Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Касым-Жомарт Токаев быйыл Кыргызстанга расмий сапар менен келет


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев быйыл Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

Сапарды уюштуруу иштерин 15-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушууда талкуулады. Казак президенти Бишкекке качан келери так айтылган жок.

Жолугушууда Руслан Казакбаев Кыргызстандын жарандары үчүн Казакстан чек арасын жапканы көйгөй жаратканын, кыргызстандыктарды чек ара бекеттеринен өтүүнү калыбына келтирүүнү тездетүү керектигин билдирди.

Ошондой эле Казакстан Кыргызстанга 1000 тонна буудайды гуманитардык жардам катары берип жатканы белгилүү болду. Андан тышкары Украинадагы кырдаал талкууланып, тараптар жаңжалды тез арада саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салуу боюнча пикирлери бир экенин билдиришти. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG