде.

Улуттук банк буга чейин элден акча чогултуп, анын үстүнө кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен. Ошол эле кезде кооператив менен там алгандар да көп. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG