Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

S-LINE турак жай кооперативинин жетекчиси кармалды


“S-LINE” турак-жай кооперативинин жетекчиси.
“S-LINE” турак-жай кооперативинин жетекчиси.

Ош шаарында S-LINE коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси (А.Б.) убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ал Ошто адамдарга үй алып берүүнү убада кылып, акча алып, бирок аны аткарбай жүргөн деп шек саналууда. S-LINE кооперативине каршы 24 киши арыз жазган. Алар кооперативге кирүү үчүн биринчи 218 миң сом төлөп, кийин ай сайын кооператив белгилеген сумманы төгүп турушканын айтышкан. Келтирилген зыян 40 млн. сом деп эсептелди.

Ош шаардык милициясы кооператив алдамчылык менен алектенген каржы пирамида катары иш жүргүзгөнүн билдирди. Тергөөдө акча берген кээ бир гана адамдар турак-жайга жетип, көбү үй ала албай калганы аныкталган.

Бул факты боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” менен кылмыш иши козголду.

S-LINE түштүк аймактык филиалы 2020-жылдын 23-сентябрында ачылып, 2022-жылдын 1-февралына чейин иштеген. Бул убакыт аралыгында кооперативге 102 киши үй алуу үчүн кайрылган. Алар кооперативдин мүчөлөрү катары S-LINE менен келишим түзүп, кирүү төлөмү катары 218 миң сом, кийин ай сайын акча төгүп турушкан.

Ош шаардык милициясы ушул сыяктуу турак жай кооперативдеринен алданган жарандарды арыз менен кайрылууга чакырды.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны жетимиштин тегерегинде деп эсептелет.

Улуттук банк адамдардан каржылык салымдарды чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен. Ошол эле кезде кооператив менен там алгандар да бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG