Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

"Кимди депутат кылуу боюнча тизме болгон"


"Кимди депутат кылуу боюнча тизме болгон"
please wait

No media source currently available

0:00 0:44:43 0:00

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Жогорку Кеңештин төрагасынын мурдагы орун басары Бахтияр Фаттахов болду.

Ал маегинде мамлекеттик кызматка кантип келгенин, кантип министр болгонун, ара жолдо калган “Биримдик” партиясы, Акаевдин Өзбекстанга биринчи расмий сапары, бийликтин шайлоо тизмесине кирбей калганы, Мадумаров менен шайлоого бирге барганы, Ош окуяларынын себептери, кесепеттери ж.б. кеп козгойт.

- Бактияр Азизович, сиз президент Аскар Акаевди эстеп калдыңыз. 1992-жылы Кыргызстандын туңгуч президентинин Өзбекстан Республикасына расмий визити даярдалып, кайсы документтерге кол коюу керектиги жөнүндө иш-чаралар болгон экен. Ошого сиз катышкан экенсиз. Расмий делегациянын мүчөсү болуп да барыптырсыз. 1990-жылдагы кандуу окуядан кийинки Кыргызстандын президентинин Өзбекстанга жасаган биринчи расмий визити кандай болду эле, кандай кырдаал эле, кандай ишке ашты? Өзбекстан кандай тосуп алды?

- Биринчиден, мен 1990-жылдагы окуяны изилдеген депутаттык комиссияда дагы иштедим. Анан менин аткаруу комитетинин төрагасы катары жумуштарыма туура, калыс баа берилген эле. Ошон үчүн эгемендүү Кыргызстандын биринчи өкмөтүнө мүчө болуп чакырылып, Насирдин Исанович өкмөттү жетектеп турганда Антимонополиялык комитеттин төрагасы болдум. Мен кыргыз элине, кыргыз өкмөтүнө, президентине аябай ыраазымын, мени ушундай бир чоң даражада кармап келгенине, менин бешенеме ушундай жазылган экен.

Ошондо президентке сунуштарды айттым: “Аскар Акаевич, Ислам Абдуганиевичти Кыргызстанга чакырсаңыз, Жалал-Абаддагы “Сузак” чайканасынан тоcуп алалы. Ошол жерге келгенде сиз ал кишиге калпак кийгизип, ал киши сизге допу кийгизсе жакшы болот эле” дедим. Мен бекеринен делегациянын курамына кошулуп калган жокмун да. Ошентип, ошол сунуш өттү. Каримов жумушчу сапары менен Кыргызстанга келип, биз болжогон жерде жолугушуу болгон. Кийин парламент депутаты Төлөгөн Касымбековго барып, эки өлкө ортосундагы “Түбөлүк достук” келишимин жасайлы деп демилге кылдым. Ал киши колдоп, өйдө жак жактырып, ал документке да кол коюлду. Акаевдин ал расмий сапары дагы эле көз алдымда турат. Бизди Өзбекстан тарап аябай жогорку деңгээлде тосуп алган.

- Акаевдин доорунда Кыргызстанда көп партиялуулукту киргизүү, партиялардын түзүлгөнү активдүү боло баштады. Ошол учурдагы өкмөт башчысы Амангелди Муралиев, сиз ж.б. белгилүү саясатчылар, ишкерлер чогулуп, “Бирдиктүү Кыргызстан” деген партия түзүп, чоң-чоң максаттарды койдуңуздар эле. Анан ал партия кийинки шайлоолордо, кийинки бийлик үчүн кармаш, күрөштөрдө көрүнбөй эле калдыңыздар да. Партияны эмне үчүн түздүңүздөр эле?

- Мен ар дайым кыргыз-өзбек ынтымагынын жолундамын, ушул партиянын түзүлүшүндө дагы ошол саясат үчүн аралашкам. Партиянын лидери Амангелди Муралиев болду, экинчи киши мен болдум. Максат - элдин биримдиги, Кыргызстандын улутуна карабай ким болбосун, Кыргызстандын жараны болсун, Кыргызстандын патриоту болсун өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошсун деген саясат менен “Биримдик” деген партия түзгөнбүз. Тилекке каршы, кийин Амангелди Муралиев аткаруу бийлигине өткөндөн кийин партияга көп көңүл бурулбай калды. Анан бул партиянын аткаруучу директорлору жакшы иш алып бара албай калды. Биздин команда жакшы биримдикте боло албады.

- Сиз парламент депутаты да болгонсуз. Акаев заманында, анын администрациясында кайсы округдан кимди депутаттыкка өткөрүш керек, деген тизмелер болгону айтылат. Ушундай көрүнүш бар беле?

- Чын-чын, болгон. Мен Жогорку Кеңешке шайланып, төраганын орун басары болуп, Ак үйдүн 606-кабинетинде отуруп калдым. Мурда ал жерде президент администрациясынын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси отурган экен. Ошол жерде бир “ватман” кагаз чыкты, ал жерде мен “өтпөй тургандардын” тизмесинде экенмин. Ал анык эле ошондой болгон. Анан дагы бир нерсени айтып кетейин. Жогорку Кеңешке шайлоого партиялардын “Демократиялык кучтөрдүн союзу” деген блогу түзүлүп калды. Анда Чыңгыз Айтматов, Борис Силаев, мен Кыргызстандагы эң ири этностордун өкүлдөрү катары биз элди ынтымакка, биримдикке чакырып жүрдүк. Натыйжада, коммунисттер 5 орун, биз 4 орун алып парламентке келдик.

- Анан өзүңүз эмне үчүн депутат болбой калдыңыз?

- Ал тизмени кийин өзгөртүшүп, мени 10-кылып коюшуптур. Ошол 4 орундун 2 орунуна добуштарын мен алып келгениме карабай депутат болбой калгам.

- Бактияр Азизович, сиз Кыргызстандын саясатында, түштүк жергесинде өзгөчө ордуңуз бар инсансыз. Сизди ошол депутаттыкка үгүттөп жаткан учурда, депутаттык ат жарыштарга салып жаткан учурда же болсо өкмөттүн мүчөлүгүнө кызматка келе жаткан учурда Бактияр Фаттаховду өзбек болгону үчүн пайдаланган учурлар көп болду деп калышат.

- Жок, мен ага кошула албайм. Мен кайсы жерде иштебейин, өзбек болгонум үчүн министр болгон жокмун, өзбек болгонум үчүн төраганын орун басары, депутат болгон жокмун. Мен ошол адамгерчилигим, билим деңгээлиме жараша, Кыргызстандын кызыкчылыгына жаным менен аракет кылганымдын натыйжасында келдим. Анан айтат элем, өзбек баласы Өзбекстанга же Орусияга кетип калбасын, ушул жерде иштесин, билим деңгээли жакшы болсо, атаандаштыкка чыдамдуу болсо, элдин элегинен өтүп, жогору даражаларга жетсе болорун көрсөтөйүн дедим. Элдин, жаштардын алдында азыркы күнгө чейин жүзүм жарык, кудайга шүгүр. Ишимди так алып бардым.

- Сиз 2015-жылы парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан - Эмгек” партиясы менен ат салышкан экенсиз. Сиз эмне үчүн Мадумаров менен Салымбековдун партиясына кошулгуңуз келди?

- “Эмгек” партиясын ЖК шайлоосуна чейин эле Ош шаардык кеңешине алып чыкканбыз. Партиянын атынан өкүл болуп барып колдогонбуз. Аскар Салымбеков менен биз эски досбуз да, биздин балдарыбыз бирге мектепке барып, бир класста болуп, бирге чоңоюшту. Азыркыга чейин биз досбуз. “Эмгек” партиясы менен “Бүтүн Кыргызстан” менен кошулуп калганы, Аскар Салымбеков менен Адахан Мадумаровдун деңгээлинде чечилген маселе. Мен бул партияга кошулуп жатканда Адахан Кимсанбаевич менен жолугуп, “бешенеге жазылып бир партияда болуп калыпбыз, “эми элге барганда кыргыз менен өзбекти ынтымактуу кылалы, эки элдин биримдигин күчөтөлү, ушул сунушка макул болсоңуз мен барайын, болбосо мен өзүмдүн ой-пикирим менен жашаган адаммын” дедим. Макул болуштук.

- Сиз Адахан Мадумаров менен макулдаштык деп жатпайсызбы, шайлоонун жүрүшүндө кол алышкандар аткарылдыбы?

- Ооба, ал киши эл менен жолукканда, чоң-чоң стадиондордо жолукканда "биз Бактияр Азизович менен келдик" деп айтып жүрдү. Адахам Кимсанбаевич өзбек адабий тилинде мыкты сүйлөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG