Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

ИИМ: Быйыл эки айда каржы пирамидаларына 133 киши алданды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы ушул жылдын эки айында 133 киши каржы пирамидасына алданып, 61 миллион сом чыгым тартканын билдирди.

Бул убакыт аралыгында министрлик каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча 111 ишти тергеп, 91ин сотко өткөрдү. Бул фактылардын көбү Бишкек шаарында, калгандары Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган.

ИИМ каржы пирамидасы – финансылык алдамчылыктын эң кеңири таралган түрү экенин кабарлады. Мекеме шылуундар кыймылсыз мүлктү, облигацияларды жана акцияларды сатып алууну сунуштап, курулушка жана айыл чарбага инвестиция кылуу боюнча убада беришерин эскертти.

ИИМ элди жеңил жана тез киреше табууну сунуш кылган каржы пирамидаларына алданбоого чакырып, алардын иши мыйзамсыз экенин кабарлады. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG