Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:41

БУУ: Украиналык качкындардын саны 3 миллионго жетти


Польшанын аймагына качып барган украиналык качкындар. 9-март, 2022-жыл.
Польшанын аймагына качып барган украиналык качкындар. 9-март, 2022-жыл.

Орусия "атайын аскердик операция" деген аталышта согуш баштагандан бери Украинадан 3 миллиондон ашык адам чыгып кеткенин Франциянын AFP маалымат агенттиги 15-мартта БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку башкармалыгына шилтеме берип, маалымат таратты.

Эл аралык миграция уюму да бул маалыматты тастыктап, согуш болуп жаткан аймактардан качкан украиналыктардын саны 3 миллиондон ашканын, анын 1,4 миллиону жаш балдар экенин билдирди.

БУУнун Качкындар иштери боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча, 15-мартка карата Украинадан 2 миллион 969 миң 600 адам чыгып кеткен.

Башкармалыктын айтымында, согуштан качкан украин жарандары негизинен Польшанын, Румыниянын, Молдованын, Венгриянын, Словакиянын жана Орусиянын аймагына өткөн.

Качкындар боюнча жогорку комиссар Филиппо Гранди мурдараак Украинадан качкандардын саны “Европадагы Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң чоң көрсөткүчкө жеткенин айтып, муну өтө чоң качкындар кризиси” деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG