Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

“Министр болгонумду радиодон уккам”


"Министр болгонумду радиодон уккам"
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:22 0:00

"Министр болгонумду радиодон уккам"

Кыргыз Республикасынын мурдагы вице-премьер-министри Өктөмкан Абдуллаева “Бийлик сырлары” берүүбүздүн коногу болду. Ал жоопторунда кимдин таасири менен финансист болгону, министрдин орун басарына ким сүрөгөнүн, өзү билбей министр болуп дайындалганын, кадр тандоодогу “түндүк-түштүк” фактору, өзү баш тарткан өкмөттүк кызмат тууралуу айтып берди.

- Өктөмкан Абазовна, Сиз 1994-жылы 1-апрелде Кыргызстандын финансы министринин орун басары болуп дайындалып жатасыз, сизди ал кызматка ким алып келген?

- Ал мындай болгон, 1990-жылы Ошто кандуу окуя болбодубу. Ошондо жаңжалдын кесепетин жоюу боюнча премьер-министр Апаз Жумагулов Ошко барып, чоң жыйын курат. Анда мен Ош шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы катары каржы анализин жасап, жадыбалдарды түзүп алып, өкмөттүн алдында билдирүү жасагам. Ошондо ал киши мени таанып калыптыр. Кийин менин курсташым Камчыбек Шакиров финансы министр болуп калды. Бир күнү телефон чалып, “мага орун басар болуп келбейсиңби” деп сунуш кылып калды. Ал кезде Ошто Абдыганы Эркебаев губернатор эле, бир нерсе деп жаман айта албайм, бирок, баарыбызды текшерте баштаган. Мен буйрукту алып барсам, “мен сиз жөнүндө уктум, ишиңиз жакшы экен, калып иштеңиз” деди губернатор. “Апаз Жумагулов болуп баарынан өтүп койдум, документке кол коюлуп калды” дедим. Ошентип министрдин орун басары болуп калгам.

- Сиз ал кызматка 1994-жылы 1-апрелде дайындалыпсыз, сизди алып келген министр Камчыбек Шакиров 6-апрелде жумуштан бошотулуп жатат, жалгызсырап калган жоксузбу?

- Биринчи күндөрү ошондой эле болду. Албетте, Камчыбек Шакировичке ишенет элем. Ал кездеги кадрлар абдан күчтүү эле. Ага мурдагы министр Алиаскар Токтоналиевдин эмгеги чоң, ал киши финансы, банк секторундагы кадрларды тандоо, дайындоо боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы эле. Ошол учурдун мыкты кадрларынын бири Кемел Касымкулович Нанаев министр болуп келди.

- Эки жылга жетпей министрдин биринчи орун басары болуптурсуз, министр Нанаевге жаксаңыз керек?

- Жаккан, жакпаганымды билбейм. Кемел Касымкуловичтин бир ыкмасы бар эле. Ким менен иштегиси келсе аябай урушат эле, иштегиси келбегендерди чакырбайт да, сүйлөбөйт да болчу. Мисалы, Камчыбек Шакировдун убагында Ысык-Көлдөн министрдин орун басары болуп келген, жакшы эле иштеп жаткан кесиптешимди жыйналышка чакырбай, тапшырма бербей жүрдү. Акыры ал өз арызын жазып жумуштан кетип калган. Мына ушундай заман болгон.

- Сиз өзүңүз кызматтан кызматка жогорулап жатканда, дегеле кадрдык дайындоолор болгондо “түндүк-түштүк” деген фактор байкалчу беле?

- Анысын билбейм, бир жолу мындай болду. Нанаев финансы министри болуп турганда “Оштон эки киши алып келчи” деп мага айтып калды. Ошондо мен Карымшаков, Кожошев деген жигиттерди Финансы министрлигине алып келгем. Арзыбек Кожошев азыр биринчи вице-премьер министр болуп иштеп жатат. Искендер Гаипкуловду Ош облустук салык инспекциясынын жетекчиси кылып Кемел Касымкулович дайындаган.

“Түндүк-түштүк” факторун сурап жатпайсызбы, бир окуяны айтып берейин. Мен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусун жетектеп турганда бир журналист “сиз нарындык, ысыккөлдүк кадрларды бошотуп, жалаң оштуктарды алып жатыптырсыз” деп суроо узатып калды. Мен дароо айттым, “азыр кадрлар бөлүмүнө айтып коем, мен кимдерди кызматка алыптырмын баарып көрсөтүп беришет, барыңыз” дедим. Кийин баягы кабарчы келип, менден кечирим сурады. Көрсө мен эки нарындык, эки ысыккөлдүк адистерди жумушка алган экенмин, оштуктарды жумушка дайындабапмын. Мен иштеген учурда орто звенодогу кадрларды алмаштырган эмесмин, аларды бошото коюу оңой эмес. Алар керек болсо маселени министрден да кыйын билишет.

- Сизди 1999-жылы эмне үчүн Эмгек жана социалдык коргоо министринин биринчи орун басары кызматына которуп коюшту деп ойлойсуз, же саясий интрига болгонбу?

- Ал жерде саясий интрига да болгон. Атын айтпай эле коёюн бир депутатка менин ордум керек болгон экен. Анда Марат Султанов финансы министри болуп калган. Мага финансы инспекциясын жетектөөнү сунуш кылышты. Ага макул болуп кетейин деп жатсам, Мира Жангарачева Социалдык коргоо министри болуп калды. Ал телефон чалып, “мен финансы жагын жакшы түшүнбөйм, мага орун басар болуп кел” деп чакырып калды. Ошентип, ал киши менен иштешип калдым.

- Мира Жангарачева мүнөзү, кыялы жеңил айым эмес, тил табышып иштеше алдыңызбы?

- Ушул суроону мага Кемел Касымкулович Нанаев да берди эле. Албетте, экөөбүздө тең “кыялыбыз” бар эле. Биз менен иштегендер “кезек-кезеги менен урушуп койчу элеңер, башыбыз айланганда кайда барарыбызды билбей калчубуз” деп эстеп калышат. Бирок, мен Мира Камиловна менен жакшы мамиледе иштештим, азыр да бири-бирибизге жакшы пикирдебиз, байланышып турабыз.

- 2007-жылы сизди президент Бакиев өзүңүзгө айтпай эле Эмгек жана социалдык коргоо министри кылып дайындап койгон деп угуп калдым... Ушундай болгонбу?

- Андай да болгон. Бир күнү кызматтык машине менен жумушка келе жатсам, радиодо “Абдуллаева эмгек жана социалдык коргоо министри болуп дайындалды” деп жатат. Түшүнбөй калдым. Ишке кирип дароо министр Семененкого кирдим. Ал дагы ошондо угуптур. Мени менен жогору жактан эч ким сүйлөшкөн, сунуш кылган да эмес. Мурда Семененко “сен министр болушуң керек” деп өзү айтып жүрчү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG