Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

"Москва чек ара маселесин чечүүдө бизди уккан эмес"


“Чек ара боюнча каттарга Москва жооп берген эмес”
please wait

No media source currently available

0:00 1:19:46 0:00

“Чекара боюнча каттарга Москва жооп берген эмес”

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргызстан география коомунун президенти, профессор Саламат Аламанов болду.

Ал маегинде Кыргызстандын чек ара тилкелеринин аныкталышындагы совет бийлигинин чечимдери, анын аткарылышы, улуттук аймактарды аныктоодо Ташкенттин таасири, ага Москванын мамилеси, дегеле кошуналар менен чекара маселелери кантип чечилиши керек деген суроолорго жооп берди.

- Саламат агай, кепти Кыргызстандын аймагындагы анклавдардын пайда болуу тарых-таржымалынан баштасак. Өзбекстанга караган Сох, Тажикстанга караган Ворух анклавдары кандай максатта, кандай жагдайда, качан, кайсы бийликтин чечими менен пайда болгон?

- Тарыхка кайрылсак, 1924-жылы биз Кара кыргыз автоном облусу болуп Орусияга карап турганбыз, Тажикстан Өзбек АССРинин курамында болгон. Ошол жылдары аймактарды жөнгө салуу, чектерин тактоо, башкаруу деген маселелер чыккан. Орто Азия республикаларынын аймактык-административдик жерлерин кантип аныктайбыз, кандай чечебиз деген суроолор турган. Анан Түркстан АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин чечими менен төрт багыттан турган жобо (критерий) иштелип чыккан. Биринчиси, кайсы жерде бир улуттун өкүлдөрү басымдуулук кылса, ошол улуттун атындагы республикага кошулат. Экинчиси, шаар же базар кайсы калктын кызыкчылыгын көбүрөөк камсыз кылса, ал аймак да ошол улуттук бирдикке кирет. Үчүнчүсү, калыптанып калган суу бөлүштүрүүчү системаларды бузбаш керек. Төртүнчүсү, чек аралар ийри-буйру эмес, түз сызыктар менен чечилиши керек деген жоболор иштелип чыгат.

- Анда эмне үчүн жалаң тажиктер жашаган Сох анклавы Өзбекстанга карап калган?

- Башында Тажик автоном облусу Өзбекстан АССРинин курамында болгонун айттым. Кийин 1929-жылы бөлүнүп чыкканда тажиктер жашаган Ворух Ленинабадга (азыркы Кожент) жакын болгондуктан Тажикстанга кошулат. Сох анклавы болсо Тажикстандын негизги аймагынан бир топ алыста болуп, Ферганага жакын болгондуктан Өзбекстанга кошулуп калган. Тилекке каршы, мен жогоруда кеп кылган төрт багыттан турган жобонун талаптары аткарылган эмес. Мисалы, жалаң кыргыздардан турган айрым айылдар Сох анклавына карап калган учурлар болгон.

- Совет бийлиги улуттук республикаларды түзүүдө калктын курамын эске алган деп айтып жатпайсызбы. Эмне үчүн жалаң кыргыздар жашаган Мургаб, Жерге-Тал райондору Тажикстанга карап калган, ага эмне негиз болгон?

- Биринчи Мургаб жөнүндө айталы. 1924-жылы чек араларды аныктоо боюнча комиссия иштейт, анын корутундусу менен Мургаб Тажикстандын курамына кирип калат. Ага чейин ал жер “Көчмөн кыргыз болуштугу”, же “Орусиянын Памири” деп аталып келген. Тажиктер жанагы комиссия болгонго чейин эле Москвага каттарды жазышып, "Мургаб бизге ыңгайлуу жер" деп суранышат. Анан Петровский деген билерман эки аргументтен турган негиздеме жазып берет. Өзү Мургабга барган эмес, көргөн эмес, бирөөлөрдүн айтып бергенине ишенип жазып койсо керек. “Биринчиси, ал жерде бир аз эле кыргыздар бар, боз үйлөрдө (кибиткаларда) жашашат. Экинчиси, Кыргызстан аларга жардам деле бербейт, экономикалык алака жок, алардын негизги карым-катышы Дүйшөмбү шаары менен болот” деп жазып берип коет баягы Петровский. Документтерге таянсак, Мургабды Тажикстанга кошуу жөнүндө Кыргыз автоном облусу менен кеңешкен эмес, сурап да койгон эмес, жогору жактан Ташкент, Москвада өздөрү эле чечип коюшкан. Ошондуктан кыргыз өкмөтүнүн азыр да Мургаб боюнча маселе көтөрүүгө негизи, жүйөсү бар.

Ал эми Жерге-Тал боюнча маселе башка, ал аймак башында эле документ түрүндө Тажикстанга карап калган.

- Кыргызстандын аймагындагы Шахимардан анклавын ошол кездеги башкаруучулар өзбек жетекчилерине белекке берип жиберген, картага уттуруп койгон деген кептер бар, чындыгы барбы?

- Бул суу кечпеген аңыз кеп, биз документтер менен гана сүйлөшүбүз керек. Тескерисинче, Кыргызстандын ошол кездеги жетекчиси Абдыкадыр Орозбеков “Шахимарданда өзбектер мыйзамсыз айылдык советин уюштуруп алышты, ал кыргыздын жери, кайтарып бергиле” деп Москвага кат жазган.

- Орозбековдун катына жооп болгонбу?

- Эч жооп болгон эмес. Маселенин баары ушул жерде жатат. Ал кездеги документтерге таянсак бир кызык нерсени байкайбыз. Москвадагы орустун билермандарынын пикирлерин, жазгандарын окусак Өзбекстанды Орто Азия республикаларынын баштоочусу катары карашат, маселелерди чечүүдө Ташкенттин көз карашын эске алуу керек деген бүтүмдөрдү байкайбыз. Дегеле, ошол учурда Сталинге чейин жазылган кыргыз тараптын каттарына, кайрылууларына көпчүлүк учурларда жооп болгон эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG