Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:44

CAFA U-18: Кыргызстандын футболчу кыздары үчүнчү орунду алды


Кыргызстандын футбол боюнча кыздар өспүрүмдөр курама командасы.

Кыргызстандын футбол боюнча 18 жашка чейинки кыздар курама командасы Ташкентте өткөн CAFA U-18 Women’s Championship турниринде үчүнчү орунду алды.

Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлиги Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Ирандын курама командасы 9 упай менен биринчи орунга чыкты. Өзбекстан менен Кыргызстандын командаларынын упайлары 4-4 болуп, Өзбекстан курамасы голдордун айырмачылыгы боюнча экинчи орунга жазылды. Тажикстандын футболчулары төртүнчү болушту.

Турнирдин Fair play сыйлыгы Кыргызстан курамасына тапшырылды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG