Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Текебаев менен Чотоновго жалаа жапкан Маевский 11 жылга кесилди


Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Леонид Маевский.
Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Леонид Маевский.

“Ата Мекен” партиясынын лидерлери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду соттоткон Орусиянын жараны Леонид Маевский опузалоо фактысы боюнча 11 жылга эркинен ажыратылганын «Коммерсантъ» басылмасы жазды. Москванын Мещанский райондук соту Мамлекеттик думанын экс-депутаты, «Юнитайл» холдингинин мурдагы акционери Маевскийге өкүмдү 17-мартта чыгарганы маалым болду.

Маевский жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөй турган болду. Аны менен кошо айыпталган юрист Владимир Афонькин менен "Юнитайлдын" басма сөз катчысы Максим Букин 10 жылдан соттолду.

Соттогу материалдарга ылайык, Маевский 2018-жылы «Альфа-групп» жана «А1» компанияларынын топ-менежерлеринен жана мурдагы жетекчилеринен 37,5 миллион долларды опузалап өндүргөн. Жабырлануучулардын арызы менен Маевский 2018-жылы кармалган.

Маевскийдин жана Алексей Модин аттуу орус жаранынын көрсөтмөсүнүн негизинде 2017-жылы «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаал министри Дүйшөнкул Чотонов «Мегаком» иши боюнча ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин "саясий куугунтугу" катары баалашкан.

2019-жылы Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы сот чечимдеринин баарын жокко чыгарып, Текебаев менен Чотоновду камактан бошоткон. 2021-жылы эки саясатчы тең толук акталган.

“Ата Мекендин” лидерлеринин соту жүрүп жатканда Маевский Бишкекке келип, сотто аларды каралаган көрсөтмө берген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG