Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Кыргызстанда ыдык көрсөтүүгө каршы өнөктүк башталды


Сүрөтчү Татьяна Зеленская тарткан иллюстрация.
Сүрөтчү Татьяна Зеленская тарткан иллюстрация.

Евробиримдик жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) “Теңдик нуру” демилгесинин алкагында социалдык тармактарда ыдык көрсөтүүгө каршы маалыматтык өнөктүк башталды.

Анын алкагында ыдык көрсөтүү деген эмне экенин түшүндүргөн кыргыз жана орус тилдеринде видеолор тартылып, сүрөтчү Татьяна Зеленская иллюстрацияларды даярдады.

Өнөктүктүн негизги максаты - ыдык көрсөтүүнүн түрлөрү тууралуу маалымат берип, ага кабылган окуяларды коомчулукка жеткирүү.

Маалымат боюнча, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болот. (“Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясы” жүргүзгөн изилдөө).

Ыдык көрсөтүү же харассмент – кимдир бирөөгө болгон олдоксон тамаша, кыймыл-аракет, жест, үн чыгаруу, мазактоо, сексуалдык ыдык көрсөтүү. Ыдык көрсөтүү жумушта, көчөдө, же социалдык тармактарда болушу мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG