Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Жогорку Кеңеште жаңы эки депутат ант берди


Элвира Сурабалдиева жана Мейкинбек Абдалиев.
Элвира Сурабалдиева жана Мейкинбек Абдалиев.

Бишкектин Биринчи май округунда 27-февралда өткөн кайра шайлоону уткан Элвира Сурабалдиева 16-мартта Жогорку Кеңеште ант берди.

Ал 2015-жылы КСДП партиясынан депутат болгон. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен катышкан жана 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин вице-премьер-министр болуп төрт ай иштеген.

Былтыр ноябрда өткөн парламенттик шайлоого “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышкан Мейкинбек Абдалиев да ант берди.

Ал Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалып, депутаттык мандатын тапшырган Равшан Сабировдун ордуна келди. Абдалиев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында бир жылдан ашык убакыт депутат болуп иштеген.

Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укугу ал парламентте ант берген күндөн тартып күчүнө кирет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG