Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Орусия Адам укугу боюнча Европа сотуна катышуудан баш тартат


Страсбургдагы Адам укуктары боюнча Европа сотунун имараты . 11-сентябрь, 2019-жыл.
Страсбургдагы Адам укуктары боюнча Европа сотунун имараты . 11-сентябрь, 2019-жыл.

Орусия Европа Кеңешине бул уюмдан чыкканы тууралуу кабарлама берди. Бул тууралуу 15-мартта Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын мурдагы вице-спикери, Мамлекеттик Думанын депутаты Петр Толстой билдирди.

Орусия уюмдан чыккан соң орус жарандары Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрыла алышпайт. Ошондой эле Москва өлүм жазасынан баш тартуу сыяктуу милдеттемелерге байланбайт.

Орусия 1996-жылы Европа Кеңешине кирген. Быйыл 24-февралда Украинага басып киргенине байланыштуу уюм Орусиянын мүчөлүгүн токтоткон. Андан соң Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өлкө уюмдун ишине катышпай турганын жарыялаган.

Буга чейин Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы Орусияны тизмеден чыгаруу сунушун колдоп добуш берген. Негиздемеде Орусия Адам укугу боюнча Европа сотунун чечимдерин жана убактылуу чараларын аткарбай келгени белгиленген.

Документте бул мамлекеттин мүчөлүгү токтотулганда Европа Кеңеши орусиялык укук коргоочулар, демократиялык күчтөр, эркин медиа жана жарандык коом менен өз ара кызматташтыкты улантуу жолдорун карашы керектиги айтылган.

Эгер Орусия Кеңештен өз ыктыяры менен чыкса, анын датасы келерки жылдын 1-январынан башталат. Уюмдун Министрлер комитети өз чечими менен Москванын мүчөлүгүн өзү белгилеген күндөн тартып токтотушу мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG