Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:17

ЕРӨБ Бишкектеги автобустарды жаңылоого 25 млн. евро насыя берет


Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 25 млн. евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берүүнү пландаштырууда.

Каражат автобустарды сатып алууга жана Бишкек шаарынын автобус паркын оңдоого жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматында, кредиттик каражаттар эки транш менен бөлүнөт. Биринчи транш боюнча 16 млн. евро берилип, эгер макулдашылган шарттар аткарылса, экинчи транш менен кошумча 9 млн. евро бөлүнөт. Насыянын мөөнөтү 12 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү үч жыл. Мындан тышкары ЕРӨБ 8 млн. евро өлчөмүндө грант бөлүүнү пландоодо. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 33 млн. евро каралган.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев автобустар кайсы өлкөдөн алынарына кызыгып, сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов тендер боюнча алты өлкөгө документтер жөнөтүлгөнүн, азырынча кытайлык эки компаниядан гана сунуш түшкөнүн билдирди. Мэриянын маалыматына караганда, алына турган автобустардын баасы 130 миң доллардын тегерегинде.

Парламент жыйынында Бишкекке 2000ге жакын автобус керек экени, автобус токтоочу жайларда газ куюучу базаларды да куруу зарылдыгы белгиленди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG