Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

Башкы прокуратура Соода-өнөр жай палатасынын вице-президентин кармады


Башкы прокуратуранын имараты.
Башкы прокуратуранын имараты.

Башкы прокуратура Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлады.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, ал мамлекетке көп суммада зыян келтирген деп шек саналууда.

Тергөөдө 2009-жылы Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти жана анын өнөктөшү (Д.Н.Э.) Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен түзүлгөн келишимдин негизинде кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп, 117 млн. сомго ун сатып алышканы аныкталган.

Алар келишимдеги милдеттерин аткаруудан качып, 12 жыл бою сот органдарына негизсиз арыздар менен кайрылып жүргөнү, жыйынтыгында, мамлекетке 117 млн. сом зыян келтирилгени айтылды.

Мындан тышкары, шектүүлөргө С.А. аттуу адамдын ишенимине кирип, ага күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү 15 млн. 705 миң сомго сатып, ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген деген да айып коюлду.

Башкы прокуратура Соода-өнөр жай палатасынын вице-президентинин аты-жөнүн толук жарыялабай, инициалын (Ш.К.А.) гана таратты. Соода-өнөр жай палатасынын сайтында Шатманов Канатбек Асылбекович вице-президент экени жазылып турат. Экинчи шектүүгө эл аралык издөө жарыяланды.

Алардын адвокаттары же жакындары бул иш боюнча комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG