Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:38

Аялын мыкаачылык менен сабаган чет элдик адам издөөгө алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы аялын бычак менен коркутуп, мыкаачылык менен сабаган чет өлкөлүк жаранга издөө жарыяланганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 14-мартта болгон. 28 жаштагы аял күйөөсү, Түркиянын жараны Бишкектеги Логвиненко көчөсүндөгү үйүнөн төрт саат сабаганын билдирип, милицияга арыз жазган.

Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Медина Дүйшеева аттуу интернет колдонуучу күйөөсү сабаганын жазып, видео, сүрөттөрүн жарыялады. Бул коомчулукта талкууга алынып, социалдык тармактын колдонуучулары сабаган кишини жоопко тартуу талабын коюп жатышат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG